Россия АКШ үчүн коркунуч эмес

325
0

АКШ мамлекет катчысы Жон Керри Россияны Америка улуттук коопсуздугу үчүн коркунуч катары көрбөйт. Бул тууралуу АКШ тышкы иштер министрилгинин расмий сүйлөөчүсү Марк Тонер пресс брифингде маалымдады.

Жакында эле Барак Обама тарабынан мамлекеттин башкы штаб башкармалыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн генерал Жозеф Данфорд, Россия Американын улуттук коопсуздугу үчүн чоң коркунуч экендигин айткан эле. Брифинг учурунда Марк Тонерден бул туурасында суралганда, ал Жон Керри бул багытта Жозеф Данфорд менен макул эместигин билдирди.

“Ачык айта турган болсок, мамлекет катчысы Керри Россияны да, Кытайды да АКШ коопсуздугуна коркунуч катары көрбөйт”, – деди Марк Тонер.

Тонер АКШ менен Россия ортосунда кээ бир маселелерде конфликт болуусуна карабай, бул эки мамлекет маанилүү маселелер үстүндө шериктештик кылып жатканына көңүлдү бурду. Анын айтымында, Керри негизги коркунуч Исламчылардан деп билет.

“Аймакта болуп жаткан окуялар себептүү Россия менен АКШ ортосунда келишпөөчүлүктөр бар. Бирок, биз буга коркунуч катарында карайбыз”, – деди Тонер.

АКШ башкы штаб башкармалыгына талапкер болуп көрсөтүлгөн генерал Жозеф Данфорд өткөн күнү куралдуу күчтөр комитетинин жыйынында Россияны АКШ коопсуздугу үчүн коркунуч катары баалаган эле.

“Эгер АКШ коопсуздугуна коркунуч туудура турган мамлекет туурасында талкуу жүргүзө турган болсок, мен сизге Россияны көрсөтүшүм мүмкүн. Эгер Россияга этибар берсеңиз, анын аракеттери жалаң гана проблема пайда кылуудан башка нерсе эместигине күбө болосуз”, – деп билдирген Жозеф Данфорд.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here