Европарламенттин депутаттары “Кырк чоро”нун аракеттерине нааразы

392
0

Европарламент депутаттарына таянып чет өлкөлүк ЖМКлардын кабар беришинче, Кыргызстан өкмөтү  “кумсалыкты үгүттөөгө” каршы мыйзам долбоорун четке кагышы жана ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргошу керек.

 “Кырк Чоро”нун өкүлдөрү 17-май күнү Бишкек шаарында бир жыныстагылар ортосундагы нике деп болжолдонгон “кумсалардын” жыйынына чабуул кылышты. Окуя болгон жерге жетип келген милиция кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларын да, чабуул кылган “Кырк чоро”нун мүчөлөрүн да камакка алганы, бирок, “чоролорго” карата эч кандай чара көрбөстөн, тескерисинче, кумсалардын активисттерин кемсинткендиги туурасындагы кабарлар пайда болду.

 Бул окуя Европа парламенттин айрым мүчөлөрүнүн ачуусун келтирди жана алар Кыргызстан өкмөтүн ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргоону каалабастыкта айыптап чыгышты.

 “Биз ал окуянын, анын ичинде милиция кызматкерлеринин кемсинткен жүрүш-туруштарынын кылдаттык менен иликтенишин о.э. бийлик тарабынан алардын аракеттеринин эл алдында айыпталышын талап кылабыз”, – деди Европарламенттин испаниялык депутаты Бетрис Бекерра.

 Италиядан Европарламентке шайланган дагы бир депутат Даниэле Виоттинин айтымында, “кумаслыкты үгүттөөгө каршы” мыйзам долбоору кыргыз коомчулугунда ЛГБТ өкүлдөрүнө карата терс көз караш пайда болушуна себеп болууда.

 “Мейли, Кыргызстан парламенти тарабынан бул мыйзам долбоору кабыл алынбаган болсо да, ал алда качан эле ЛГБТ өкүлдөрүнүн жашоосуна терс таасирин тийгизе баштаган. Биз кыргыз парламентинен мыйзам долбоорун жокко чыгарышын о.э. Кыргызстанда  гомофобия жана трансфобияга орун жок деп жарыя кылышын талап кылабыз”, – деди Даниэле Виотти.

Туркистон:

Батыш дүйнөсү Кыргызстанга басым өткөрө баштады. Европа союзу мамлекеттери демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү максатында Кыргызстанга өтө чоӊ өлчөмдөгү каражаттарды берип келет. “Жеген ооз уялат” дегендей, эми алар коё турган бардык талаптар менен эсептешүүгө мажбурбуз.

Экинчи тарапта кыргыз калкы. Булар да өздөрүнүн исламий жана улуттук баалуулуктары негизинде өкмөт өкүлдөрүнө басым өткөрүшөт. Натыйжада Батыштын максаты ишке ашат. Ал кыргыз мамлекети ичинде эл менен өкмөт ортосунда кескиндиктерди пайда кылуу менен басым өткөрмөкчү. Эми Европа союузу Кыргызстандан отчёт талап кылат. Ал өзү берген ар бир евро үчүн комиссияларды түзүп текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Бул басымдардын бардыгынын себеби, Кыргызстандын Евразия биримдигине мүчө болуп жаткандыгында. Кыргызстан өзүнө ушул жолду тандады. Демек, жогорудагы жана андан да жаманыраак дагы бир катар басымдарга даяр турушу керек.

Гейлер жана мектеп окуучулары үчүн жыныстык алакалар туурасындагы окуу программасын киргизүү маселелери, бул кыргыз калкы кабыл албай турган проблемалуу багыттар болуп эсептелет. Себеби, бул өлчөөлөрдүн экөөсүн теӊ мыйзамдаштыруу аркылуу куфр дүйнөсү коомубузду бузукчулукка алып бара турган негизги дарбазаларды ачып алышат.

Мектеп программасы аркылуу эркек балдар менен кыз балдардын жыныстык алакалар жөнүндө чогуу билим алуусу алардын ортосундагы уят-намыс пардаларын биротоло жоготуп жиберет. Натыйжада, биздин балдарыбыз да Батыш мамлекеттеринин балдары сыяктуу, бузукчулукту өзүнүн акы-укуктары деп биле башташат. Алар өздөрүнүн акы-укуктарынан пайдаланып, бир жыныстуу алакаларды үрп-адатка айландырышат. Бул иште аларга Батыштын укук коргоочулары жардамчы болушат. Бул албетте алар каалаган максаттарга алып барышы үчүн иштеп чыгылган пландар.

Гейлер жана лезбиянкаларды коргоо маселеси жогорудагы билим берүү программасынын кабыл алынышына байланыштуу. Себеби, гейлерди коргоочу мыйзам азыр кабыл алынбай турганы менен мектептеги жыныстык алакаларга тиешелүү мыйзам 96 депутаттын добушу менен Жогорку Кеӊеште тастыкталды. Демек, бизге кирип келе жаткан Батыштын бузукчулук имаратына фундамент куюлду. Жакында балдарыбыз ылайка булактан суу ичип алышып, гейлер туурасындагы мыйзамдарды ратификациялап беришибизди талап кылуу менен өзүбүзгө каршы митингдерди уюштурушса таӊ калбайбыз.

Кыргыз элине жана анын саясий элитасына эскертип өтөбүз. Силер убактылуу бүгүнкү күндүн проблемаларынан өтүп алуу үчүн өтө чоӊ каталарды кетирип жатасыӊар. Жогорудагы мыйзамдын тастыкталышы жана элдин бул ишке сүкүт сактоо менен менен ыраазылыгын билдириши, жоопкерсиздик жана кыска ойлуулук болуп эсептелет. Элибиз бул сыяктуу ыпылас мыйзамды кабыл алган депутаттарды тергеп-тескеши керек болчу. Аларды жана алар мүчө партияларды шайлоолордун алдында жаманатты кылып, керек болсо бүтүндөй бойкот кылып болсо да, балдарыбызды бул арам абалдардан сактап калышыбыз керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here