«Узбекнефтегаз» чет өлкөлүк инвесторлор ортосунда тендер жарыя кылды

244
0

Өзбекстан өкмөтү мамлекеттеги бир нече нефть-газ кендеринде геологиялык чалгындоо, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана кайрадан иштетүү долбоорун ишке ашыруу үчүн тендер жарыя кылды.

“Узбекнефтгаз” улуттук холдинги компаниясы тарабынан берилген билдирүүдө айтылышынча, тендер жарыя кылуудан көздөлгөн максат, мамлекеттин Сечанкол, Акжар жана Чимбай инвестиция блокторунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү о.э. Урга, Акчалак жана Чандир кендеринде казуу иштерин активдештирүү. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет элдик инвесторлор чакырылган. Ушул долбоорго кызыгуусун билдирген чет элдик компания же инвесторлор тандоого катышуу үчүн ушул аптанын аягына чейин кайрылса болот.

Жогорудагы долбоорлор “Узбекнефтгаз” менен чет элдик инвесторлор ортосунда биргелешкен ишканаларды түзүү жолу менен ишке ашырылат. Ушул долбоордун жалпы баасы 700 миллион доллар болушу күтүлүүдө.

Бүтүндөй мамлекет бойлоп 200дүн тегерегинде нефть-газ майданы аныкталган. Өзбекстанда нефть жана газ кендеринин 100дөн ашууну учурда иштеп жатат. 50гө жакын кен болсо пайдалануу үчүн даярдалууда. 30дан ашуун жерлерде чалгындоо иштери жүрүп жатат. 10го жакын нефть жана газ кенинин ишмердүүлүгү токтотулган.

Учурда орус маалымат агенттиктери Россиянын “Газпром” компаниясы 2016-жылы Өзбекстандан жаратылыш газын сатып алууну көбөйтүшү тууралуу жазууда. Кабарларда айтылышынча, Газпром компаниясы Россияга экспорт кылынуучу өзбек газынын көлөмүн көбөйтүү боюнча өзбек газчылары менен өткөн айда келишим түзүшкөн. Газпром компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер газ тармагында Өзбекстанды “ишенимдүү өнөктөшүбүз” деп атады жана келишимдин натыйжасын жогору баалай тургандыгын билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here