Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын басымы астында “Манас” аэропортунан АКШнын аскерий базасын чыгарып жиберүү туурасында токтом кабыл алууга мажбур болуп, бул ишке “жарандык аэропортто аскерий бөлүктөр болбошу керек” деп түшүндүрмө берген эле. Кыргызстандын бул токтомунан кийин эки мамлекеттин ортосунда башталган салкын мамиле өткөн жылы 15-июлда АКШ мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго “Адам укуктарынын коргоочусу” сыйлыгын тапшыргандан кийин Кыргызстан өкмөтү 22 жыл мурда кол коюлган өкмөттөр аралык кызматташтык келишимин бир тараптуу жокко чыгарышы менен ого бетер начарлагандай көрүнгөн эле.
Албетте, Кыргызстан өкмөтү бул токтомдорду Россиянын басымы жана андан келе турган жардамдарды алуу үмүтүндө кабыл алган болчу. Бирок, Крымды басып алышынын артынан колдонула баштаган санкциялар жана дүйнөлүк базарда нефтинин арзандап кетиши Россияны оор абалга кептеп койду. Россия Кыргызстанга жардам бермек тургай, өзүнүн проблемаларын да чече албай калды. Ошол себептен да Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу жана пайдалануу боюнча 2012-жылы түзүлгөн келишимди аткаруудан баш тартууга мажбур болду о.э. бул аракети менен кыргыз өкмөтүн оор абалга салып койду.
Россияга ашыкча ишенүү менен зыян тартып калган Кыргызстан өкмөтү акыркы кездерде АКШ менен бузулган алакаларды кайрадан тикелөөгө аракет кылып калды. Бул жолдо алгачкы қадамды Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков баштап берди. 2016-жыл, 9-февраль күнү Асылбек Жээнбеков – элчи болуп дайындалганына жарым жыл болуп калса да – АКШ элчиси Шейла Гуолтни менен биринчи жолу учурашып, өкмөттөр аралык жаңы кызматташтык келишимин даярдоо маселесин талкуулашкан эле.
24-февраль күнү болсо Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев АКШнын элчиси Шейла Гуолтнини кабыл алгандыгы кабарланды. А бирок, өкмөттүн маалымат кызматы да, элчикананын расмийлери да жолугушууда кандай сүйлөшүүлөр болгону тууралуу маалымат беришпеди. Ошондой болсо да бул жолугушууда АКШ менен кызматташтыкты жаңыдан жолго коюу жана аткарылышы керек болгон шарттар карап чыгылгандыгын божомол кылууга болот.
Ушул орунда Кыргызстан өкмөтү “ак ит, кара ит – баары бир ит” экендигин эсепке албай жаткандыгын эскерте кетебиз. Россия болобу же АКШбы – Кыргызстан өкмөтүнө жардам берип жаткандай болуп көрүнүүгө аракет кылышса да – алардын бул аракеттеринин түпкүрүндө өздөрүнүн материалдык кызыкчылыктары жана өзүнүн таасирин орнотуу жатат. Расмий өкмөт болсо ал же бул мамлекеттен арзыбаган жардам акчаларын алуу үмүтүндө алар тараптан коюлган шарттарды толук аткарууга умтулуп, бул нерсе Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келеби, же жокпу, бул тууралуу ойлонуп да койгон жок.