Эрдоган Обаманын сынына капа болду

364
0

 Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган АКШга болгон сапарынын акыркы күнүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, АКШ президенти Барак Обамага таарынгандыгын билдирди. Буга Обаманын Түркиядагы сөз эркиндигин жана демократияны сындаган билдирүүсү себеп болгон.

АКШ президенти ядролук коопсуздук саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, Түркиядагы маалымат каражаттарына болгон мамиле мамлекетти туӊгуюкка кептеп коюшунан эскерткен эле. Түркияда кээ бир тенденцияларга ыраазы болбогондугун билдирген Обама: “Акыйкат ушул, Түркиядагы кээ бир тенденциялардан тынчсызданганым жашыруун сыр эмес. Менин маалымат эркиндигине, дин эркиндигине, укук жана демократияга болгон ишенимим күчтүү”, – деген эле.

Обаманын билдирүүсүнө жооп иретинде Эрдоган төмөнкү сөздөрдү айтты: “Артымдан мындай билдирүү бергенин угуп аябай капа болдум. Обама менен жолугушканымда бул маселе көтөрүлгөн эмес. Мага бул тууралуу бирер нерсе айтпады. Ал тургай, мындан мурунку телефон аркылуу маегибизде да маалымат каражаттары жөнүндө сүйлөшүүнүн ордуна өз ара маек көбүрөөк пайдалуу болушу жөнүндө сүйлөшкөнбүз. “Brookings” институтундагы докладымда айтып өткөнүмдөй, сын менен акаараттын ортосун ажыратып алуу керек. Түркиядагы кээ бир гезиттер президент жөнүндө “канкор, ууру” деген сөздөрдү колдонууда, башкы беттеринде коркутуучу сөздө коюлууда. Бул акаараттарды жазган гезит жана журналдар дагы деле жарык көрүп жатышат. Эгереде алар айтып жаткан диктатура бар болгондо мындай басылмалар жарык көрөт беле? Акаарат жана коркутууларга Батышта да уруксат берилбейт. Жакында, Фейcбук аркылуу Обаманы коркуткан киши кармалды, азыр ал сурак кылынууда. Германияда Меркелге карата да ушундай иш болду, ал да камак жазасына өкүм кылынды. АКШ мыйзамдары президентти коркуткан адамды 5 жылга чейинки камак жазасы жана айып пул салуу менен жазалайт. Германия, Франция, Голландия сыяктуу мамлекеттерде да акаарат жана коркутуу себептүү жаза берилгенине мисалдарды келтирүүгө болот. Акаарат жана коркутуу сөз эркиндиги же сындоо деп бааланбайт. Эгерде Обама мени менен жолугушкан учурда бул маселени талкууга койгондо бул сөздөрдү анын бетине айтар элем”.

Президент Эрдоган ядролук коопсуздук саммитинде АКШ президенти Барак Обама менен Ак үйдө жолугушуп, 50 мүнөт сүйлөшкөн эле.

Туркистон: 

Эрдоган түшүнбөгөн же түшүнсө да атайын жашырып жаткан маселе бар. Обама Түркиядагы демократиялык жараянга эмес, учурдагы өкмөттүн Ислам жана мусулмандарга эркиндиктерди кеӊири берип жатканына нааразы. Себеби, Обама 2014-жылдын башында конгресс алдындагы сөзүндө исламий өлкөлөрдөгү жетекчилер үчүн жалпы программа сыяктуу көрсөтмө бергендей сүйлөгөн эле. Ал ”Бруккингс” университети тарабынан иштелип чыккан бир катар долбоорлорго таянып, малайларына “муътадил” деп атап алышкан ислам үчүн кененирээк жол ачып берүүгө, радикал деп атап алышкан исламчыларга каршы олуттуу жана катуураак күрөшүүгө көрсөтмөлөрдү берген эле.

Ар бир АКШпарас же анын финансылык садакаларына көз каранды болгон мамлекет жетекчилери “брукингс” мекемеси өз өлкөлөрүндө кеӊири иш жүргүзүшү үчүн шартарды түзүп беришти. Бул мамлекеттер АКШ жетекчисинин сөзүнөн “радикал деп аталган (куфр колониясына ыраазы болбогон) мусулмандарды жок кылуу үчүн жашыл чырак жагылды” деп түшүнүштү. Россия, Казакстан, Тажикстан, Бангладеш, Мисир сыяктуу бир катар мамлекеттер дароо мусулмандарды куугунтуктай башташты. Алар Обаманын “биз көз жумуп турабыз, өзүӊөрдүн мамлекетиӊерде мусулмандарды бир жаӊсыл кылып алгыла, мыйзам бузуулар болушу бизди кызыктырбайт” деген маанидеги ишарасынан АКШ канааттана турган даражада пайдалана алышпады. Кээ бир мамлекеттер бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн дароо иш баштап жиберишти. Россия менен Тажикстан мусулмандарга каршы зулумду күчөтүп жиберди. Эл аралык укук коргоочу уюмдар болсо, ушул мусулмандарга болгон зулумдар үчүн сокур жана дүлөй болуп алышты. Бул жараян Обаманын “биз алардын өлкөлөрүнө кирип демократиялык жараянды жүргүзүп бербейбиз, демек алардын өздөрү бул үчүн аракет кылышсын” деген сөздөрү менен үндөш болуп жатат.

Эрдоган болсо, эмнеси болгондо да исламий адам. Ал исламий фигура болуп мусулмандар алдында абройго ээ болду. Эми андан демократиялык жараяндарды өнүктүрүп, мусулмандарды дагы мурдагы кишендер менен байлоо талап кылынууда. Эрдоган караӊгылыктан жарыктык издеп, бузуктук ичинен жакшылык издеп жаткан адамды эске түшүрөт. Ал демократиялык түзүм ичинде исламий баалуулуктарга жай табуу үчүн натыйжасыз аракеттерди кылып жатат. Эрдоган куфрдан жасалма болсо да Халифалык мамлекетин тикелеп беришин үмүттөндү. Ал султан болмокчу эле.

Бирок, Эрдоган сыяктуу исламий жетекчилер Аллахтын, “алардын динине кирмейинче эч качан сенден ыраазы болушпайт” деген сөздөрүн унутуп коюшкан окшойт. “Алар Ислам динин бийик кылуу жөнүндө пикирлеп жатат” деп күмөн кылган күндө да, Аллахтын нусратына эмес, Обама сыяктуу эртеӊки күнүнө ишене албай турган алсыз куфр жетекчилерге тобокел кылып жатышат. Куфр системасын негиз кылып, аларды өздөрү үчүн жетекчи жана кеӊешчи кылып алышууда.

Куфр системасы “брукингс” сыяктуу уюмдар долбоору негизинде Эрдогандын эркин сындырып болушкан окшойт. Аны Азербайжанга кошуп, Россияга каршы аракеттендире башташты. Түркия ичкерисинде да илманийликти негизиндеги бир катар аракеттер өнүгө баштады. Себеби, Эрдогандын кубаты анын исламий мухитти күчөтүп алганында жана мусулмандарга исламий баалуулуктарды кайтарып алып берип жатканында эле. Куфр – анын ушул аброюн сындырып алмайынча – аны бийликтен четтетүү кыйын болушун жакшы билет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here