«Батыш тузагына түшпөгүлө, Аллахтын арканын бекем кармагыла» кампаниясы өз ишин баштады

287
0

Басма сөз баянаты

«Батыш тузагына түшпөгүлө, Аллахтын арканын бекем кармагыла» кампаниясы өз ишин баштады

Кафир Батыш мубарак Шам козголоңун жок кылууга тынымсыз аракеттенип келе жатат. Мында ал бардык ыкма жана каражаттарды ишке салды. Шерменделик конференциясы болгон «Эр-Рияд конференциясында» жүз берген иштер бул ыкма жана каражаттардын акыркысы эмес. Батыш бул конференция аркылуу Шам калкын тузакка түшүрүүгө, козголоңчу топторду чогултуп аларды улуттук коалиция жана андан башка Америка көзөмөлүндө даярдалган адамдардан турган Батышка малай саясий жетекчилик астында бириктирүүгө аракет кылууда. Мындан көздөлгөн максат, бул малай жетекчиликтин бийликти жаңы малайга өткөрүү сүйлөшүүлөрү агымына кириши жана Дарул Ислам борбору болгон Шамда мамлекеттик түзүм катары илманийликти бекемдөө. Бул конференция менен бир мезгилде сулхтар да жүз берди. Америка бул сулхтарды режим менен куралдуу оппозициянын кээ бир топтору ортосунда түзүү менен бул сулхтарды режимдин пайдасына ишке ашырат…

Хизб ут-Тахрир бул окуялар жөнүндө 2015-жыл, 11-декабрда «Бири-бирине байланышкан эки анык жамандык… Сириядагы сулхтар… жана Саудиядагы сүйлөшүүлөр» деген аталышта баракча чыгарган эле. Анда төмөнкүлөр келген: «Бул сулхтарга жана сүйлөшүүлөр жараяндарына ой жүгүртүп карап чыксак, алар Ислам дияры борбору болгон Шамга каршы түзүлгөн кек-душмандыкка толгон ыплас пландардын жемиши экенин көрөбүз. Бул фитналарды Ислам жана мусулмандарга душман Америка башчылыгындагы Батыш жана Чыгыш мамлекеттери уюштуруп жатат. Тогут режим жана анын жардамчылары, кошуна мамлекеттердеги малай акимдер, тогутка каршы каршылык кыймылынын «тонун» кийип, кийин тогут менен сулх түзүп жаткан, оппозиция «тонун» кийип, кийин бул тогут менен сүйлөшүүгө киришип жаткан саясий жана аскерий оппозициянын кээ бир бөлүктөрүнөн турган жүгүртөк малайлар бул фитнанын жүзөгө чыгышына көмөк көрсөтүп жатышат». Анда төмөнкүлөр да келген: «Бул конференциянын акыбеттерине жана аны өткөрүү себептерине терең назар салсак, ушул нерсе айкын болот: Америка өзүнүн Коалиция жана муътадил же муаддил (өзгөртүлгөн) топтордон турган куурчактарын Шам калкынын колдоосуна жетиштире албаган соң, (азыркы малайды жаңы малайга алмаштыруу үчүн) дагы бир пакиза жердеги дагы бир тогуттун жардамына таянууга өттү. Америка өзү жүзөгө чыгара албаган нерсени бул тогут жүзөгө чыгарып берет, себеби, бул тогут акча менен камсыздоо жана адаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ деп ойлоодо».

Алар Шам жериндеги топтор жана мусулмандардын көздөгөн максаты деген этибарда «оппозицияны бириктирүү» жана «бекем кармоо» сөзүн көп колдонушту жана аны конференциянын максаты кылып белгилешти. Алар куру биригүүнү бир максат кылып коюшту, бирок эмне негизинде биригүү жана эмнени бекем кармоо жөнүндө эч кандай түшүндүрмө беришпеди. Эгерде ачык-айкын айтышканда, анда, албетте «Биз бул биригүү Исламдын башкарууга кайтуу долбооруна каршы согушуу үчүн болушун каалайбыз, бул долбоорго каршы мусулмандардын өздөрү согушуусун каалайбыз» деп айтышкан болор эле. Ошондуктан, биз Хизб ут-Тахрир-Сирия вилаятынын мүчөлөрү «Батыштын тузагына түшпөгүлө, Аллахтын арканын бекем кармагыла» деген аталыштагы кампания башталышын жарыя кылабыз. Биз бул кампанияны бекем кармоо жана биригүү Батыш ыраазы боло турган негизде эмес, Аллах Субханаху ва Таала ыраазы боло турган негизде болушун, кафир Батыш үстүбүзгө жүктөмөкчү болуп жаткан демократиялык жарандык мамлекети долбоору негизинде эмес, Расулуллах A башарат берген рошид Халифалык долбоору негизинде гана болушун баяндоо үчүн өткөрөбүз. Биз бардык калыс адамдарды Аллахтын арканынан башка нерсени бекем кармоону же башка негизде биригүүнү четке кагууга чакырабыз. Кафир Батыш жана анын малайлары менен байланышкан ар кандай тузак аркандарын кесип, үзүп таштоого чакырабыз. Аллах Таала айтат:

﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا…

«Баарыңар Аллахтын арканынан байлангыла жана бөлүнбөгүлө!»                             [3:103]

 

Устаз Ахмад Абдулваххаб

Хизб ут-Тахрир-Сирия вилаяты

Басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

 Skype: TahrirSyria

Электрондук почта: media@tahrir-syria.infoahmadabdalwahab2@gmail.com

Сирия вилаятынын расмий сайты: www.tahrir-syria.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here