Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев иш сапар менен Россияга жөнөп кетти. Атамбаев Москвада 21-декабрь күнү болуп өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУнун) кезектеги сессиясына жана Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат.
Сапар учурунда Атамбаев Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашат.
Мындан тышкары, Москвада ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйны да болуп өтөт.
Туркистон:
Россия акыркы кездерде Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзбөй койгон. Ал өз кызыкчылыгы үстүндө гана кыргыз чиновниктерине басым өткөрөт. Атамбаевге сабыр берсин, анын Түркияга болгон жылуу мамилеси жана акыркы кездерде Батыш жана бир нече Араб өлкөлөрү тарапка барып жатканы Путиндин ачуусуна тийет.
Кыргызстан кичинекей жана алсыз мамлекет болгондуктан, өзүнүн ресурстарынан өз ыктыяры менен пайдалана албайт. Кыргыз бийлиги ар дайым чет өлкө менен бирер пайдалуу болушу мүмкүн болгон келишимдерди түзө башташы менен Россиянын мафиялашкан өкмөтү – Кыргызгазды 1 долларга сатып алганы сыяктуу – бир нече стратегиялык жактан маанилүү болгон о.э. тышкы инвесторлорду кызыктырышы мүмкүн болгон тармактарды сатып алып коёт. Жогорудагы Путин менен Атамбаевдин жолугушуусунда энергетика тармагыбызды сатуу жөнүндө сүйлөшүүлөр болушу божомолдонуп жатат.