“CA-NEWS” сайтынын кабар беришинче, АКШнын Казакстан жана анын чегараларына жакын жерде аскерий базаларды жайгаштыруу планы жок. Бул тууралуу АКШнын кургактыктагы кошуундарынын командачысынын орунбасары Уильям Хикман Казакстан телерадиокомпаниясынын журналисттерине берген интервьюсунда айтып өткөн.
АКШлык аскерий АКШ армиясы “шериктерди издөө үчүн дүйнөгө кадам таштап жатканын” айтты. Ошону менен бирге Хикмандын айтымында, кагышуулар жүз берип жаткан мамлекеттерге тынчтык орнотуучу кошуундарды киргизүү чечимин саясатчылар кабыл алат. Хикман Казакстан эгемендүү мамлекет катары тынчтык мезгилде АКШ менен аскерий кызматташтыкты өнүктүрүү чечимин көз карандысыз кабыл алды деп айтууда.
Журналисттердин “Бул нерсе Казакстандын айланасында кийинчерээк АКШ куралдары пайда болот дегенди билдирбейби?” деген суроого “Жок, таптакыр андай эмес! Биздин Казакстанда базаларды куруу же жайгаштыруу ниетибиз жок. Максатыбыз бул жерге келип, бирге иштеп, бирге кызматташтык кылып, кийин артка кайтып кетүүдөн турат”, – деп баса белгиледи Хикман.
Туркистон:
НАТО кээ бир өлкөлөрдү өзү үчүн стратегиялык жактан өтө маанилүү деп билет о.э. аларды түздөн-түз өзүм коргошум керек деп билет. Бул мамлекеттер негизинен азыркы Европа мамлекеттери. Бирок, акыркы жылдарда НАТО дүйнөнүн бардык региондорунун коопсуздук проблемаларында өзүн күйүмдүү көрсөтө баштады. Анын бул активдүүлүгү 2001-жылдын аяк чендеринде Афганистанга каршы 2014-жылга чейин уланган согуш убагынан башталды.
НАТО Ташкентте өзүнүн расмий офисин ачты. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу Афганистанга кошуна мамлекеттерди да исламий согушкерлер коркунучунан эскертип, аларды Россиянын аскерий карамагынан чыгарып алууга аракет кыла баштады. Бул үчүн ал мамлекеттерге өзүнүн Афганистандан алып чыгып кетиши күтүлүп жаткан аскерий техникаларын сунуштады. Учурда НАТО өзбек аскерийлери үчүн бир нече жүздөгөн техникалык арсеналдарын сунуштады. Ал техникаларды өзбек аскерийлери өздөштүрүп алышы үчүн АКШ жүздөгөн аскерий адистерин да Өзбекстанга жайгаштырды. Эми АКШнын аскерий машинасы болгон НАТО Казакстанда да өз катышуусун күчөтмөкчү.
Афганистанда НАТОнун 9 миӊдей аскери калат. Бирок көӊүл буруӊуз, АКШ Борбор Азиядагы аскерий тактикасын өзгөртүп жатат. Ал мурда НАТОну же илгерирээк, эл аралык коалиция түзүп, алардын атынан Афганистанда өзү согуш жүргүзүп жаткан эле. Эми болсо, Афганистанда исламий согушкерлерге каршы НАТОнун ордуна афган армиясын коймокчу. Өзү болсо, көӊүл буруӊуз, болгону эки тарапты куралдантып туруучу бир көзөмөлчү, кеӊешчи же аскерлерди даярдап берүүчү инструктор болуп калмакчы.
Орто Азияда да, казак, кыгыз, өзбек армияларын АКШ өз тактикасы негизинде тарбиялап, аларды өзүндөгү аскерий техникалык жабдыктары менен толук камсыздап, бүтүндөй Борбор Азияны – Жакынкы Чыгыштагы “ИШИМ” же “Хусийлер” аркылуу регионду коркутуп келе жатканы сыяктуу – региондо пайда кылынышы мүмкүн болгон бир жаңы айла-амалга даярдап жатат.