Индия менен Пакистан ШКУга кабыл алынды

312
0

 Уфада 10-июлда Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити болуп өттү. Буга чейин уюмга 6 мамлекет: Өзбекстан, Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө болчу. Саммитте төрагалык кылган Россия президенти Владимир Путин Индия менен Пакистандын уюмга тең укуктуу мүчө катары кабыл кылынганын жарыя кылды. Муну менен бирге, Беларус диалогдогу өнөктөш деген макамынан күзөтүүчү тайпасына өткөзүлдү. Ал кийинки саммиттерде Иран, Афганистан жана Монголия менен бир катарда ушундай макамда катыша алат. Ошондой эле, диалогдогу өнөктөш макамындагы Армения, Азербейжан, Непал жана Камбоджага Түркия жана Шри-Ланка мамлекеттери келип кошулду. Саммит башталышынан мурун ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү уюмга Индия менен  Пакистандын кабыл кылынышы жараянын башталганы тууралуу айтып жатышкан эле. Бирок, саммит күнү Өзбекстан президенти Ислам Каримов Владимир Путин менен жолугушканда бир нерсеге айкындык киргизүүсүн сурады. “Индия менен Пакистандын ядролук мамлекеттер экендигин эсепке алганда, алардын ШКУга кабыл кылынуу жараяны кандай болушу керек? Бул жагдайдан каралса, алардын эртең ШКУ курамына кириши саясий картаны эле эмес, балким, күчтөр таразасын өзгөртүп жибериши мүмкүн”,-деп айтты Каримов.

 Бул маселе ШКУнун жыйыны башталгыча талкууланды. Бардык жетекчилер кеңейтилген жолугушууга жыйналып, Индия менен Пакистанды ШКУга кабыл алууга чечим чыгарышты.

Индия жана Пакистандын ШКУга кириши менен уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында жашаган калк, бүткүл дүйнө калкынын 42%ын түзүп калды. ШКУга кошулган мамлекет жетекчилери – Индия премьер министри Нарендра Моди жана Пакистан премьер министри Наваз Шариф өз мамлекеттеринин уюмга кабыл кылынгандары үчүн ыраазычылык билдиришти. Моди өзүнүн пакистандык кесиптешин уюмга кабыл кылынганы менен куттуктады, бирок андан куттуктоо жообун албады.

 Дели менен Исламабад ШКУнун толук кандуу мүчөсүнө айланышы үчүн 28 документти анын ичинде узак мөөнөткө достук кызматташууну ратификация кылуулары керек. Бул келишимдин 5-беренесинде тараптар чегараларынын кол тийгистигин урмат кылуулары, “чегара аймактарында аскерий ишеничти бекемдөөгө” активдүү салым кошуулары айтылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here