Дүйнөдө качкындар саны күндөн-күнгө көбөйүп барууда

403
0

5-август күнү бортунда 700 африкалык адам болгон кеме Ак Деӊизге чөгүп кетти. Алынган кабарларга ылайык жүздөгөн адамдар өлгөн. Май айында болсо 8 миң аракандык мусулман качкындар бир нече апталап деңизде калып кетишкен.

Акыркы жылдарда качкындар жана мигранттар маселеси о.э. деңизге чөккөн бирер кеме жана миӊдеген адамдардын өлүшү маселеси дүйнөнүн эң маанилүү проблемаларынын бирине айланды. Бул жаатта бир нече изилдөөлөр жана отчёттор бар. Эл аралык изилдөө борбору 2013-жылы таркаткан отчётко ылайык, дүйнө бойлоп эл аралык мигранттардын саны 1990-жылы 154 миллионго жеткен болсо, 2000-жылы 175 миллионго, 2013 жылы болсо 232 миллионго жетти. Аткарылып жаткан иш-чараларга карабастан бул цифра азайгандын ордуна күндөн-күнгө көбөйүп барууда. Жыл сайын миңдеген качкындар өлүшөт. 1993-2014-жылдар аралыгында Ак Деңизде өлгөн качкындардын саны 30 миңден ашып кетти. 2014-жылдын өзүндө эле 3419 адам өлгөн.

Ко-ош, эмне үчүн бул адамдар жандарынын акысына мекенин таштап хижрат кылып жатышат? Эмне үчүн көрүп-билип туруп эле кырсыктуу сапарга эң жакын адамдары менен чыгып жатышат? Эмне үчүн 150 миллиард доллардык адам соодасынын алды алынбай жатат? Эмне үчүн бул проблеманы чечүү үчүн эч кандай иштер аткарылбай жатат? Дүйнөнү башкарып жаткандар, мусулмандарды башкарып жаткан жетекчилер кайда калышты?

Эй мусулмандар! Исламий Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин кафир батыш мамлекеттери дүйнөнү зулумга толтурду. Алардын зулумдары ушунчалык көбөйүп кетти дейсиӊ, жетип барбаган бирер жер калбады. Айрыкча Жакынкы Чыгыш, Борбордук Африка жана Орто Азияда жашаган миллиондогон мусулмандар жандарын, намыстарын жана келечектерин куткаруу жолунда өлүм сапарына чыгууга мажбур кылынышты.

2014-жылдагы отчётторго ылайык, дүйнөдөгү ар бир бешинчи качкын сириялык. Башкалары болсо Ирак, Судан, Палестина, Крым, Борбордук Африка, Нигерия, Афганистан жана Бирмалык мусулмандардан турат. Качкындардын көпчүлүгү Ислам өлкөлөрүнөн экендиги таптакыр кокустук эмес. Себеби, Исламга душман болгон колонизатор кафир Америка, Британия, Франция, Израиль жана Россия сыяктуу мамлекеттер бүт дүйнөгө өкүмүн өткөрүүгө аракет кылышууда. Алардын душманы болсо мусулмандар.

Эй мусулмандар! Дүйнө жүзүндө мусулмандар башбаанек сурап бара турган бирер “Хабаш жери” калбады. Качкындардын бир бөлүгү жолдо өлгөн болсо, дагы бир бөлүгү адам соодагерлеринин колуна түшүп, сойкулук кылууга жана кул болууга мажбурланууда. Калгандары болсо – эгерде колго түшүп калышпаса – ачка, үй-жайсыз өмүр өткөрүп жатышат. Он миңдеген качкындар өлүп жаткан бир убакта кафир мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана мусулмандардын башындагы жетекчилер болсо кафирлер тарабынан сызып берилген чегараларын коргоо үчүн бул адамдардын деңиздерде чөгүп өлүшүн тамаша кылып турушат. Акыйкатта болсо, бир момундун кадыры Аллах Тааланын назарында Каъбадан да кадырлуу. Ошондой болгон соӊ, канткенде бул зулумдарга сүкүт сактап турушубуз мүмкүн.

Аллахтын Расулу с.а.в. мындай деген:

«مَا أَطْيَبَكِ وَأَطْيَبَ رِيحَكِ مَا أَعْظَمَكِ وَأَعْظَمَ حُرْمَتَكِ وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ لَحُرْمَةُ الْمُؤْمِنِ أَعْظَمُ عِنْدَ اللهِ حُرْمَةً مِنْكِ مَالِهِ وَدَمِهِ وَأَنْ نَظُنَّ بِهِ إِلاَّ خَيْرًا»

«(Эй Каъба) Кандай гана жакшысын жана кандай гана жагымдуусун, кандай гана улуусун жана сенин урматыӊ да кандай гана улуу. Мухаммаддын жаны колунда болгон Затка ант болсун, момундун урматы, анын каны жана малынын урматы Аллахтын алдында сенин урматыӊдан да улуу. О.э. момун туурасында жакшылыкты гана күмөн кылышыбыз да сенин урматыӊдан улуу».

Муса Байоглу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here