Сирия козголоңуна беш жыл

369
0

“Араб жазы” деп аталган элдик козголоң Тунисте башталып, андан соӊ удаама-удаа башка шаарлар, өлкөлөр жана мамлекеттерге көчүп өтүшү бир табигый абал эле. Себеби, демократиянын адилетсиз мыйзамдарынан, зулумдарынан тажаган калк мындан кийин унчукпай жашоону каалабады. Натыйжада көчөлөргө чыгып, демократиялык мыйзамдар турмушка толук чечим эместигин ачык айтып нааразылыгын билдире башташты. Элдик көтөрүлүштөр Тунистен Мисирге көчүп өттү. Мисир шаарларында да нааразылык акциялары көпкө созулду. Бүт дүйнө бул нааразылык акцияларын “миллиондор маршы” деп атап таӊданды.

А бирок, Ислам жана мусулмандар душманы болгон Америка жана Батыш козголоңдорду алгачкы максатынан т.а. Исламий турмушту кайрадан баштоо, Ислам шариятынын бардык өкүмдөрүн турмушта колдонуу жана Ислам байрагы астында биригүү жолунан буруп жиберүүгө жетишти. Өкүнүчтүүсү, бул козголоңдор көпкө созулбады. Өлкөлөрдүн чыккынчы акимдери жана алардын тарапкерлери Америка жана Батыш көрсөтмөсү негизинде бул козголоңдорду уурдап алышты. Ислам байрактары арасынан куфр дүйнөсүнүн ар түрдүү жана түркүн түстөгү байрактары орун алды. Натыйжада карапайым мусулмандар алданып калышты.

Мисирдеги Ихванул муслимин жамааты дүйнөдөгү ири жамааттардын бири болуп туруп, анын жетекчилери демократия негизинде Исламды тикелөө мүмкүн эместигин түшүнүп жетишпеди. Алар өтө чоӊ ката кетиришти. Исламий турмушту кайрадан тикелөө мындай жана бул сыяктуу жолдор менен болбойт.  Исламий турмушту кайрадан баштоодо биз үчүн эң туура жол – бул пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва салламдын тарыйкаты.

Мына быйыл Сириядагы козголоңго беш жыл болот. БЕШ ЖЫЛ! Айтууга оӊой.

Согуш бул – айрылуу, кайгы-капа, ачарчылык, уйкусуздук жана да кайгы. Канчалаган муслима энелерибиз, эже-карындаштарыбыз жана кыздарыбыздан айрылдык. Канчалаган аталар, ага-инилер жана балдардан айрылып калдык. Мусулмандардын пакиза кандары дарыя болуп акты. Бүтүндөй мамлекет кыйрандыга айланды. Эмне себептен ушундай болду? Эй мусулмандар, эмнеге унчукпайсыӊар? Алардын башына түшүп  жаткан бул көргүлүктөр алардын: “Роббим Аллах!” дегени үчүн эмеспи? “Исламдан башкасы куфр!”-  дегени үчүн эмеспи? “Халифалыктан башкасына ыраазы эмеспиз!” – дегени үчүн эмеспи?

Зар-какшап, муӊканып жаткан энелерибизге ким кандай жардам бере алды? Намыстары тебеленип жаткан эже-карындаштарыбызга ким кандай жардам көрсөттү? Ачарчылыктан кырылып бара жаткан балдарыбызга ким эмне бере алды? Ушунчалык кадыржамсыӊарбы? Аллах бул пенделери үстүнөн сурак кылса ким эмне деп жооп бере алат? Акыры Аллах Таала:

Эгер, алар дин жолунда силерден нусрат-жардам сурашса, нусрат-жардам берүү мойнуңарда(8:72) деген эле го.

Эй, Мухаммад саллоллоху алайхи ва салламдын мураскорлору! Ойгонуунун убагы келбедиби? Бул улуу иште т.а. пайгамбарыбыз минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты кайрадан тикелөө жолунда Хизб ут-Тахрир жамаатына жардам бергиле! Анткени, Халифалык мамлекети гана үммөттү бир мамлекетте бириктиргенден кийин үммөттүн кошуунун бириктирип куралдарды ишке салат. Халифалык мамлекети гана аялдардын ар-намысын коргоо үчүн, наристелерди куткаруу үчүн эч бир экиленбестен  кошуунду аттандырат жана ошол аркылуу Исламдын душмандарын тыйып коёт. Ошондо Исламдын душмандары бирер мусулманга зыян жеткирүү жөнүндө ойлонууга  да батынбай калышат.

Сайфуллах

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here