Саудия жана Израилдин өкүлдөрү жашыруун жолугушуу өткөрдү

395
0

Саудия  жана Израилдин кээ бир жогорку даражалуу жооптуулары Ирандын Жакынкы Чыгыштагы ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу үчүн бешинчи ирет жашыруун жолугушуу өткөргөнү ашкере болду. Кабарларда келишинче, бул эки мамлекет 2014-жылдан бери беш ирет жолугушуп, ортоктош душман болуп эсептелген Иранга тиешелүү маселелерди талкуулашып келүүдө. Акыркы жолугушуу борбору Вашингтондо жайгашкан “яхудий түшүнүк” агенттигинин тышкы алакалар кеңеши ортомчулугунда болуп өткөн.

Агенттикте ишке ашырылган акыркы жолугушууда саудиялык мурдагы генерал Анвар Мажид Ашкий, шахзада Бендар бин Султан, Израилдин АКШдагы мурдагы элчиси Доре Голд катышып өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Сүйлөшүү учурунда Иран маселесине көңүл бурулуп, анын Жакынкы Чыгыштагы кеңейишине тскоолдук кылуу маселеси талкууланган.

Жолугушууда Анвар Мажид Ашкий Ирандын 1979-жылдан кийинки тарыхы тууралуу сөз кылгандан кийин, Иран өкмөтү террордук чабуулдарды ишке ашыргандыгын дааба кылып, анын таасири Жакынкы Чыгышта кеңейишине тоскоол боло турган жети беренеден турган планды сунуштады. Беренелердин бири, Израиль жана араб мамлекеттери ортосунда тынчтыкты камсыздоону, экинчиси болсо, Иран режимин өзгөртүү үчүн аракет кылууну өз ичине алат. О.э. беренелердин дагы бири Араб мамлекеттери лигасы региондо ортоктош күч түзүүгө о.э. Иран, Түркия жана Ирак жерлеринде эгемендүү Курдистан мамлекетин курууга каратылган.

Израиль элчиси Голд болсо өз сөзүндө Саудия менен бардык пикирлердеги карама-каршылыктар дагы деле чечиле электигин айтып, жакынкы келечекте бул маселе чечилишинен үмүттөнгөндүгүн билдирди. Израиль жана Саудия жооптуулары ортосундагы талкуулардын негизги бөлүгү Иран мамлекетинин Батыш мамлекеттери менен жүргүзүп жаткан ядролук программасына каратылды. Эки мамлекеттин өкүлдөрү бул сүйлөшүүлөрдөн тынчсызданып жатышкандыгын кайра-кайра кайталашты.

Саудия жана Израиль ортосунда болуп өткөн мурунку жолугушуулар Индия, Италия жана Чехияда болуп өткөн эле. Саудия Израиль мамлекетин тилинде тааныбайт. А бирок, 1990-жылдардан баштап Катар жана Бириккен Араб эмираттары сыяктуу кээ бир мамлекеттер тыңчылык кылуу үчүн Израилге эшиктерин кеңири ачып коюшкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here