Согди областында Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрүнөн беш адам дагы кайрадан камак жазасына өкүм кылынышты

332
0

  “Азия-Плюс” маалымат агенттигинин кабар беришинче, Тажикстан түндүгүндөгү Согди областында Хизбут-Тахрирдин беш мүчөсү дагы кайрадан камакка алынды.

 9-апрель күнү болуп өткөн соттук отурумда Ходжент шаардык соту Хизбут-Тахрирдин мурун да ушул уюмга мүчө болгондугу үчүн жаза мөөнөттөрүн өтөп чыгышкан беш адамга карата өкүм чыгарды.

 Ходжент шаардык сотундагы агенттик булагынын айтышынча, эркинен ажыратылгандар 35-42 жаштагы Тажикстан жарандары болуп, үчөөсү Ходжент шаарынан, бирөө Чкалов районунун дагы бири Исфара районунун тургундары болушкан.

 Жогорудагы ишти карап чыккан сот аларды Тажикстан Кылмыш кодексинин 307-беренеси (Экстремисттик уюм түзүү, саясий партиялардын, жамааттык, диний же башка уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу) боюнча айыптуу деп таап, 3 жылдан 3,5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратты.

 Аты ачыкталбаган боордошторубуз Ислам өкүмдөрүн бийик кылуу жана Аллахтын ыраазылыгына жетишүү үмүтүндө Хизбут-Тахрир сабында иш алып баргандыктары үчүн мурда да камалышып, мыйзамсыз дайындалган жаза мөөнөтүн өтөп чыгышкан болсо да, азаттыкка чыккандан кийин Хизб сабында ишмердүүлүктөрүн улантышкан. Алардагы кайратты сындырууга кудуреттүү болбогон о.э. даъваттары жолуна тоскоолдук кылууга алсыздык кылган расмий өкмөт аларды дагы кайрадан камакка таштоодон башка жол таба албады.

 Тажикстанда диктатор бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын натыйжасында акыркы 10 жылдан ашуун убакта узак мөөнөткө камакка алынган 300дөн ашуун Хизб жигиттери жаза мөөнөттөрүн өтөп чыгышкан болсо, ондогон боордошторубуз ишенимдери жолунда шейит болушту. Расмий өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан куугунтук жана басым өткөрүүлөр, зулум жана кыйноолор аларды өздөрү тандаган жол жана максаттан кайтара албады. Бүгүнкү күндө тогут Эмомали зынданында жүздөгөн эркек жана аялдар адамгерчиликсиз шарт жана кыйноолор астында жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат. Расмий өкмөт мына ушундай узак мөөнөттүү камак жана кыйноолор жардамында Ислам дининин өнүгүшүнө о.э. исламий даъваттын коомдо жайылышына тоскоолдук кылууга бейпайда аракет кылып жатат.

 Эмомали Рахмон башчылыгындагы тажик өкмөтү исламий кыймыл жана уюмдарга эле эмес, тескерисинче Ислам динине, анын көрүнүш жана баалуулуктарына да каршы күрөшүп келүүдө.

 Жоолук оронгон окуучу кыздар жана студенттердин мектеп жана жогорку окуу жайлардан чыгарылышы, кыз-келиндердин коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде хижаб менен жүрүшүнө тыюу салынышы, эркектердин сакалдары мажбурий кырып ташталышы  жана штраф салынышы, 18 жашка чыга элек өспүрүмдөрдүн мечитке киришине уруксат бербестик жана 35 жашка чыга элек жарандардын ажылыкка барышына тыюу салынышы аздык кылгандай, расмий өкмөт“жаштар жана карылар дем ала турган жерлерге айландыруу” шылтоосу менен жүздөгөн мечит, ондогон медреселерди жаап таштоодо.

  “Азаттык” радиосунун кабар беришинче, Тажикстандын Жомий районундагы 50 мечитте мындан кийин азан эмес, ыр-күү жаӊырат. Райондук бийлик мамлекеттик каттоодон өтпөгөн 50 мечитти маданият үйлөрүнө айландыруу туурасында токтом чыгарды.

 Абдурахман Жомий районунун акиминин орунбасары Фахриддин Гофуров “Ишмердүүлүгү мыйзамсыз деп табылган 50 мечит маданият үйлөрүнө, спорттук борборлорго айландырылганы жана бул жаштарга о.э. жергиликтүү калкка көбүрөөк пайдалуу экендиги” туурасында маалымат берди.

 Эй, Тажикстан мусулмандары!

 Силер жана биз үчүн динди толук кармануудан, Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгы үчүн биргеликте күрөшүүдөн башка жол жок. Эгерде биз Исламды коргобосок, Ислам динине толук моюн сунбасак о.э. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам жана ал заттын асхабдарындай ага даъват кылбасак Аллахтын алдында бизге кечирим жок. Аллахтын намаз, орозо, ажылык, авратты жабуу… сыяктуу фарздарын аткарбастыкка эч кандай шылтоо жок.

 Эерде биз залим өкмөттүн колунан кармап, мункар иштерден тыйып койбосок, биз үчүн эч кандай жардамчы табылбайт. Ислам динин жаюуга, маъруфка буюруп, мункардан кайтарууга олуттуу көӊүл бурушубуз керек. Болбосо, пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва саллам айткандай:

وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ، لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ وَلَتَنْهَوُنَّ عَنِ الْمُنْكَرِ، أَوْ لَيُوشِكَنَّ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَابًا مِنْ عِنْدِهِ، ثُمَّ تَدْعُونَهُ فَلاَ يُسْتَجَابَ لَكُمْ

“Жаным Анын колунда болгон Затка ант болсун, силер албетте маъруфка буюруп, мункардан кайтарасыӊар, болбосо, Аллах Азза ва Жалла Өзүнүн алыднан силерге азап жиберүүнүн астанасында болот. Андан кийин силер дуба кыласыӊар, дубаларыӊар ижабат кылынбайт”.

 Туркистоn

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here