Россияда христиан дининин протестанттык агымынын өкүлдөрү президенттен № 1039149-6-мыйзамды кабыл албастыкты суранышты

326
0

Россияда христиан дининин протестанттык агымынын өкүлдөрү президенттен № 1039149-6-мыйзамды кабыл албастыкты суранышты

Туркистон:

23-июнь күнү Россия Протестанттык чиркөөлөрдүн бириккен борбору парламент сунуштап жаткан “терроризмге каршы федералдык мыйзамчылыкка өзгөртүүлөрдү киргизүү” туурасындагы (№ 1039149-6) мыйзамды жокко чыгарууну суранып президент Путинге кат жолдошту.

Анда депутаттар көтөрүп чыгып жаткан бул долбоордо ар кандай диний адамдын акы-укуктары чектелип коюлат деп айтылат. Ал катта: “Диний адамдар билген нерселерин жана жашоо образы болгон диний иштерин башкаларга жеткирүүгө буюрулушкан. Жогорудагы мыйзам долбоору ар кандай диний даъватты жана ибадаттарды диний ибадатканалардан тышкаркы жерлерде жайылтуу, сыйынуу жана үгүттөө иштерине бүтүндөй тыюу салып коёт.  Бул абал болсо, ар кандай диний адам үчүн анын конституциядагы укуктарын тебелөө болуп эсептелет. Ар кандай адам эркин сыйынуу жана аны каалагандай жайылтуу укугуна ээ болушу керек”,- деген маанидеги сөздөр жазылган.

Хизб ут-Тахрир дүйнөлүк куфр системасына каршы Ислам Акыйдасы негизинде мабдаъий, саясий күрөшүндө христиан, яхудий жана башка дин өкүлдөрүн атаандаш деп билген эмес. Бул диндердин биринин да дүйнөлүк мабдаъий башкаруу жөндөмү жок. Алар да кудум Ислам дини сыяктуу турмуштан алыстатып коюлушкан. Айырмасы, Ислам дининде дүйнөнү башкаруу үчүн мабдаъий кубат бар болуп, ал күрөшүүчү касиетке ээ.

Адамзат түшүнүп алышы керек болгон чекит ушул, Ислам демократияга негизделген капиталисттик же коммунисттик системалар менен күрөшүп жатат. Бул системалардын бирер динге тиешеси жок жана болгон да эмес. Алардын тарыхта диндерди чүмбөт кылып алып бийлигин жүргүзгөн абалдары болгон. Бирок, куфр системасы эч качан бирер динге башкаруу тизгинин толук берип койгон эмес. Себеби, бул диндердин биринде да толук башкаруу системасы жок.

Ислам болсо өз фикратына (жашообуздун бардык  проблемаларын дабалоочу өкүмдөргө) жана тарыйкатына (фикрат жашоодо бар болуп турушун камсыздоочу өкүмдөргө) ээ болгон дүйнөлүк мабдаъий түзүм болуп, ал башка куфр мабдаъий түзүмгө каршы күрөшүп келген.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, Ислам мусулмандарды гана куфр түзүмүнөн куткаруу үчүн жиберилген дин эмес. Ал бүтүндөй адамзатты куфр бузукчулуктарынан куткаруу үчүн Аллах Таала тарабынан жиберилген дин. Бул дин мусулмандарды эки дүйнөнүн жыргалчылыгы үчүн аракет кылууга буйруган болсо, кайрыдиндерге мына ушул дүйнөдө мусулмандардын коргоосу жана амандыгы астында, бардык акы-укуктары корголгон абалда жаран  болуу мүмкүнчүлүгүн берди. Мусулмандар өздөрүнүн жашоо образы менен аларды коргоо аркылуу жана ал тургай ушул жолдо шейит болуп кетүү менен аларды акыйкат динге даъват кылып жаткан болушат. Кайрыдиндерди Исламга мажбур кылуу болсо арам.

Дүйнөлүк куфр системасы кулап бара жатат. Анын ордун  Ислам системасы гана ээлейт, инша Аллах. Бул пикир учурда дүйнөлүк саясатчылар талкуу кыла турган тема болбой калды. Болгону убакытты созуу үчүн гана аракет кылып жатышат. Ал эми мусулмандар убакытты кыскартуу үчүн аракет кылып жатышат. Кандай болгон күндө да убакыт маселеси гана калды. Куфр системасы болгон мүмкүнчүлүктөрүн иштетип болду. Ал башка эч кандай жаңылык ойлоп таба албайт. Эми ал өзүнүн баалуулуктарынан баш тартып, ар кандай ыпылас ыкмалардан пайдалана баштады. Бул сөзүбүзгө орустардын жогорудагы мыйзамдары  далил болот. Т.а. өздөрүнүн конституциясына туура келбешине карабастан бул мыйзамды көтөрүп чыгып жатышканы далил болот.

Куфр системасы мүмкүнчүлүктөрүнүн бардыгын иштетип болгондон кийин өз системасынан баш тартып, күрөштү диндер аралык күрөш кылууга аракет кылып көрөт. Алар христиан дүйнөсүнүн рухий туйгуларын ойготууга аракет кылышат. Мамлекеттерди ушул байрак астында бириктирмекчи болушат. Билип койгула, бул алардын акыркы мүмкүнчүлүгү болуп, алар албетте жеӊилишет, инша Аллах. Себеби, бул диндер аралык күрөш эмес, мабдаълар жана дүйнөлүк системалар аралык күрөш эле.

Алардын диндери болсо, бийликти берип койгон күндө да мамлекеттерди башкара албайт. Кудум учурдагы рим папасы же патриарх Кирил сыяктуу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here