Путин Донбасты таштап кетүүгө токтом кылды

344
0

 Батыш тарабынан киргизилген санкциялардын экономикага терс таасири себептүү Россия Украина чыгышындагы окуялардан акырындык менен чыгып кете баштайт. Бул тууралуу саясий серепчи, “The New Times” журналынын башкы редактору Евгения Альбац “Эхо Москвы” радиосуна берген интервьюсунда билдирди.

 “Донбасс маселесинде токтом кабыл алынды. Россия акырындап ал жерден чыгып кетет. Ушул жерде бир суроо пайда болот, дөөшү менен балканын ортосунда калып, эч кимге кереги болбогон Донбасстагы адамдар эмне болот? Гуманитардык жардам жеткирип берүүгө байланыштуу проблемалар, айрыкча тамак-аш жок болгон шартта алар кандай аман калышат? Мен таптакыр түшүнө албай жатам”, – деди Евгения Альбац.

 Альбацтын пикиринче, расмий Кремль бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен кошумча санкциялардын алдын алууга аракет кылат.

 “Россия өкмөтү санкциялар өтө олуттуу экендигин түшүнө баштады. Санкциялардын жаңы баскычы – Россия экономикасы дагы бирер соккуга кандай туруштук бериши түшүнүксүз”, – деп белгилеп өттү саясат таануучу.

 Альбацтын баса белгилешинче, Россия өкмөтү АКШнын мамлекеттик катчысыи Жон Керри аркылуу банк секторуна каршы киргизилген санкциялардын жок эле дегенде бир бөлүгүн алып таштоого президент Барак Обаманы көндүрүүгө аракет кылууда.

 Мындан бир аз мурда, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Донецк жана Луганск областтарына автономия берүү чечимин Украина калкы кабыл алышы керектигин жана учурда Украинадагы эӊ жакшы мүмкүнчүлүк бул – Порошенко экендигин айтып өткөн эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here