Москва Атамбаевден Google жана Facebookту чектөөнү сурап жатат

274
0

Евразия киберкоопсуздук уюму (Москва) өзүнүн веб-сайтында өзү тууралуу кыска маалымат берип, бул уюм “Евразия аймагында түрдүү жаштагы жеке тараптарды, IT-адистерди, блоггерлер, журналисттер жана жазуучуларды эркин келишим негизинде топтогон кыймыл” экендигин кабарлады.

 Бул тууралуу кабарлар ЖМКларда 31-январдан, 8-февралга чейинки убакыттын аралыгында пайда болгон.

 Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана КМШ мамлекеттеринин башка жетекчилерине жолдонгон кайрылууда: “Евразия мамлекеттери менен виртуалдык чегараларды жабууну, Google жана Facebookтун  ишмердүүлүгүн чектөөнү сунуштаган о.э. Viber, WhatsUp жана Telegram интернет-телефон кызматтары болсо Skype сыяктуу укук коргоо органдары менен кызматташуусу керектиги” айтылган.

 Бул кайрылуу Россия, Казакстан, Азербайжан, Белорусия, Армения, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан президенттерине жолдонгон.

 Кайрылууда айтылышынча, акыркы жылдарда постсоветтик аймактагы Евразия мамлекеттери бир нече жолу түстүү революциялар жардамында режимдердин алмашуусуна алып барган тышкы маалыматтык чабуулдарга дуушар болушту. Сүйлөшүүлөр, жарандар, бизнес компаниялардын жетекчилери жана жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлердин финансылык жана жеке ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү башка мамлекеттерге караштуу  компания жана сервистердин көзөмөлү астына түшүп калды.

 “Абал ушундай, Россиядан башка бардык КМШ мамлекеттериндеги байланыш тармагында бир гана монополист бар. Буга техникалык кызматташтык программасы шылтоосунда чет өлкөлүк системалар кызыкдар болуп, техникалык кызмат көрсөтүү жана инвестиция жаткыруу аркылуу телекоммуникация монополиясын алып киришүүдө жана ушундай жол менен мамлекеттин байланыш тармагы, ички жана тышкы алакалары туурасында уруксатсыз маалыматтарды алышууда”, – деп айтылат кайрылууда.

Туркистон: 

Россия КМШ мамлекеттериндеги сакафий колония кубатын жоготуп барууда. Сакафий колония Россия үчүн кандай пайдаларды алып келиши мүмкүн?

Украинада Россиянын сакафий таасири кандай натыйжаларга алып келгенин көрүп келе жатабыз. КМШ мамлекеттерине болгон Россиянын сакафий таасири кыскарып бара жатканы, ошол эле учурда Батыштын маалыматтык таасири жана сакафий тармактары кеңири кулач жайып бара жатканы Россияны тынчсыздандырат. Себеби, сакафий таасир кубаты, мамлекетти  чачыранды кылып жибере турган даражада мааниге ээ. Украина мамлекети Советтер Союзунан бери Россиянын сакафий колониясы астында жашап келет. Акыркы жылдарда Батыш дүйнөсү Украинанын дээрлик жарымында орус сакафатын чыгарып жиберүүгө аракет кылды. Батыш дүйнөсү Россия сакафатын Украинадан түп-тамыры менен сууруп чыгара албаса да, ал жерди өзүнүн маалыматтык көзөмөлү астында камтып алды. Натыйжада, Украинада өзүнүн сакафий таасири астындагы тарабында революциялык аракеттерди баштап жиберди жана максатына жетишти.

Россия КМШ мамлекеттеринде да өзүнүн сакафий таасир кубаты жок болуп бара жатканын көрүп турат. Негизинен Кыргызстан жана Казакстанда Россиянын сакафий таасири алсырап, Батыштын маалыматтык чабуулу баштады. Бул болсо, кудум Украинадагы сыяктуу менталитет жана сакафат себептүү эки лагерге бөлүнүүгө себеп болушу мүмкүн.

Россиянын бузук сакафаты менен Батыш алып келе жаткан ыпылас сакафаттын ортосунда айырма деле жок. Алардын экөө теӊ биз мусулмандардын украиндер сыяктуу эки тарапка бөлүнүп бири-бирибиз менен согушуубузга арзыбайт. Россия да, Батыш колонизаторлору да, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бизге кандай жашоону үйрөтүп жатышкан жок. Алар бизди бири экинчисинен тартып алып жатканда өз тарапкери көбүрөөк болушун гана каалашат.

Өлкөлөрүбүздөгү бул сакафий карама-каршылык, өтө кескин жана кооптуу кырдаалдарды пайда кылат. Ошондуктан, үстүбүздө бизге көзүн кызартып жаткан бузуку күчтөрдүн экөөнө теӊ ыктабастан, кайсы бирине болсо да ыктаган багыттарды жок кылышыбыз максатка ылайыктуу болор эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here