Милиция кызматкерлеринин “кереметтүү колдору менен” мультфильм жазылган DVD диск да экстремисттик материалга айланып калат

310
0

 Ош шаарында дагы бир мусулман боордошубузга жалаа жабышты. 1977-жылы төрөлгөн, үч баланын атасы Тагаев Бахром наабайчылык кесибин аркалап, ошону менен үй-бүлөсүн багып келе жаткан эле. Мындан бир ай мурда анын үйүнө Ош ШИИБнин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тинтүү жүргүзүү үчүн келишкен. Тинтүү жүргүзүүгө болсо боордошубуздун үйүнө жакын жерден жардыруучу зат табылганы негиз кылынган. Тинтүүнүн натыйжасында ИИМ кызматкерлери мультфильм жазылган үч даана DVD дискти алышкан. Боордошубуздун дискти ушул жерде текшерип көрүү туурасындагы талабын четке каккан күч түзүмүнүн кызматкерлери, ага жалаа жабуу (подстава кылуу) ниети жок экендигин жана аларга  ишениши мүмкүн экендигин айтышкан. Бахром алардын убадасына ишенип кала берген.

Бирок, 13-декабрь күнү Бахромду Данияр деген тергөөчү чакыртып, теологиялык экспертизанын натыйжалары DVD диск экстремисттик мазмунда экендигин аныктагандыгын айткан. Буга таң калган Бахром аларга Аллахтан коркууну, Кыямат күнүндө өздөрүнө кыйын болушун, Акырет азабы алдында алардын жазасы эч нерсе эместигин жана мусулман болгону үчүн гана доомат кылып жатышканын айткан. А бирок, алар Бахромдун сөзүнө көңүл да бурбастан, аны камакка алышты.

Убактылуу кызматта отурган милиция кызматкерлери бир күнү бардыгыбыз сыяктуу эле өздөрү да өлүшүн жана бул кылмыштары үчүн Аллахтын алдында жооп беришин унутуп коюшкан окшойт. Алар дос ким да, душман ким экендигин ажырата албай, Россия жана Американын буйруктарын аткаруу менен убара болуп, көздөр катып кала турган Күндө абалы эмне болушу тууралуу ойлонбой жатышат.

“(Эй Мухаммад), сен эч качан: “Аллах залим кимселердин кылып жаткан иштеринен бейкапар (кабарсыз)”, – деп ойлобогун! Бар болгону Аллах аларды(н жазаларын) көздөр (коркунучтан) катып кала турган, (коркунучтуу кыямат) күнүнө гана калтырууда. (Ал күндө) алар баштарын (асманга) көтөрүшкөн бойдон (чакырылган тарапка эсеп-китеп үчүн) жүгүрүшөт. Көздөрү өздөрүнө кайтпайт (т.а. коркунучтан катып калып, өздөрүнүн кандай абалда экендиктерин да көрүшпөйт). Дилдери (коркунучтун айынан) боп-бош болуп калат”.(14: 42-43)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here