Түркмөнстанда армиянын аскерий даярдыгы текшериле баштады

280
0

РИА “Новости” маалымат агенттигинин кабар беришинче, Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердимухамедовдун буйругу менен күтүүсүздөн армиянын согуштук даярдыгы текшериле баштады.

Согуштук даярдык абалына кургактыктагы кошуундар, аскерий аба күчтөрү, асмандан боло турган чабуулдан коргонуу кошуундары жана деӊиз күчтөрүнүн аскерий бөлүктөрү согуштук даярдык абалына келтирилди. Текшерүүдө самолёттор, вертолёттор, учукчсуз апараттар, согуштук кемелер жана камсыздоочу кемелер катышууда. Көптөн бери сакталган техника ишке түшүрүлгөн.

Кабар берилишинче, бул текшерүүдөн көздөлгөн негизги максат кошуундун бардык түрлөрүнүн биргеликтеги аракеттерин машыктыруу.

Айтылышынча, машыгуулар учурунда террорчу топтордун чабуулун кайтаруу жана аларды жок кылуу сценарийлери боюнча машыгуулар жүрүп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here