Женева-3 сүйлөшүүлөрү эмне үчүн кечиктирилди

278
0

 Стефан де Мистура 5-февралда Женевадагы Сирия сүйлөшүүлөрү 25-февралга чейин кечиктирилишин жарыя кылды. Ал бул нерсе «убактылуу пауза» экендигине токтолуп: «Бул жерде БУУ сүйлөшүүлөрдү баштоону талап кылган мамлекеттер аткарышы керек болгон иш бар», – деди. Ошондон кийин де Мистура Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү менен жабык жыйында жолугушту. Жолугушуу учурунда де Мистура тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн токтоп калганын жарыя кылуунун себептерин түшүндүрүп берди. Франциянын БУУдагы өкүлү жабык жыйын аяктагандан кийин: «Стефан де Мистура Женева сүйлөшүүлөрүнүн токтоп калышына Россия тарабынан колдоп-кубатталып  жаткан Сирия режиминин жырткычтыгы себеп болгонун маалымдады», – деди.

Бирок, Россиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин француз кесиптеши айткан сөздөрдүн бардыгын четке какты. Чуркин де Мистуранын Россияны Женева-3 сүйлөшүүлөрүн бузгандыкта айыптаганын четке кагып: «Жок, бизге де Мистура муну кабарлаган жок, ал айтпаган сөздөрдү ага жабыштырууга болбойт», – деди. Анын айтымында, бул жерде «ушул айдын 25инде сүйлөшүүлөр жаңыдан башталган кезде Россия сүйлөшүүлөр столуна коюуга» даярдап койгон жаңы пикирлер бар. “Мына ошол пикирлер арасында ок атууну токтотуу пикири да бар, бирок, ок атууну токтотууну катуу туруп талап кылуу себептүү сүйлөшүүлөр кечигиши мүмкүн деп билемин», – деди.

Американын Тышкы иштер министрлиги болсо өзүнүн билдирүүсүндө, Керри Сирия өкмөтүн жана бул өкмөттү колдоп-кубаттап жаткандарды Коопсуздук Кеңешинин токтомдоруна ылайык, оппозиция көзөмөлүндөгү аймактарды, айрыкча Халабдагы аймактарды бомбалоону токтотууга о.э. тынч жарандарды блокада кылууну токтотууга чакырганын билдирди. Керри: «Алар учурдагы милдеттерин аткарышы о.э. Сирия кризисин тынч жол менен чечүүнү колдоп-кубаттоо ниетинде экендиктерине эл аралык коомчулукту кайрадан ишенидириши керек болчу», – деди. Ал Кошмо Штаттар тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ушул айда кайрадан башталышына умтулуп жатканын кошумчалады.

Америка тышкы иштер министрлигинин жарыя кылынган позициясына бүтүндөй тескери көрүнүштө, Британиянын «Middle East Eye» сайты даярдаган бир отчётто төмөнкүлөр келген: «Америка тышкы иштер министри Жон Керри Сирияда гуманитардык жардамдар тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан эки активист аялга бул мамлекет дагы үч ай бомбалоону күтүшү керектигин, бул бомбалоолор оппозицияны «жок кылышын» айткан. Ал муну Лондондо донорлор конференциясынан тышкарыда өткөргөн маек учурунда айткан». Жардам берүү тармагында иш жүргүзүүчү бир активист аялдын «Middle East Eye» сайтына билдиришинче – бул аял өзү иштеп жаткан уюмду коргоо үчүн атын ачыктабастыкты талап кылды – Керри: «Мени айыптабагыла – барып оппозицияны айыптагыла….» – деген. Ошол эки активист аялдын айтымында, Керри аларга үч ай бомбалоону күтүүнү, бул бомбалоолор учурунда «оппозиция бүтүндөй жок кылынышын» айткан.

Бул Керринин оппозицияга коркутууларды жолдоп жаткан алгачкы позициясы эмес. Себеби, буга чейин да, Рияз башчылыгындагы оппозициянын делегациясы Женевага барышынан бир аз мурда Сирия оппозициялык коалициясынын Париждеги «элчиси» Мунзир Махус маалымдагандай, Керри оппозициялык делегациянын төрагасы Рияз Хижаб менен Эр-Риядда жолугушкан  кезде: «Алар Женевага өздөрүнө коюлган шарттар алкагында барышы керек, антпесе, алар союздаштарынын колдоп-кубаттоосунан куру калышат», – деп айткан.

Керри ошону менен эле чектелбеди. Себеби, «Арабий Жадид» сайты 2016-жыл, 24-январда Сирия оппозициясындагы бир жогорку даражалуу булактын сөздөрүн келтирди. Ал Жон Керринин Рияз Хижаб менен Эр-Риядда болгон жолугушуусун «кырсыктуу жана өтө жаман» деп атады. Ошол булак «Арабий Жадид»ге «Керри өзү менен Россия жана Ирандын ачык ноталарын алып келди, ал эгерде оппозиция бул ноталардагы нерселерге амал кылбаса жаман болушун айтып коркутту» деп кабарлады. Атын ачыктоону каалабаган ошол булак: «Керри Женевада жүргүзүлө турган нерселер сүйлөшүүлөр экенин, бул сүйлөшүүлөр өткөөл мезгил башкаруу кеңеши түзүлүшүнө эмес, «улуттук биримдик өкмөтү» түзүлүшүнө алып барышын айтты», – деди. Булак кошумча кылып «Америка тышкы иштер министри кеңеш делегациясына БУУнун өкүлү де Мистуранын оппозиция делегациясын түзүүгө жана бул делегацияга кеңешчилерди дайындоодо аралашууга акысы бар экендигин айтты жана Керри оппозиция Женева жолугушууларына баруудан мурда талап кылып жаткан туткундарды бошотуу, курчоодогу шаарлардан блокаданы алып таштоо, тынч жарандардын үстүнө бомбаларды таштоону токтотуу, гуманитардык жардамдарды киргизүү сыяктуу жана башка ишенимди пайда кылуучу иш-чаралар Женевада өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү экенин да айтты» деди. Булак о.э. «Керри жолугушуу учурунда Башар Асаддын кийинчерээк өткөрүлө турган президенттик шайлоодо талапкердигин коюуга акысы бар экендигин баса белгиледи» деп көрсөтүп да өттү.

Демек, Америка тышкы иштер министрлигинин Рияз Хижабга жана анын шериктерине ачык билдирген чыныгы позициясы – режим жана Иран о.э. Ирандын куралдуу топтору орустардын жардамында ишке ашырып жаткан аскерий операциялар Американын ыраазылыгы менен т.а. Американын каалоосу боюнча жүргүзүлүп жатканын түшүндүрөт. Ал тургай, Америка Коопсуздук Кеңешинин Сирияда өткөөл мезгил башкаруу кеңеши болушун көрсөткөн токтомун да каалабай калды. Тескерисинче, Америка бул токтомду «улуттук биримдик өкмөтү» деген идеяга алмаштырды. Булар Америка сүйлөшүүлөр башталышынан мурда сүйлөшүү алып баруучу делегацияга ачыктан-ачык буюруп жаткан нерселер. Бул буйруктар менен бир учурда Сирия режиминин делегациясы өзүн «жолборс» кылып көрсөтүүдө. Ал делегация барыш жана келишинде «жалындуу» билдирүүлөрдү берип, чегинүүлөргө барбастыгы туурасында жар салууда. Америка эгерде кааласа режим делегациясынын бул жар салыштары албетте өзгөрүп, жолугушууларды жеӊилдетүү үчүн кандайдыр даражада жумшактык көрсөткөн болушат эле. Бирок, Америка андай кылбады. Мейли, Америка Женева-3тү шашылыш уюштурган болсо да жана Америкада сүйлөшүүлөрдү улантуу каалоосу көрүнгөн жана Коопсуздук Кеңешинин Сирияда саясий чечим боюнча аракет кылуу убагын белгилеп койгон токтому боюнча натыйжаларга жетишүү каалоосу көрүнгөн болсо да, бирок, Женева сүйлөшүүлөрү менен бир мезгилде болгон иштер; бул сүйлөшүүлөрдөн мурда Американын жар салышы өзгөрүп калганы; Американын Сирия режимине карата ээлеген чыныгы позициясы ачык-айкын көрүнүп калганы; Керринин дипломатиялык мазмундан чыгып кеткен сөздөрү; сүйлөшүүлөр менен бир мезгилге туура келген жана Сирия режими кээ бир фронттордо алдыга жылууга жетишкен активдүү аскерий чабуул, –  булардын бардыгы Америка сүйлөшүүлөрдүн тез жүрүшүн каалабай жатканын көрсөтүп турат. Америка сүйлөшүүлөрдүн үзүлүп калышы орустардын жардамы жана колдоосу менен режим жетишүүсү мүмкүн болгон аскерий жеңиштер менен бир мезгилде болушун каалап жатат. Себеби, ошондо Америка өзү каалаган чечимди тыгыштыра алат, бул чечим жардамында малай режимди сактап калат жана козголоңду алсыратат же аны «Сирия федерациясы» деп аталган жерден тышкарыда курчоого алат.

«Лион 2 университетиндеги» изилдөөлөр директору жана катышуучусу, Вашингтон институтунун ардактуу мүчөсү Фабрис Баланш төмөнкүлөрдү айтат: «Москва стратегиясы негизинен төмөнкү үч максатты көздөйт: биринчиси, алавийлер көзөмөлүндөгү жээктеги аймактарды коргоо – Россия бул аймактарда өзүнүн логистикалык (аркадан туруп жардам берүүчү) базаларын жайгаштырган – экинчиси, Асаддын позициясын күчөтүү жана козголоӊчуларды ири шаарлардан: Хомс, Хама, Латакия, Халаб, Дамасктан алыстатуу, үчүнчүсү козголоңчуларга чет өлкөдөн келип жаткан жардамдар линияларын үзүп коюу. Алгачкы эки максатка жетишилди, себеби, орустардын аскерий базаларына коркунуч туудурушу мүмкүн болгон Латакия жана Тартуска чабуулдар жүз бербей койду. Эч кайсы ири шаар козголоңчулар көзөмөлү астына өтпөй да койду. Тескерисинче, ар кандай жардам келишинен үмүтүн үзгөн козголоңчулар декабрда Хомстогу Ваър районун таштап чыгышты. Азыр болсо жардам жолу үзүп коюлгандан кийин, үчүнчү максатка жетишүүнү көздөй жолдун жарымына жетип калышты. Ошондуктан, Россия жана анын союздаштары өз максаттарына жетишүүгө кудуреттүү сыяктуу көрүнүүдө. Себеби, Асад аскерлериндеги адамдык күчтүн алсыздыгын абадагы толук үстөмдүк жана шиа отряддарынын колдоосу толтурууда».

Баланш Москва стратегиясы деп атап жаткан бул стратегия Америка Сирияда Россия жардамында жетишмекчи болуп жаткан максаттар. Бул максаттарга толук жетишилсе Америка козголоңду блокада кылган жана аны режимге таасирин тийгизүүдөн алыстатып бурчка кысып койгон болот о.э. согушту дагы кайрадан «терроризмге каршы согуш» деген нерсеге багыттайт.

Эч күмөнсүз, Америка Сириядагы режимдин чыныгы таянычы экендиги анык көрүнүп калды. Американын өз малайы Башарды сактап калууга аракет кылып жаткан, алсыз адамдарды, аялдарды, жаш балдарды кыргын кылууну козголоңду жок кылуу ыкмасы кылып алып жаткан ушул Америка экендиги ачык-айкын көрүнүп калды. Бардык кылмыштарды кылып жаткан ушул Америка. Ошого карабастан, кээ бир кимсе Американын бул позициясын өз көзү менен көрүп турса да, фактылар ачык-айкын көрүнүп турса да анын Америка «арканына» жана анын малайлары «арканына» бекем жабышып жатканын, анын жалган убадаларына ишенип жатканын, Аллахтын арканына жабышууну четке кагып жатканын, Америка арканын жана Үммөттөгү таасирин бүтүндөй үзүп таштоого аракет кылып жаткан калыс адамдар тарабына өтпөй жатканын көрүп турабыз! Андан башка кимсенин абалы да анын абалына жакын экенин көрүп турабыз. Мындай кимсе өз ишин дагы деле биротоло чечпестен өз позициясында экиленип турат, бирде бул арканга жабышса, бирде тигинисине жабышууда. Эгерде Америка жана анын малайлары тарапта болбосо кээ бир жаман натыйжалар болушун айтып шайтан аны тынымсыз азгырууда!

Ошол кимселердин коркоктугуна жана тиги кимселердин экиленишине карабастан Аллах Субханахунун убадасы Ал Заттын арканына бекем жабышуучулар үчүн албетте жүзөгө чыгат. Буга эч кандай шек-күмөн жок.

«Ким күч-кубатты кааласа, анда, бардык күч-кубат Аллахка таандык. (Ар бир)жакшы сөз Ага көтөрүлөт жана жакшы амалды да (Аллах Өз даргөйүнө)көтөрөт. Жаман айла-амалдарды кылган кимселер үчүн болсо катуу азап бар жана алардын айла-амалдары да кыйрап жок болот (т.а. пайдасыз кетет)»  [35:10]

Роя гезитинин 2016-жыл, 10февралдагы 64-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here