Крымды басып алууда негизги милдетти аткарган эки генерал бир аптанын ичинде “күтүүсүздөн” көз жумду

341
0

 Россиянын ЖМКлары РФ Башкы штабынын разведка башкармалыгынын башчысы генерал-полковник Игорь Сергун 4-январь күнү 59 жашында “күтүүсүздөн” дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабар таркатышты.

Белгилүү болгондой, Путин өкмөтү Россия тышкарысында ар түрдүү террордук чабуулдарды ишке ашырууда жана расмий Кремль үчүн “жагымсыз” болгон саясатчыларды жок кылууда дал ушул Игорь Сергун башчылык кылган кылмышкерлер тобунан пайдаланып келет.

 О.э. 2014-жылдын жазында Крым басып алынышында да ушул топ маанилүү рол ойногон эле.

 Мындан тышкары, Крымдын аннексия кылынышында түздөн-түз катышкан аба кошуундары Штаб башчысынын орунбасары генерал-майор Александр Шушукин да 27-декабрь күнү “күтүүсүздөн” көз жумган эле.

 Крымдын басып алынышына түздөн-түз тиешеси болгон эки генералдын бир аптада “күтүүсүздөн” көз жумушу Путин командасы ичинде келишпестик пайда болгонуна же “топу тар келип калган соң” тазалоо иштери башталгандыгына ишара кылып жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here