بســـــم الله الرحمن الرحيم
АЯЛЗАТ ИСЛАМ “КӨЗҮ” МЕНЕН
Кыз бала төрөлгөндө аталар ар түрдүү мамиледе болот, биз аларды эске салмакчы эмеспиз. Биз Исламдын кыз балага болгон этибарын баян кылабыз. Абу Саъд ал-Худрий Расулуллах (с.а.в)дан риваят кылат: “Кимде-ким үч кызды багып, аларга тарбия берсе жана аларды турмушка узатса о.э. аларга жакшылык кылса, ал бейишке кирет”. Абу Давуд риваяты.
Абу Саъд ал-Худрий (р.а) Расулуллах (с.а.в)дан риваят кылат: “Кимдин үч кызы же эже карындашы болсо, же эки кызы же эже карындаштары болсо жана аларга жакшылык мамиледе болсо жана алар туурасында Аллахтан таква кылса, ал бейишке кирет”. Термизий риваяты.
Укба ибн Аамир Расулуллах (с.а.в)дан риваят кылат: “Кимдин үч кызы болуп, аларга сабыр кылса жана сараӊдык кылбастан жедирип, ичирип, кийиндирсе, алар Кыямат күнү дозоктон тосмо болот”. Ибн Мажжа риваяты.
Ооба, бул Исламдын кыздарга болгон этибары. Кыз өзү төрөлгөн үй-бүлө үчүн чыныгы кубаныч, шаттык алып келет. Себеби, алар ата үчүн, ага-инилер үчүн бейиш “ачкычтары”, тозоктон “калкан”. Буга жетишүү үчүн тынымсыз аракет кылуу керек, аларды жакшы тарбиялап, жедирип, ичирүү, кийинтип, күйөөгө узатканга чейин алар тууралуу кайгырат, баш катырат. Кайсы кыз же аял өзүнүн баласына ушундай ата болушун каалабайт?
Ислам эркектерди аялдарына кандай мамиле кылууга буйругандыгын төмөндө кыскача айтып өтөбүз: Абу Хурайра (р.а)дан Ибн Хиббан жана Термизий хасан сахих деп риваят кылган хадисте Расулуллах (с.а.в) мындай деди: «Момундар арасында эң ыйманы толук киши, кулк-мүнөзү көркөм болгон киши. Силердин жакшыларыӊар аялдарына жакшы мамиледе болгондоруӊар».
Айша энебиз (р.а)дан Хаким жана Термизий хасан хадис деп риваят кылган хадисте Расулуллах (с.а.в) мындай деди: «Момундар ичинде эң ыйманы толугу – кулк-мүнөзү көркөмдөрү жана үй-бүлөсүнө жумшак мамиледе болгондору».
Айша (р.а.)дан риваят кылган хадисте Расулуллах (с.а.в) мындай деди: «Силердин жакшыларыӊар үй-бүлөсүнө жакшы мамиледе болгондоруӊар. Силердин ичиӊерде үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиледе болгон киши менмин». Ибн Хиббан риваяты.
Ким Расулуллах(с.а.в)дан үлгү аламын десе, Ислам Үммөтү ичинде эң жакшыларынан болууну кааласа, аялына колунан келген жакшылыгын кылуу аракетинде болот. Ислам эркектерге ушундай көрсөтмөлөрдү берет.
Абу Хурайра (р.а) риваят кылат, бир киши Расулуллах (с.а.в)дын алдына келип: “Я Расулуллах, адамдардын кайсынысы жакшылыктарыма эң акылуу? – деп сурады. Расулуллах (с.а.в.): Энеӊ акылуу, – деди. Андан кийинчи?- деп сурады. Андан кийин дагы энеӊ, – деп жооп берди. Андан кийинчи?- деп сурады. Андан кийин энеӊ, – деп жооп берди. Андан кийинчи?- деп төртүнчү жолу сураганда, Расулуллах (с.а.в.): атаӊ, – деп жооп берди”. Бухарий риваяты.
Анас ибн Малик (р.а) риваят кылат, Расулуллах (с.а.в): “Бейиш энелердин таманы астында”, – деген. Аш-Шаххаб ал-Казоий риваяты.
Бейишке жетишүүгө жана тозоктон сактанууга умтулган момун ар дайым кыздарына, эже-карындаштарына мээримдүү болуп, аялына жалаӊ гана жакшылык кылууга, энесин болсо башында көтөрүп жүрүүгө аракет кылат. Чыныгы жакшылык түбөлүк жашоодо тозоктон сактоо. Аллах Таала айтат:
قُوا أَنْفُسَكُم وَأَهْلِيكُم نَاراً
– «Өзүӊөрдү жана үй-бүлөӊөрдү тозоктон сактагыла ». [66:6]
Али (р.а.) бул аятты: Аларга (т.а. үй-бүлөгө) таалим жана адеп бергиле, – деп тафсир кылган. Ибн Умардан риваят кылынган муттафакун алайх хадисте келген Расулуллах (с.а.в)дын: «…эркек киши өзүнүн үй-бүлөсүнө жетекчи жана ал кол астындагылардан жоопкер…» деген сөздөрү, кишинин өз үй-бүлөсүнө амру-маъруф жана нахий-мункар кылышы о.э. аларды тозок отунан сактоого жан үрөп умтулушу важиб экендигин талап кылат. Ал эми аларга азар, акаарат жетсечи? Энеси, кыздары, эже-карындаштары жана аялы анын ар-намысы болуп эсептелишет. Ошондуктан, эркек киши – мейли өлүмгө алып барса да – бул ар намысты коргошу важиб болот. Буга Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын: «Кимде-ким өзүнүн ар-намысын коргоп жаткан учурда өлтүрүлсө, ал шейит», – деген сөздөрү далил болот.
Мухаммад Холид.