Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда сооданын көлөмү азайып кетти

247
0

 Кыргызстан өкмөтү Россиянын басымы астында мамлекетти ЕАЭБге алып киргенге чейин “Кыргызстан үчүн 170 миллион адамдык базар ачылышы жана инвестициялык чөйрө жакшырышы” тууралуу тынымсыз айтып, калктын койнун куру жаңгак менен толтуруп келди. Мына Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенине да жарым жыл болуп калды. Ушул убакыттын ичинде Кыргызстан экономикасы бул уюмдун зыянынан башка нерсени көрбөдү.

Расмий өкмөт айткандай, Кыргызстан үчүн 170 миллион кишилик базар ачылышынын ордуна Россия үчүн арзан жумушчу күчү базары ого бетер кеңейди. Себеби, Борбор Азиядагы эң чоң дүң базарлар болгон “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларындагы сооданын көлөмү 70-80 пайызга түшүп кетишинин натыйжасында бул базарларда тиричилик кылып жаткан миңдеген адамдар Россияга жумуш издеп кетүүгө мажбур болуп жатышат. Ошол базарларда соода көлөмүнүн түшүп кетиши болсо өз кезегинде кошуна Казакстан менен соода жүгүртүүнүн азайып кетишине алып барды. Себеби, Кыргызстан Казакстанга негизинен Кытайдан келген товарларды реэкспорт кылат эле.

 Кыргызстандын мамлекеттик бажы кызматы берген маалыматтарга ылайык, өткөн 2015-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы сооданын көлөмү 1,8 эсеге төмөндөп кеткен.

Өткөн жылдын 11 айында эки мамлекет ортосундагы сооданын көлөмү 472 миллион 691 миң долларды түзгөн болсо, 2014-жылдын 11 айында болсо бул көрсөткүч 858 миллион 509 миң долларга барабар болгон эле.

 Казакстандан импорт кылынуучу продукциялардын көлөмү 11 айдын ичинде 518 миллион 117 миң доллардан 321 миллион 991 миң долларга түшүп кеткен болсо, экспорттун көлөмү болсо, 340 миллион 392 миң доллардан 150 миллион 700 миң долларга түшүп калды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here