Уфада БРИКС жана ШКУ саммити болуп өттү

383
0

 Россия эл аралык саясатта жекеленип калышы артынан БРИКС жана ШКУну дүйнө саясатында мүмкүнчүлүгү жетишинче таасирлүү уюмга айландырууга олуттуу аракет кыла баштады. Уюм ичинде өнүктүрүү банкын жайгаштыруу, Украинадагы абал, Грецияда пайда болгон экономикалык кризис жана “ИШИМ” коркунучуна байланыштуу суроолордун талкуу кылынышы, Индия менен Пакистандын ШКУга кабыл кылынышы буга мисал боло алат.

 Россия бул максатын ишке ашыра алабы?

 ШКУга эл аралык баа берилишине канчалык аракет кылынбасын, ал жөнөкөй бир уюм болушунан ары өтө албайт. Анткени, бул уюм мабдаий эмес, бутүм жана келишимдер болсо Америка өз кызыкчылыктарына ылайык абалда түзүп алган эл аралык нормалардын негизинде жүргүзүлөт. Дүйнөдө болуп жаткан саясий абалга баа берүүдө да ушул нормалардан ары өтө албайт. Банк  тармагында болсо долларды негиз кылып алышы аны көз карандысыз экономикалык иштерди кылышына тоскоолдук болот. Эң негизгиси уюмга мүчө мамлекеттердин бардыгы эл аралык нормаларды бузбоого, бул нормаларга тескери келүүчү бүтүмдөрдү түзбөө туурасында декларацияга кол коюшкан. Мындан тышкары, саммит катышуучулары өз ооздору менен бул уюм экономикалык гана уюм экенин тастыкташууда. Ушул орунда, эмне үчүн саясаты эки башка жакты караган Индия менен Пакистан бул уюмга мүчө болууга умтулууда деген сурооо туулат? Мунун жообу жөнөкөй, Америка эл аралык коомчулукту өз таасири астында уучтап туруу жана Россияны эл аралык саясаттан оолактатуу максатында бул мамлекеттерди ШКУга кошулууга үндөдү.

Жогорудагылардан бүтүм кылып айта турган болсок, бул уюмга эл аралык  түс берүү аракети кылынса да, ал жөнөкөй уюм боюнча кала берет. ШКУ эл аралык абалга таасир өткөзүшү үчүн жетекчи мамлекеттердин кызыкчылыгын көздөбөгөн, бир гана идеологиялык принциптерге негизделиши керек. Экономикалык мамилелери да бир гана мамлекеттин валютасына эмес, алтын стандарт негизинде болгон көз карандысыз мамлекеттердин жыйыны болушу керек. Ошондо гана бул уюм дүйнө саясатында бир нече мамлекеттин гана кызыкчылыгын эмес, вертикалдуу кызыкчылыктарды коргой ала турган уюмга айланат.

 Сазойи

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here