Кыргызстан менен АКШ кызматташуу боюнча жаңы макулдашуу даярдап жатышат

236
0

 АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни билдиргендей, Кыргызстан менен АКШ кызматташтыктын жаңы макулдашуусун даярдап жатышат.

 Парламенттин басма сөз кызматы кабар беришинче, Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушту.

 Жээнбеков Шейла Гуолтнини элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктап, АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган ишинде ийгиликтерди каалады.

 “Кыргызстан мындан бир нече жыл мурдагыдай өлкө эмес. Биз 2010-жылдан кийинки жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз. Биринчи кезекте – таза жана ачык-айкын өткөн шайлоолор менен сыймыктанабыз. Биздин аракетибизге ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткан эл аралык өнөктөштөрүбүзгө, досторубузга, талапташтарыбызга ыраазыбыз”, – деди Асылбек Жээнбеков.

 Ал эми Шейла Гуолтни эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанга жалпы жонунан 2 миллиард доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берилгендигин айтып, АКШнын Кыргызстан менен ишеним жана өз ара сый-урматка негизделген жакын кызматташтыкты улантуу ниети бар экендигин тастыктады.

 “Силердин  мамлекеттин көз карандысыздыгын, эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн колдоо багытындагы АКШнын саясаты буга чейин да болгон жана мындан ары да улана берет. Демократия орчундуу маселелерге жарандык сектордун катышуусун, мамлекеттик башкаруу механизмдерин өркүндөтүүнү дайыма талкуулап турууну талап кылат. Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү – бул биз үчүн артыкчылыктуу багыт”, – деди Шейла Гуолтни.

Туркистон:

2015-жылы,15-июлда АКШ мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровду “Адам укуктарынын коргоочусу” сыйлыгы менен сыйлагандан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Бишкектеги ишенимдүү өкүлү РичардМайлзды 17-июль күнү министрликке чакыртып,нааразылык нотасын тапшырган эле. Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев 21-июлда кол койгон токтомго ылайык,1993-жылы 19-май күнү Вашингтондо кол коюлган өкмөттөр аралык келишим 20-августтан баштап жокко чыгарылган эле.

 Кыргызстан өкмөтү АКШга каршы алып барган бул иштерди расмий Москванын көрсөтмөсү негизинде жана ал тараптан боло турган жардамдарды эсепке алуу менен ишке ашырган эле. А бирок, Россия Кыргызстанга жардам бермек тургай, өзүнүн проблемаларын да чече албай турган абалга түшүп калды. Ошол себептен да ГЭСтерди куруу боюнча моюнга алган милдеттерин аткара албастыгын ачык айтууга мажбур болду.

 Кыргызстан бийлиги Россиядан үмүтү үзүлгөндөн кийин дагы кайрадан АКШ менен кызматташтыкты жолго коюунун аракетин көрүп жаткан окшойт. Ошол себептен да, элчи болуп дайындалганына жарым болуп калса да, Асылбек Жээнбеков Шейла Гуолтни менен биринчи жолу учурашып, алакаларды кайрадан жандантуу жолун издей башташты.

Өз кезегинде АКШ өкмөтү да постсоветтик аймактардан Россиянын таасирин сүрүп чыгаруу максатында олуттуу кадамдарды таштай баштады.Американын тышкы саясат мекемеси кабар беришинче, АКШ мамлекеттик департаменти жана АКШ Өнүктүрүү агенттигинен (USAID) Украина, Грузия, Молдова жана Борбор Азия республикаларында “Россия баскынына каршы туруу үчүн” 952 миллион доллар каражат бөлүндү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here