Тажикстан чегарасында афган согушкерлери чогулууда

288
0

 Тажикстан ЖМКларынын кабар беришинче, жалпы саны 4-5 миңдин тегерегинде болгон афган мужахиддери Тажикстан чегараларына жакын аймакка чогулууда.

 Тажикстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматтарына ылайык, расмий Кабулга моюн сунбай турган куралдуу топтор Бадахшан жана Кундуз багыттары бойлоп Тажикстан чегарасы тарапка аракеттенүүдө, бул болсо тынчсыздандырбай койбойт.

 “Биздеги маалыматтарга ылайык, азырынча бул топтун планында чегарага куралдуу чабуул кылуу максаты жок, бирок, афган өкмөтүнө баш ийбей турган көп сандуу жакшы куралданган топтун чегарада пайда болушнун өзү тынчсыздандырат”, – деди Тажикстандын атайын кызматынын өкүлү.

 Анын айтымында, “ар бир ирмемде кырдаал өзгөрүшү мүмкүн, ошол себептен да тажик өкмөтү чегара кошуундарынын ички запасы жана армия бөлүктөрү эсебинен чегараларды бекемдөө боюнча бир катар чараларды кабыл алды”.

 “Албетте, Россиянын 201 – аскерий базасы ЖККУнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнүн курамдык бөлүгү катары регион жана мамлекет коопсуздугу үчүн кошумча жана маанилүү фактор болуп эсептелет”, – деди булак.

 Анын пикиринче, жакында эле Афганистан чегарасы бойлоп болуп өткөн ЖККУнун аскерий машыгуулары көрсөткөндөй, Афганистан аймагынан коркунуч пайда болгон убакта душманга “татыктуу жооп” кайтарылат.

Туркистон: 

Афганистанда узак жылдардан бери ар түрдүү топтор региондун түрдүү аймактарында уюмдар абалында чогулуп, бир нече жылдардан бери жашап келет. Бирок, кээде кимдир бирөөлөр бул жамааттардын коркунучтуу максаттары бар деген күмөн менен айланасындагы мамлекеттерди коркута башташат. Жогорудагы абал да ушундай абалдардын бир көрүнүшү болуп, албетте, белгилүү бир бир мамлекеттин белгилүү максатты көздөй багытталган маалыматтык чабуулу болушу мүмкүн.

Тажикстандын маалымат каражаттарынын ызы-чуулары балким өз аймагында жайгашкан Россиянын 201-дивизиясын кеңейтүү, же жаңы аскерий техникалар менен камсыздоо, же тажик армиясын күчөтүү үчүн өтө эле дефициттүү болгон мамлекеттик бюджеттен аскерий техника сатып алуу үчүн каражат өндүрүп алуу сыяктуу бир катар максаттарга багытталган болушу мүмкүн. Бирок, ызы-чуулар Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу Афганистанга кошуна мамлекеттерди да тынчсыздандырат.

Россия Орто Азиядагы таасир кубатын күчөтүү үчүн катуу аракет кылып жатканы белгилүү. О.э. ал региондо өзүнүн аскерий аралашуусун күчөтүүдөн башка таасир өткөрүүчү рычагдарын дээрлик жоготуп болгонун да билебиз. Россиянын Борбор Азияда дагы деле маалыматтык кызмат көрсөтүү системасы күчтүү. Ал өзү үчүн ыңгайлуу маалыматтарды тарката ала турган шартарга ээ. Демек, Афганистандын айланасындагы ызы-чуулар Россияга региондогу аскерий аралашуусу үчүн ыңгайлуу болушу мүмкүн. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here