Ирак: Технократтарды кошуу үчүн өкмөттө жүз берип жаткан өзгөрүүлөр

356
0

Ирак: Технократтарды кошуу үчүн өкмөттө жүз берип жаткан өзгөрүүлөр

Өткөн ишемби Ирактын премьер-министри Хайдар Абади өкмөт министрликтерде реформа кылмакчы экендигин, эми өкмөт министрлерди саясий партиясына карап эмес, технократтыгына (адистигине) карап дайындамакчы экендигин билдирди. Абади Ирак телевидениесинде берилген жана Иракта болуп жаткан экономикалык проблемаларга көӊүлдү бурган интервьюсунда: «Мен министрликте түптөн өзгөрүүгө чакырамын. Эми өкмөттө профессионал, технократ кызматкерлер иштейт. Ушул жерден туруп, урматтуу депутаттарды жана бардык саясий партияларды биз менен ушул маанилүү баскычта кызматташууга чакырамын», – деди. А бирок, бул өзгөрүүлөр качан болушу же саясий портфелдер ээлери кимдер экендигин ачыктабады. (Арабийя нет).

Роя гезитинин комментарийи:

Ирак премьер-министринин убадалары өтө көп. Бийликке келгенине бир жарым жыл болуп калса да, адамдар анын оозунан реформа туурасындагы сөздөн башка нерсени угушпады. Өлкөдө болсо “вице-президенттер жана министрлерди алмаштыруу о.э. чыгымдарды азайтуу үчүн айрым министрликтерди бириктирүү” деген шылтоо менен коррупция уланууда. Ал тургай, бул нерсе ого бетер күчөдү. Мазхабчылык дагы деле Ирак калкын талкалоочу курал катары кызмат кылып жатат, адам өлтүрүүлөр, качкынга айлантуулар… уланып жатат. Абади министрлерди саясий партиясы жана мазхабдары негизинде дайындоонун ордуна, адистигине карап дайындоо туурасында жакындан бери айта баштады. Бирок, Ирак проблемасы ушул проблеманын бир бөлүгү болуп, жамак салуу менен да, ураандарды көтөрүп чыгуу менен да муну чечүүгө болбостугун, тескерисинче бул нерсе Халифалык доорунда болгону сыяктуу Иракты түпкү исламий абалына кайтаруу менен чечилишин ал жакшы билет. Анткени, Халифалык мамлекетинде Ислам колдонулат, мусулмандарга бир бүтүн Үммөт катары каралып, мазхабдар негизинде ажыратылбайт, мансаптар да бирер уруу же мазхабга таандык экендигине карап бөлүштүрүлбөйт.

Роя гезитинин 2016-жыл, 17-февралдагы 65-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here