“Новости-Казахстан” агенттиги кабар беришинче, 23-июнда Алматы-Астана автотрассасында жүз берген жол кырсыгынан Кыргызстандын беш жараны курман болгон. “Mercedes Vito” микроавтобусу “Setra” автобусу менен кагышып кетип, 4 жаш бала жана 1 аял киши көз жумуп, дагы 4 адам түрдүү деӊгээлде жараат алган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Алматы облусунун Жамбыл районунда болгон жол кырсыгынан каза тапкан беш адамдын ким экени такталды. 23-июнда алардын сөөктөрү Жамбыл районунун Узынагаш ооруканасына жеткирилген. Кыргызстандын төрт жараны ар кандай жаракат менен ооруканага түштү. Арасында айдоочу да бар.
Каза тапкандар:
- Махамадалиев Исламжон Исраилжанович, 2002-жылы туулган;
- Махамадалиев Илёсбек Исраилжанович, 2007-жылы туулган;
- Махамадалиев Ибрахимжон Исраилжанович, 2003-жылы туулган;
- Алишерова Нурсулуу Базарбаевна, 1982-жылы туулган.;
- Тойчиева Албина, 2002-жылы туулган.
“Албетте биз Аллахтыкыбыз, жана албетте биз Ал затка кайтуучуларбыз”
Караганда облусунун Приозерск шаардык ооруканасына түшкөндөр:
- Казыбеков Ислам Жолонович, 1978-жылы туулган. Ош облусунун Кара-Суу районунун Правда айылынын тургуну.
- Мамыталиев Муктарбек Жээналиевич, 1987-жылы туулган. Аксы районунун Авлетим айылынын тургуну.
- Бердибай уулу Керээз, Базар-Коргон районунун тургуну.
- Ошондой эле 1980-жылы туулган айдоочу Махамадалиев Исраилжан Ахмадалиевич Балхаш шаардык ооруканасында жатат. Ал жол кырсыкта каза тапкан үч баланын атасы.
Биз, Туркистон сайтынын кызматкерлери улуу Рамазан айында жол кырсыгынан көз жумган мекендештерибизди Аллах Өз рахматына алышын, кылган солих амалдарын өздөрүнө шерик кылышын Аллах Тааладан сурап калабыз. Алардын жакындарына сабыр беришин сурап, аза кайгысын теӊ бөлүшөбүз.
Жараат алгандар тезирээк айыгып, жакындарынын жанына кайтып келишин о.э. калган өмүрүн Аллахтын ыраазылыгы жолунда, Аллахты ыраазы кыла турган иштер менен жашап өтүшүн тилеп калабыз.
Туркистон.