Кыргызстанда жашы жете электерге сексуалдык билим берүү жолго коюлат

270
0

Кыргызстан парламентинин бир топ депутаттарынын демилгеси менен иштелип чыккан “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери туурасында”гы мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин депутаттары 21-май күнү үчүнчү окууда кабыл алышты.

 Мыйзам долбоор менен «жашы жете» (жашы 18 жете элек бала) «сексуалдык укук» (сексуалдыкты ишке ашыруу укугу), «сексуалдык саламаттык» (сексуалдуулукка байланышкан физикалык, эмоционалдык, рухий саламаттык), «сексуалдык билим берүү» (сексуалдык аспектилердеги тобокелчиликтерди азайтууга байланышкан билим берүү), «жыныс клеткалары» (эркетердин жыныстык уруктугу менен аялдардын жыныстык клеткалары) «суррогаттык энелик» (баланы келишим менен төрөп берүү) жана «суррогаттык энелик келишими» (баланы келишим менен төрөп берүүгө макул болгон эне менен балалуу болгусу келген адамдардын ортосундагы келишим) деген түшүнүктөр менен аныктамалар киргизилет.

 Жашы жете электерге сексуалдык билим берүү үчүн билим берүү системасында кадрларды жана окуу программаларын даярдоо болжолдонууда.

 Сексуалдык билим берүүнү киргизүү үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгында «макул» 96 депутат, «каршы» 9 депутат добуш берди. Добуш берүү учурунда 105 депутат катталды.

Туркистон:

Батыш дүйнөсү Кыргызстанга басым өткөрө баштады. Европа союзу мамлекеттери демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү максатында Кыргызстанга өтө чоӊ өлчөмдөгү каражаттарды берип келет. “Жеген ооз уялат” дегендей, эми алар коё турган бардык талаптар менен эсептешүүгө мажбурбуз.

Экинчи тарапта кыргыз калкы. Булар да өздөрүнүн исламий жана улуттук баалуулуктары негизинде өкмөт өкүлдөрүнө басым өткөрүшөт. Натыйжада Батыштын максаты ишке ашат. Ал кыргыз мамлекети ичинде эл менен өкмөт ортосунда кескиндиктерди пайда кылуу менен басым өткөрмөкчү. Эми Европа союузу Кыргызстандан отчёт талап кылат. Ал өзү берген ар бир евро үчүн комиссияларды түзүп текшерүүлөрдү жүргүзөт.

Бул басымдардын бардыгынын себеби, Кыргызстандын Евразия биримдигине мүчө болуп жаткандыгында. Кыргызстан өзүнө ушул жолду тандады. Демек, жогорудагы жана андан да жаманыраак дагы бир катар басымдарга даяр турушу керек.

Гейлер жана мектеп окуучулары үчүн жыныстык алакалар туурасындагы окуу программасын киргизүү маселелери, бул кыргыз калкы кабыл албай турган проблемалуу багыттар болуп эсептелет. Себеби, бул өлчөөлөрдүн экөөсүн теӊ мыйзамдаштыруу аркылуу куфр дүйнөсү коомубузду бузукчулукка алып бара турган негизги дарбазаларды ачып алышат.

Мектеп программасы аркылуу эркек балдар менен кыз балдардын жыныстык алакалар жөнүндө чогуу билим алуусу алардын ортосундагы уят-намыс пардаларын биротоло жоготуп жиберет. Натыйжада, биздин балдарыбыз да Батыш мамлекеттеринин балдары сыяктуу, бузукчулукту өзүнүн акы-укуктары деп биле башташат. Алар өздөрүнүн акы-укуктарынан пайдаланып, бир жыныстуу алакаларды үрп-адатка айландырышат. Бул иште аларга Батыштын укук коргоочулары жардамчы болушат. Бул албетте алар каалаган максаттарга алып барышы үчүн иштеп чыгылган пландар.

Гейлер жана лезбиянкаларды коргоо маселеси жогорудагы билим берүү программасынын кабыл алынышына байланыштуу. Себеби, гейлерди коргоочу мыйзам азыр кабыл алынбай турганы менен мектептеги жыныстык алакаларга тиешелүү мыйзам 96 депутаттын добушу менен Жогорку Кеӊеште тастыкталды. Демек, бизге кирип келе жаткан Батыштын бузукчулук имаратына фундамент куюлду. Жакында балдарыбыз ылайка булактан суу ичип алышып, гейлер туурасындагы мыйзамдарды ратификациялап беришибизди талап кылуу менен өзүбүзгө каршы митингдерди уюштурушса таӊ калбайбыз.

Кыргыз элине жана анын саясий элитасына эскертип өтөбүз. Силер убактылуу бүгүнкү күндүн проблемаларынан өтүп алуу үчүн өтө чоӊ каталарды кетирип жатасыӊар. Жогорудагы мыйзамдын тастыкталышы жана элдин бул ишке сүкүт сактоо менен менен ыраазылыгын билдириши, жоопкерсиздик жана кыска ойлуулук болуп эсептелет. Элибиз бул сыяктуу ыпылас мыйзамды кабыл алган депутаттарды тергеп-тескеши керек болчу. Аларды жана алар мүчө партияларды шайлоолордун алдында жаманатты кылып, керек болсо бүтүндөй бойкот кылып болсо да, балдарыбызды бул арам абалдардан сактап калышыбыз керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here