Ташкентте ШКУнун аймактык антитеррор түзүмүнүн жыйыны болуп өттү

237
0

 8-апрель күнү Ташкент шаарында ШКУ антитеррор түзүмүнүн кезектеги 28-жыйыны болуп өттү. Бул жыйынга Казакстан төрагалык кылды.

 Бул тууралуу Өзбекстан республикасынын тышкы ишер министрлиги кабар берди. Анда Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты. Жыйында ШКУга мүчө мамлекеттердин терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөштүн 2013-2015-жылдарга  болжолдонгон программасы алкагындагы кызматташтыктын жыйынтыгы талкууланып, тыянактоочу документ тастыкталды.

Кытай республикасынын аймагында өткөрүлгөн интернетте терроризмге каршы күрөш жаатында өткөрүлгөн “Сямынь-2015” машыгуусуна жогору баа берилди.Уюмга мүчө мамлекеттердин калкында радикалдык идеологияга каршы иммунитетти пайда кылуу о.э. террордук актылардын алдын алуу иштерин өнүктүрүү маселеси талкууланды.

ШКУ мамлекеттеринин чегара кызматтарынын жана тийиштүү органдардын кызматташтыгында “Биримдик -2016” деген аталыштагы операция өткөрүүгө токтом кабыл алынды.

 2016-жылдын акыркы кварталында – уюмга мүчө мамлекеттердин о.э. байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда – эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы илимий-практикалык конференция өткөрүү пландаштырылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here