ЖККУнун аскерий күчтөрү Тажикстандагы машыгууларын аяктады

262
0

 Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУнун) алдындагы ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн  Тажикстандын түштүгүндө үч күнгө созулган аскерий машыгуулары ийгиликтүү аяктагандыгы кабарланууда. Машыгуулар учурунда негизиненАфганистандан күтүлүп жаткан ыктымалдуу коркунучтардын алдын алууга көӊүл бурулду.

  Мамлекеттин түштүгүндө жайгашкан “Харбмайдон” полигонунда болуп өткөн аскерий машыгууларда уюмга мүчө мамлекеттердин аскерий бөлүктөрүнүн согуштук аракеттерин ылайыкташтыруу о.э. согуштук куралдардан пайдаланууда практикалык көнүгүүлөрдү пайда кылуу милдеттери аткарылды. Аскерий машыгууга 2,5 миӊден ашуун аскер, 200 бронетехника, 20 самолёт, 30 аскерий жана транспорттук вертолётор катышты.

Белгилүү болгондой, ЖККУга Армения, Белорусия, Россия, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстан мүчө болуп калууда, Өзбекстан 2010-жылы уюмдан чыгып кеткен, 2012-жылдын 19-декабрында Москвада болуп өткөн кезектеги саммитте анын мүчөлүгү расмий түрдө токтотулган.

 Россия өкмөтү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн региондогу кудуреттүү жана таасирдүү күчкө айландырууга олуттуу аракет кылууда. Апрель айында Россия аба-десанты кошуундары ЖККУ күчтөрү менен кызматташтыкта түндүк уюлда издөө-куткаруу машыгууларын өткөргөн эле.

 Россия Коргоо министрлигинин маалымат кызматы: “Россия аба-десантынын кошуундары жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү ыӊгайсыз шарттарда жана ыӊгайсыз аба ырайында ар түрдүү бийиктиктеги муздарды жана Түндүк муз океанынын кар баскан майдандарын басып өтүштү”, – деп билдирген болчу.

Туркистон:

Россиянын эл аралык саясаттагы салмагы сезиле турган көрүнүштө жоголуп барууда. Муну Украина проблемасындагы жеӊилүүлөрүнөн жана ушул регион үчүн жүргүзүлүп жаткан согуштун натыйжасында ага карата дүйнөлүк коомчулуктун ар түрдүү санкцияларды колдонуу менен жүргүзүп жаткан мамилелеринен түшүнүп алуу кыйын эмес.

 Бирок, Россия дагы деле тагдырына тан бербей жатат. Ал Борбор Азияны кандай болбосун өзүнүн таасири астында кармап калмакчы. Россиянын аскерий потенциалынан башка, басым өткөрүшү мүмкүн болгон рычагдары дээрлик түгөнүп барууда. Ошондуктан, ал регионду аскерий коргоого муктаж абалга алып барууга аракет кылат. Ал үчүн жасалма кооп-коркунучтарды  же атайын дестабилазиция кылуу үчүн ар түрдүү провокацияларды уюштурушу керек болот.

Кээде АКШ тарабынан уюштурулган провокациялар Россия үчүн да пайдалуу болуп калышы мүмкүн. Мисалы, АКШ НАТО күчтөрүн Афганистанда туруктуу дислокация абалында калтыруу максатында, аскерий техникаларын алып чыгып кетүү жолу болгон Орто Азияга жакын региондордо туруксуз абалдарды пайда кылат. Россия үчүн да бул сыяктуу абалдар кээде пайдалуу болуп калышы мүмкүн.

Жогорудагы ЖККУнун Тажикстандагы аскерий машыгуулары Казакстанда да уланат. Россия Борбор Азияда АКШ менен олуттуу кагышат окшойт. Бирок, жогорудагы удаама-удаа өткөрүлүп жаткан аскерий машыгуулар азырынча Борбор Азия мамлекеттерин коркутуу максатында өткөрүлүп жатат. Бирок, мезгилдин талабына ылайык максаттар өзгөрүшү мүмкүн. АКШнын региондогу басымы күчөп кетиши мүмкүн, мисалы, Кыргызстан кээ бир тармактарда АКШ же Кытай кызыкчылыктары тарапка жүрүп кетиши мүмкүн. Себеби, Россия талап кылып жаткан позицияны Кыргызстан кармана албайт. Анткени, Кыргызстанга өткөрүлө турган тышкы басымдардан Россия куткарып кала албайт. Россия Кыргызстандагы кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн басым өткөрүүнү гана уланта берет. Ал кыргыз өкмөтүнөн бир тараптуу багыт саясатын талап кылууда.

 Эмнеси болгондо да, Россия тарабында гана туруу саясаты Кыргызстанды мамлекет катары жок болуп кетүүгө алып барышы мүмкүн. Мындан тышкары, учурда жүргүзүлүп жаткан кыргыз саясатын да өтө чоӊ толкундоолор күтүп турат.

Кыргызстан Россиянын аскерий жүрүштөрүнөн эмес, көбүрөөк ички саясатындагы каталарынан коркушу керек. Атамбаев, кудум Путин сыяктуу, ичкериде өз жарандарын багыттоочу эң күчтүү идеология менен биригип, ошол идеология негизинде өз калкы менен биримдикте бир тарапка аракеттенүүчү кубатка айланып алышы керек.

Путин орус элининин дүйнө жүзү тан алган эң күчтүү тарабы болгон мекенчилдик туйгусун козгой баштады. Бүт саясий элитасын жана режимин ишке салуу менен Украинадагы согушта жеӊилип бара жаткандыгынан өз максатына жетишүү үчүн пайдаланып калмакчы. Мекенчилдик байламтасын күчөтүүнүн бирден-бир жолу согуштук абал экендигин билебиз. Путин Украинадагы жеӊилүүсүн Россия калкына Батыштын интервенциясы (баскынчылыгы) кылып көрсөтүү үчүн катуу аракет кылып жатат. Орус калкы эки дүйнөлүк согушта т.а.  баскынчыларга каршы мекени үчүн болгон согушта өзүндө баскынчыларга каршы пайда боло турган кудуреттүү күч бар экенин көрсөткөн эле. Путин орус элиндеги ошол туйгуларды ойготууга аракет кыла баштады. Анын бул аракеттери АКШнын Россияны бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберүү аракеттерин бир аз артка сүрүп турушу мүмкүн.

Атамбаев жана андан мурунку президенттер да Кыргызстан калкынын улуттук үрп-адаттары менен бекем чырмалышып кеткен Ислам идеологиясы менен жакындашуу керектиги туурасында пикирлей алышпады. Алар Кыргызстанды мамлекет катары кармап калуу керек деген пикирий жетекчилик негизинде да пикирлешпеди. Алар саясий популизмден арыла албай жатышат. Кыргызстан калкынын үлкөн кудуретинен пайдалануу туурасында ойлонуп жатышкан жок.

Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия мамлекеттерин алганыбызда да абал ушундай. Алардын ар бири өз калкынын арасында Ислам идеологиясынын кубаты жашынып жатканын билип турушса да, бул кубаттан өлкө кызыкчылыгы үчүн пайдаланып калуу туурасында пикирлей алышпайт. Тескерисинче, куфрдун кеӊеши менен бул идеологияга каршы күрөшүп жатышат.

Бирок, азыркы абалда бул адашкан жетекчилердин өз өлкөлөрүн сактап калуу үчүн кудум Путин сыяктуу иш кылуудан т.а. өз калкынын кубатынан пайдалануудан башка чарасы жок. Биздин калкыбыздын кубаты болсо, Ислам идеологиясынын кубаты менен биригүүсү аркылуу көрүнөт. Бул идеология бизге баскынчылык жолу менен кирип келген. Ата-бабаларыбызды өлтүрүп, өлкөлөрүбүздү фатх кылып кирип келгенине карабастан, бул идеология үчүн учурда да мусулмандар, айрыкча, Хизб ут-Тахрир жигиттери жандарын курмандыкка чалып жатышат. Бул дүйнөдө теӊдешсиз кубатка ээ болгон күчтүү идеология. Эгерде өлкө жетекчилери ушул идеологиянын кубатынан пайдалануудан баш тартышса же ага каршы күрөшүүнү уланта беришсе, куфрдун өзү аларды талкалоодо бул идеологиядан пайдалануга аракеттенет.

Азыркы абалыбыз өтө оор! Куфр мамлекеттери өлкөбүзгө түздөн-түз бастырып киришмекчи! Ошондуктан, алар алгач бизди өз динибизден, анын идеологиялык кубатынан ажыратып алуу үчүн жанталашып күрөшүп жатышат. Куфр жетекчи мамлекеттери бири-бири менен өз кызыкчылыктары жолунда келише алышпаса да, бул исламий идеологияга каршы күрөштө алар биригип бир фронтто иш жүргүзүшөт. Муну биз Сирияда башталган исламий ынкылапты аскерий козголоӊго айландырып жиберүү менен чалгытып, регионду урандыга айлантып болсо да, кырдаалды исламий идеологиялык аракеттен башка тарапка буруп жиберүүсүндө көрдүк.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн мусулмандары билип коюшубуз керек, үстүбүзгө түшүп жаткан кордуктардан кутулуунун жолу,  бир гана Ислам идеологиясында экендигин түшүнүп жетмейинче эл аралык күчтөрдүн колунда алардын саясий оюндарынын курмандыгы болуп, тентиреп жүрө беребиз

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here