Россия Кыргызстанга кезектеги аскерий техникаларды жеткирип берди

150
0

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын басма сөз кызматы кабар беришинче, Россия Кыргызстанга аскерий-техникалык кызматташтыктын алкагында БТР-70М брондуу машиналарын жеткирип берди.

“10-февраль күнү Манас эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынан келген аскерий техника өткөрүп алынды”, – деп айтылат расмий кабарда.

Туркистон:

Россия Борбор Азиядагы өзүнүн аскерий кубатын сактап калуу максатында Кыргызстанга 1,1 миллиард доллардык аскерий техника жана курал-жарак жеткирип берүүнү баштаган эле. Россия бул жардам Афганистандан келиши мүмкүн болгон “ИШИМ” коркунучуна каршы турууда Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатыда берилип  жаткандыгын айтып келет.

 А бирок, Кыргызстан армиясы – өзүнүн аскерий кубатын Россиянын техникаларын сатып алуу менен бир нече эсеге күчөткөн учурда да – тышкы коркунучтардан өзүн коргой албайт. Себеби, Россия ага дүйнөлүк талапка жооп бере турган, акыркы үлгүдөгү техникаларды бербейт. Тескерисинче, арзан, эскирген жана складда туруп иштөө мөөнөтү өтүп кеткен техникаларын кымбат баада өткөрүү менен Кыргызстандын карызынын үстүнө кошумча карыздарды жазып коёт. Кечээ жеткирип берилген БТР-70М да 2000-жылдардын башында иштелип чыккан болуп, учурдагы аскерий талаптарга жооп бербей калган техника болуп эсептелет.

  Россия өкмөтүнүн Афганистан коркунучун көбүртүп көрсөтүшү болсо акыйкатка тескери болуп, ал жердеги исламий күчтөр эгерде биз тарапка аракеттенишсе да, буга Кыргызстанда орус күчтөрүнүн бар экендиги о.э. Кыргызстандын Россияга аскерий шарттарды кеӊири түзүп берип жаткандыгы себеп болушу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here