Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!
Мусулман болбогон адамдар да тажрыйба аркылуу ислам мыйзамдары көптөгөн кыймылсыз мүлккө тиешелүү баалуу кагаздар, каржы куралдары боюнча жасалма спекуляцияларга каршы эң жакшы чечим экенин түшүнүп жатышат. Акча жөн гана сатып-алуучу каражат болбостон, айыл чарба жерлерин жандандыруу жана завод-фабрикаларды куруу сыяктуу өндүрүштүк процесстерге катышуусу керектигин түшүнүүдө. Анда эмне үчүн Ислам динин тутунган адамдар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз системасын колдонушпайт? Анын ордуна Батыштын өзү баш тарткан системаны карманып алышат?!
Исламдын экономикалык системасында капиталисттик түзүм чече албаган түрлөр каралган. Ислам акчанын бир гана адамдардын эмгеги менен айланышын камсыз кылбастан, жалпы элдик мүлк, мамлекеттик мүлк жана жеке менчик мүлк сыяктуу үч түргө бөлгөн. Исламдын экономикалык системасы аз же көп болобу айырмасыз, ар кандай пайыздык үстөктөргө (риба) тыюу салат. Ошондой эле, адамдардын бири-бирин эксплуатациялоосуна, муктаждыгынан пайдалануусуна жол бербейт. Акча өз алдынча товарга айланып кетпестен, өндүрүш процессинде жана экономикалык жүгүртүүдө гана маанилүү ролду ойношу керек.
Исламдын экономикалык системасы жөн гана теориялык идея эмес. Ал мусулмандар үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон, үммөттү кайрадан өнүктүрүүчү жана капитализмдин азгырыктарынан бүткүл адамзатты куткаруучу практикалык чечим. Аны түшүндүрүү максатында үммөттүн ишенимдүү уул-кыздары күнү-түнү аракет кылып жатышат.
Роя гезити