БУУнун башчысы Астанада өтө турган диний жетекчилер ассамблеясына келет

386
0

“CA-NEWS” сайынын абар беришинче, БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Казакстандын борборунда 10-июнь күнү болуп өтүүчү Бешинчи бүткүл дүйнөлүк жана салттуу диний жетекчилер ассамблеясына келет. Бул тууралуу анын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.

 Мындан тышкары, Пан Ги Мун сапардын алкагында Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, премьер-министр Карим Масимов, ТИМдин башчысы Ерлан Идрисов жана сенат спикери Касым-Жоомарт Токаев менен жолугушууларды өткөрөт.

 Пан Ги Мун Казакстанга Орто Азия турнесинин алкагында келет. 9-июнь күнү ал Тажикстанда болуп, бир катар иш-чараларга катышат жана жогорку даражадагы жолугушууларды өткөрөт. Ошону менен бир катарда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен да жолугушат жана Сарез көлүнө сапар уюштурат.

 11-июнь күнү БУУнун башчысы Бишкекте болуп өтүүчү Кыргызстандагы парламентаризмди өнүктүрүү маселелерине арналган эл аралык конференциянын ачылыш ырасымына катышат, андан кийин болсо мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 12-июнда болсо ал Өзбекстанга сапар кылып, президент Ислам Каримов жана тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушат.

 Акырында, Түркмөнстанга өтүп, мамлекеттин президенти менен маектешет. О.э. Эл аралык гуманитардык илимдер университетинин студенттери менен жолугушат.

Туркистон:

  БУУнун башчысынын бул сыяктуу диний ассамблеядагы ролу кандай болушу мүмкүн?

 АКШнын таасири астында болгон БУУ уюму жана анын убактылуу жетекчиси Пан Ги Мун дүйнөдө жүз берип жаткан геосаясий жана идеологиялык өзгөрүштөрдөн тынчсыздана баштады. Ислам идеологиясы исламий дүйнөнү о.э. куфр диярларын өзүнүн күчтүү пикирий жетекчилик кубаты менен дагы кайрадан өзүнө тарта баштады.

Учурдагы дүйнөлүк куфр системасы болсо, кризиске жүздөнүп, дүйнөдөгү өлкөлөрдө удаама-удаа таасир кубатын жоготуп барууда. Ислам дини дагы кайрадан өзүнүн саясий позициясын ээлеп бара жатат. Бул алар жашырууга аракеттенип жаткан негизги проблема.

Куфр дүйнөсүнүн проблемасы исламий муътадил деп атап алышкан жасалма элита өкүлдөрүнүн аракеттерисиз чечилиши мүмкүн эмес. Алар куфр системасынын негизги жана учурда жападан-жалгыз коргону болуп турушат. Жогоруда ошол муътадил элита өкүлдөрү чогулуп, өз кожоюндары менен кызматташтыкта Ислам жана мусулмандар үстүндө жүргүзүп жаткан айла-амалдарына өзгөрүп бара жаткан абалга ылайык кандай жаңы ыкмаларды, дүйнөлүк куфр ситемасынын пайдасы үчүн жаңы пландарды иштеп чыгуу туурасында талкууларды жүргүзүшөт. 

АКШ Пан Ги Мун аркылуу Орто Азия өлкөлөрүнө кандайдыр таасир өткөрүүгө аракет кылат. Бул өлкөлөр үчүн уюштурулуп жаткан исламий жасалма ызы-чууларда кандай жардам бериши мүмкүндүгү туурасында кудум тилектештик колун сунуп көрөт. Кыскасы, Борбор Азия мамлекеттеринде – Афганистан сыяктуу – аскерий жана саясий боштук пайда кылышмакчы.  Бул күтүлүп жаткан боштукту Россия менен АКШ аскерий аралашуу аркылуу толтуруп алуу үчүн бул өлкөлөргө кызматташууну сунуштай башташат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here