Сирия оппозициясынын делегациясында карама-каршылык: Анын себеби эмне жана бул канчалык олуттуу?

319
0

Сирия оппозициясынын делегациясында карама-каршылык: Анын себеби эмне жана бул канчалык олуттуу?

Маселени негизинен тышкы көрүнүшүндөгү талкууларга буруу, адамдардын көӊүлүн миңдеген адамдарды өлтүргөн канкордон кичинекей бир кылмышкерге буруу эң чоӊ айла жана алдоолордун бири. Бүгүн Америка Сирия козголоңун жөнгө салуу үчүн ушундай иш кылууда. Ал мурда адамдардын этибарын Башар Асад жана анын канкор режиминен ИШИМге буруп жиберген эле. Азыр болсо оппозицияга ким өкүлдүк кылышы туурасындагы кеп-сөздөрдү – кудум бул нерсе маселенин негизи сыяктуу – негизги тема кылып койду. Америка бул аркылуу адамдардын этибарын маселенин түпкү-маӊызынан буруп жибермекчи. Негизин алганда биринчи кезекте батыл илманий режимди кулатуу, аны менен болгон сүйлөшүүлөрдү четке кагуу, атасынын мураскору болгон Башарды жана ондогон жылдардан бери Сирия калкынын башына балээ-мусибаттар жаадырган кылмышкерлерди эң катуу жазага тартуу о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө маселенин негизи болуп эсептелет. Ооба, маселенин негизи мына ушул. Анткени, Шамдын калкы козголоңду дал ушул рошид Халифалыкты тикелөө максатында баштады. Себеби, Халифалык элдин улуу дининен балкып чыккан. Бул сыймыктуу калк бул козголоңду – алдынан да, артынан да эч кандай батыл-акыйкатсыздык келбей турган – Китептен истинбат кылынган Халифалык программасын колдонуу үчүн баштаган эле.

Россия менен Иран Жайшул Ислам жана Ахроруш Шам кыймылдарынын сүйлөшүүдө катышууларына ыраазы эместей көрүнүп жатышат жана буга аларды террористтер деп эсептешин шылтоолоп жатышат. Саудия менен Франция болсо аларды террорист деп эсептебеди. Жайшул Исламдын маалымат катчысы Аллуш канкор режим менен сүйлөшүү жүргүзүүчүлөрдүн башчысы болуп дайындалды. Жайшул Исламдагылар муну «улуу нусрат» деп эсептешүүдө! 2016-жыл, 20-январда булагы Жайшул Ислам болгон кабарларда «Аллуштун буга дайындалышы режим жана анын текебердигине каршы өтө чоӊ жооп болуп эсептелет. Анткени, Аллуш режимди Женевада да кудум Гутадагыдай тосуп алат» деп айтылган. Ошентип, оппозициянын атынан ким өкүл болот деген арзыбаган талкуу уланды жана башкы сүйлөшүүчү Жайшул Исламдан дайындалышы «улуу нусрат» деп аталды. Бул режим жана анын союздаштарынын текебердигине каршы сонун жооп катары кабыл алынды о.э. режимди Женевада да кудум Гутадагыдай тосуп алына тургандыгы баса белгиленди! Палестина Азаттык уюму менен да ушуга окшогон окуя болгон эле. Т.а. баскынчы яхудий душман менен түзүлгөн Женева, Осло жана Кэмп-Дэвиддеги келишим да «улуу нусрат» деп аталган эле. Аны кудум Палестинада тосуп алгандай тосуп алынышы баса белгиленген эле! Мына бүгүн бул өлкөдөн баш тартылды, алар душманга күнү-түнү кызмат кылууга ыраазы болушууда. Ага каршы пландаштырылган жихадий операциялардын жокко чыгарылганы менен мактанууда жана бул Палестина калкынын үлкөн утуштары деп бааланууда. Сирия оппозициясы да ушундай абалга түшүүдө! Эртеӊки күнү алар да, Аллахтын Өзү сактасын, болочок илманий режимдин кызматкерлерине айланып, өздөрүнүн «улуу утуштарына» ыраазы болбогон кишилерге каршы күрөшүүлөрү мүмкүн!

Америка бул маселени оппозицияга ким өкүл болушу туурасында каршылашуу жана мына ушул өкүлдүк үстүндө талашып-тартышуу маселесине айландырууга аракет кылып келди. Ал тургай, мунун өтөөсүнөн чыгып, курсантчылыктан башы асманга жетти деп айтууга болот. Ал илгери кудум куралдуу уюмдарды сүйлөшүүгө тартуу үчүн аларга жалынып жаткандай көрүнөт эле. Элчиси Фордду «Женева-2»ге аларды тарта албаганы үчүн да иштен бошотуп жиберди. Эми болсо, оппозицияда кимдер катышуусу же катышпастыгы Америка үчүн маанисиздей болуп көрүнүүдө. Себеби, өздөрүн козголоңчулардын өкүлү деп дааба кылып жаткандар арасынан мусулмандардын канын төккөн канкор менен сүйлөшө тургандардын табылышы Американын үлкөн утушу болуп эсептелет. Акыры, бул кыймылдарды сүйлөшүүгө киргизүүгө ал канчалык тырышпады дейсиӊ! Ошондуктан да илманий режимдин Америкага байланыштуулугун сактап калуу жана Исламчыларды буга көндүрүү анын үлкөн жеӊиши болуп эсептелет. Сүйлөшүүгө катыша тургандар болсо бул жолдогу бир курал болуп, Америка үчүн алардын эч кандай мааниси жок. Качан бул иштер – Аллах сактасын – анын пайдасына чечиле турган болсо, ал «тазалоону» баштап жиберет. Америка үчүн эң маанилүүсү, ушул кезге чейин жүзөгө чыгара албаган өзүнүн саясий чечимин ишке ашырып алуу. Ал бүгүнкү күндө мына ушуга жетишүү үчүн бүт мүмкүнчүлүгүн ишке салууда. 2016-жыл, 20-январда Американын тышкы иштер министри өзүнүн кесиптеши Лавров менен жолугушкандан кийин, Керринин маалымат катчысы төмөнкүдөй билдирүү берди: «Эки министр ушул кризистин дипломатиялык чечимин көздөй жетишилген утушту сактап калуу маанилүү экендигин талкуулашты». Муну ушундай түшүнүүгө болот, Америка үчүн эң маанилүүсү, Исламий куралдуу уюмдарды өзүнүн малайы менен сүйлөшүүгө алып келүү менен жетишкен утуштарын сактап калуу.

Америка Россия менен Ирандын Жайшул Ислам жана Ахроруш Шамга басым өткөрүшүн каалап жатат.  Ал бул эки кыймылдын сүйлөшүүгө киришип, анда катышууну негизги маселе кылып алышын, Исламий талаптарынан баш тартышын, эки жүздүү жана аты эле Исламий болгон башка кыймылдар катары аны менен бирге жүрө турган улуттук уюмдарга айланып калышын каалайт. Түпкүлүгүндө, Америка бул эки кыймылдын сүйлөшүүгө катышуусун аябай каалайт. Бирок, ал муну билдирбей жатат. Ошондуктан, Саудия жана Түркиядагы малайлары аркылуу бул эки кыймылды Сириядагы активдүү Исламий күчтөр деген этибарда сүйлөшүүдө катышууга кызыктырып алдады. Ал – Исламчылар Америка чечимин кабыл алды (т.а. кыянатта катышты) – деген сөз чыгышын каалады… Америка сүйлөшүүдө кимдер катышуусуна токтом кылган учурда Россия да, Иран да анын жолуна тогонок болбойт. Себеби, алар Америка менен келишкен абалда иш кылып жатышат. Ирандын тышкы иштер министри Зарифтин 2016-жыл, 20-январда айткан сөзү да буга далалат кылууда: «Оппозиция делегациясы террористтиги эл аралык жактан моюнга алынган үч жамаатты өз ичине албашы керек. Алар ИШИМ, ал-Каида жана Жабхатун Нусра уюмдары». Бул сөз Жайшул Ислам менен Ахроруш Шам уюмдарынын катышуусуна Ирандын каршылык көрсөтүп жатканы олуттуу эместигине о.э. аларга террорист катары карабастыгы жана экөө менен келишүү мүмкүндүгүнө далалат кылууда.

Америка бул конференцияда бардык каалоолору ишке ашпастыгын, жол кыйла алыстыгын, келишим кагазда кабыл алынса да, аны вакиъде колдонуу бир топ мүшкүл экендигин билет. Муну Америка тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Тонердин 2016-жыл, 20-январдагы билдирүүсү көрсөтүп турат: «Жыйынтыктоочу мөөнөт маанилүү маселе. Бирок, ал бир-эки күнгө кечиге турган болсо, бул дүйнө кыйраганын түшүндүрбөйт… Биз анын ушунчалык оор иш экендигин билебиз. Бирок, басым өткөрүнү жана алдыга кадам таштоону токтотпошубуз керек». Америка – маселе конференцияда баланчы же баланчанын катышуусунда эместигин түшүнүп турат. О.э. оппозиция сүйлөшүүгө баруудан мурда бомбалоону токтотуу, блокаданы ачуу жана туткундарды бошотуу сыяктуу талаптарды коюп жатканы жөнүндө кеп-сөздөр пайда болгон учурда конференцияны бир же бир нече күнгө кечиктирип турууда да эместигин түшүнүп турат. Оппозиция бул талаптарын бир аз болсо да аброюн сактап калуу үчүн айтты, түпкүлүгүндө болсо, анда аброй да, уят да калбады. Ошого карабастан, Америка конференциянын өтүшүнө катуу турат. Ал кокус 25-январдагы мөөнөтүнөн кечиктирүүгө туура келе турган болсо, кечиктирүү мүмкүн экендигин, бул нерсе дүйнөнүн жок болушун түшүндүрбөстүгүн айтты! Себеби, Америка жаңы режим моделин түзүп алуу үчүн бул маселенин өтө чие жана машакаттуулугун о.э. оппозиция ага моюн сунуп болуп чөгөлөшү үчүн басымдарды улантышы керектигин да түшүнүүдө. Буга Жайшул Исламдын маалымат катчысы Мухаммад Аллуштун 2016-жыл, 22-январдагы «Оппозиция көп нерседен баш тартышы үчүн көптөгөн басымдарга дуушар болууда» деген сөздөрү далалат кылууда. Кийин Аллуш ушул басымдарды жеңип өтүүдө Саудия, Түркия жана Катардын жардам берип жатканын жогору баалай тургандыгын билдирди. Бул мамлекеттер өздөрүн Россия жана Иранга ыктаган оппозицияга каршы күрөштө Жайшул Исламдын жанында туруп ага жардам берип жаткандай, Американын басымдарын жеӊилдетип жаткандай кылып көрсөтүп жатышат о.э. Америка талаптарына ыраазы болушу акысына аны колдоп-кубаттап жатышат. Аллуш буларды түшүнөр бекен.

Саудия, Түркия жана Катардын айрым уюмдарга көрсөтүп жаткан жардамы Асад режимин кулатуу үчүн эмес. Тескерисинче, алардын көп нерседен баш тартып, илманий башкарууга ыраазы болуусу үчүн. Мына ошондо бул уюмдардын Сириядагы ролдору аяктап, же режимге кошулуп кетишет же кудум Афганистанда болгону сыяктуу Америка аларды жок кылат. Афганистанда Саудия менен Пакистан Америка пайдасына негизги ролду ойноп жатат. Сирияда да Саудия менен Түркия Америка пайдасына оппозицияны алдоо ролун ойноп жатат. Жайшул Хурдун командачысы Жамил Солих 2016-жыл 20-январда мындай деди: «Учурда бизге берилип жаткан жардам жетиштүү эмес. Саудия жана Түркия сыяктуу жардамчы мамлекеттер тарабынан куралдуу топторго берилип жаткан жардамдар Россия Ирандын колдоосу астында ишке ашырып жаткан Сириядагы чабуулдарга каршы күрөшүүдө жетиштүү болбой жатат». Мисалы, оппозиция Түркиядан оор куралдарды, айрыкча, учактарга каршы ракеталарды берүүнү талап кылганда, ал бербеди. Эгерде ошондо бергенде козголоңчулар Россия менен Асад режиминин учактарын атып түшүрүшөт болчу. Муну болсо Америка каалабайт. Себеби, Асад режими ага көз каранды, Россия аны менен келишип иш кылууда, Иран болсо анын кызматкери болуп эсептелет. Ал эми, козголоңчулар болсо анын душманы.

Америка өзүнүн саясий чечимдери аткарылышын кепилдей албайт. Ошондуктан, аскерий аралашуу менен коркутууда. Бул жаатта вице-президент Байден 2016-жыл 23-январда Түркияга болгон сапары учурунда “Америка Саясий чечимге жетишүү мүмкүн болбой калган кезде аскерий чечимди колдонууга даяр” экендигин айтты. Себеби, Сирия калкы Американын аларга каршы фитна токуп жатканын сезип турат. Жакында болсо Американын кылмышкер режимди бардык мекемелери менен сактап калуу үчүн ишке ашырылган тил бириктирүүлөр жардамында Шам калкы берген курмандыктарды кандай бейпайда кетирип жатканын түшүнүп жетет. Америка учурда режим башчысын жана анын шериктерин жазадан куткарууга аракет кылууда. Себеби, режим Америкага малайлыгын улантып анын таасирине каршы козголгондорго сокку берди. Америка буга ыраазылык катары режим үчүн оор абалдан чыгуу жолун пайда кылууга көптөн бери аракет кылууда.

Америка учактар жана тыӊчылар жардамындагы аралашуу менен о.э. буларга кошумча түрдө Россия, Иран жана анын Ливандагы Хизби алып барып жаткан иштери менен да чектелбей жатат. Тескерисинче, аскерий аралашуунун түрдүү көрүнүштөрү үстүндө изденүүдө жана сунний күчтөрдү алдоодо Түркия менен Саудиядан пайдаланууда! Себеби, Сирия калкы алып бара жаткан ушул козголоңду чөгөлөтүү жана жок кылуу оӊой иш эмес. Айрыкча, бүгүнкү күндө алардын башына канчалаган мусибаттар түштү, көпчүлүгү катуу «шок» абалына түшүп калды, үй-жайлары кыйрады, мал-дүйнөлөрүнөн куру калышты, намыстары тебеленди, дүйнө бойлоп тентиреп, канчалары деӊиздерге чөгүп кетишти. Кылмышкерлер болсо жазадан кутулуп калышууда. Же Сирия ичкерисиндеги «ийин»деринен же чет өлкөдө Иран жана Россиядан баш баанек таап жатышат… Сирия калкы мына ушундай балээ-мусибаттарды баштан өткөрүп жаткан соӊ, бул козголоңду жеӊүү оӊой болбойт! Шам козголоңу үммөттүн Тынч Океанынан Атлантика Океанына чейин толкундап жаткан козголоңу болуп, айрым адамдардын ката аракеттерине карабастан, түрдүү көрүнүштө жүзөгө чыгууда. Бул болсо, козголоң дагы деле тирүү экендигине жана  ал дагы деле кайнап жаткандыгына далалат кылат. Ал эртеӊ тил бириктирүүчүлөрдүн айла-амалын өздөрүнө кайтарып, алардан өз бийлигин тартып алат о.э. аны алтымыш жылдан бери рошид Халифалыкты тикелөө менен куткарууга тынымсыз аракет кылып жаткан аӊ-сезимдүү саясий жетекчилердин колуна тапшырат, инша Аллах.

 

Асъад Мансур калемине таандык

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here