Россиянын премьер-министри: Суук согуш алда качан эле күчөгөн

369
0

Россиянын премьер-министри: Суук согуш алда качан эле күчөгөн

Россия премьер-министри Дмитрий Медведев Россия менен Батыш мамлекеттери ортосундагы чыӊалуу дүйнөнү жаңы дүйнөлүк согушка жетелеп жатканын айтты. Медведев Мюнхенде болуп өткөн коопсуздук конференциясында «Биздин НАТО, Европа, Америка же башка мамлекеттерге коркунуч туудуруп жатканыбыз туурасындагы сөздөрдү дээрлик күн сайын угуп жатабыз» деди. Медведев НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин мезгил-мезгили менен баса белгилеген сөздөрүн о.э. Россияны ядролук согуш отун жагып жаткандай кылып сүрөттөгөн фильмдерди мисал келтирип: «Кээде, биз 2016-жылда жашап жатабызбы же (суук согуш чокусуна чыккан) 1962-жылда жашап жатабызбы деп ойлоп кетем?» – деди. Өз кезегинде, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг да ушул конференцияда Би-Би-Сиге берген интервьюсунда: “Россия өз чегараларын күч менен белгилеп, ого бетер чыӊалып барууда, ошол себептен НАТО мындай коркунучтарга каршы жооп берүүгө кудуреттүү болушу керек”, – деди. Андан соӊ кошумчалап: «Биз суук согушта эмеспиз. Бирок, ошол суук согуш аяктагандан кийин түзгөн кызматташтык абалында да эмеспиз», – деди. Столтенбергдин айтымында, НАТО Россия менен мамилени курчутууга эмес, тескерисинче тереӊ саясий диалог алып барууга аракет кылууда. (Би-Би-Си).

Роя гезитинин комментарийи:

Россиянын премьер-министри Россия менен Батыш (айрыкча, Америка) ортосундагы чыӊалууну суук согушка салыштыруу менен ашыра баалап жиберди. Себеби, алардын ортосундагы азыркы чыӊалуу 1963-жылга чейинки чыӊалуудай күчтүү эмес. Ошондо Америка менен Советтер Союзу ортосунда чыныгы суук согуш болгон. Азыр болсо чыныгы маанидеги суук согуш жок. Тескерисинче, Россия менен Америка ортосунда өз ара пикирлештик бар. Россия менен Америка ортосундагы суук согуш дегенде Россия менен Америка же башкасы ортосунда көп региондордо көптөгөн маселелер үстүндө күрөш жүрүп жатканы түшүнүлөт. Азыркы учурда болсо мындай эмес. Себеби, бүгүн Россиянын негизги көӊүлү өзүнүн регионалдык таасирине чектелген, дүйнөдөгү кызуу күрөштөргө таасирин өткөрө турган реалдуу таасири калбаган. Калса да, өтө аз даражада же Америка жол бергенчелик даражада гана калган. Мисалы, Ирандын ядролук долбоору маселесинде, Сирияга Россиянын аралашуусунда, Ирак кризиси жана Яман кризиси жөнүндө сөз кылышында… Россиянын таасири Америка жол берген даражадан ары өтпөйт.

Роя гезитинин 2016-жыл, 17-февралдагы 65-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here