Бишкекте имамдардын коомдогу ролу талкууланды

306
0

  27-март күнү Бишкектеги “Ыйман” маданий борборунда Ислам дининин маселелери боюнча семинар болуп өттү. Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы менен Кувейт мамлекетинин кызматташтыгында, имам хатибдер жана имамдар үчүн уюштурулду.

 Диний башкармалыктын кабар беришинче, семинарга муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев, Акимжан Эргешов жана Кувейттен доктор Аътиф Ар-Рифааъни катышты.

 Семинарда Ислам дининин тазалыгы, терроризм, экстремизм жана диний агымдар жөнүндө о.э. имамдардын коомдо туткан орду туурасында талкуу болду.

Туркистон:

“Ыйман” фонду түпкүлүгүндө ыймансыздардын колунда. Бул багыт күч түзүмдөрүн, админстративдик башкаруу кызматкерлерин, интеллигенттер жана маалымат каражаттарынын кызматкерлерин, коомдук ишмерлер жана диний катмардын жетекчилерин Ислам, ыйман жана мусулмандарга каршы бириктирип, алардын бардыгын бир тарапка багыттамакчы.

Бул үчүн алар күчтүү маалыматтык чабуул жүргүзүп жатышат. Бирок, алардын маалыматтык чабуулдары же пропоганда иштери диний катмардагы белгилүү адамдарсыз максатка алып барбайт. Мындай ыкмадагы аракет Өзбекстанда да кудум ушул багыт жана стратегия негизинде алып барылган.Натыйжада, бирер исламий кыймыл же адам бул ыпылас куфр кысымдарынан четте калбады. Ал тургай, бул куфрдун долбооруна ыраазы болгон диний фигуралардын катышуусу менен диний баалуулуктарыбыз болгон бардык үрп-адаттарды о.э. кийинүү адеби болгон хижаб сыяктуу исламий милдеттерди жок кылып бара жатышат.

Өкүнүчтүүсү, динге каршы жүргүзүлүп жаткан бардык аракеттер – мусулман адамды муртад кылып динден чыгарып жибере  турган даражадагы иштер да – ушул диний катмардын ыраазылыгы жана катышуусу негизинде ишке ашырылып жатат. Бул нерсенин ишке ашырылышы алгач ажылыктагы материалдык кызыкчылыктарга жетишүү сыяктуу кызыкчылыктар үмүтүндө алып барылган болсо, бүгүнкү күнгө келип, диний уламаларыбыз күч түзүмдөрү коркутуу менен мажбурлап жатышат.

Биз Кыргызстан мусулмандары бул иштердин каршысында  имамдарыбызга тилектештик билдирип, алардын арасындагы ыйманы бекемдери менен бирге турушубуз керек. Себеби, жогорудагы куфр долбоору негизиндеги аракеттер, үммөт өкүлдөрүн жетекчи имамдарыбыздан үзүп жиберүү негизинде иш алып барышат. Андан соӊ бул имамдарыбыз өкмөттүн фатваларды чыгаруучу куралына айланышат. Биз болсо, ичибизден аларды жаман көрүп туруучу, бирок абалды өзгөртүүгө кудуреттүү болбогон манкурттар сыяктуу болуп калабыз. Баш көтөргөнүбүздү дароо “террорист, экстремист” деп коомдон ажырата беришет. Муну 1-апрель күнү Испанияда болгон мусулмандардын массалык кыргындары мисалынан билебиз.

Куфр дүйнөсү биздин үстүбүздө турган соӊ, алар акыркы мусулманды дининен кайтармайынча аракеттерин токтотушпайт. Нусустарда буга далилдер бар. Биригели, бири-бирибизге каршы аракеттенүүдөн тыйылып, кээ бир ката-кемчиликтерибизди шылтоолоп куфрдун кызыкчылыгы үчүн бири-бирибизге зыян жеткирүүчү аракеттерден тыйылалы. Ассаламу алайкум.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here