Кытай АКШ долларынын ордуна Россия рублин мамилеге киргизди

302
0

Кытай борбордук банк кээ бир аймактарда АКШ долларынын ордуна Россия рублин мамилеге киргизе баштады. Кытайдын Суйфэньхэ шаарында борбордук банк юань менен бир катарда рублди мамилеге киргизүү туурасында токтом кабыл алды. Жаңы башталган иш-чара тажрыйбасына ылайык, Россия рубли Америка долларынын ордун ээлей алышы айтылууда.

Кытай экономика министрлигинин башкы катчысы Жин Мэй расмий билдирүү берип, орус рублинин иш жүзүндө колдонулушу Кытайдын Россия менен болгон соода жана туризм алакаларын күчөтүүгө каратылгандыгын айтты. Билдирүүдө айтылышынча, эки мамлекет ортосундагы өз ара экономикалык алакалардын көлөмү өткөн жылы 1,32 миллиард долларга жеткен. О.э.билдирүүгө ылайык, доллардын ордуна рублдан пайдалануу узак мөөнөттүү жана пайдалуу натыйжаларды алып келиши пландаштырылган. Ушуга ылайык, соода борборлору, мейманканалар жана ресторандар сыяктуу бардык коомдук жайларда рубль менен мамиле кылуу мүмкүн болот.

Эскерте кетсек, 2014-жылы Россия менен Кытай ортосунда 150 миллиард доллар өлчөмүнө барабар юань алмаштыруу келишимине кол коюлган эле. Бул болсо, Украина кризиси себептүү экономикалык жактан оор абалга түшүп калган Россия үчүн жаңы “эшик” милдетин өтөгөн эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here