Путин: АКШ менен кызматташтыкты улантабыз

248
0

Россия президенти Владимир Путин Америка калкы шайлаган ар кандай жаңы президент менен кызматташууга даяр экендигин билдирди. Себеби, Путиндин айтымында, Москва жана Вашингтон ортосунда өз ара күн тартибине киргизилген маселелер бар.

Президент Путин Россиянын “Вести” телеканалына берген интервьюсунда эмдиги жылы АКШда өткөрүлө турган президенттик шайлоо боюнча берилген суроого жооп берип: “Бул суроого салттуу түрдө жооп бере турган болсом, Америка калкы шайлаган ар кандай президент менен кызматташтыкта аракет кылабыз. Себеби, биз жеке адамдар менен эмес, дүйнөдөгү улуу жана таасир күчүнө ээ болгон мамлекеттердин бири менен кызматташып жатабыз”, – деди.

АКШ менен Россия ортосунда кээ бир эл аралык маселелерде, айрыкча ракеталык коргонуу түзүмү маселесинде карама-каршы көз караштар бар экендигин эске салып өткөн Путин, ошондой болсо да эки мамлекет ортосундагы алакаларды улантууга даяр экендигин баса белгиледи.

“Биздин кызматташуубузду зарыл кыла турган нерсе, бул жерде күн тартибине коюлган ортоктош маселелер бар. Америка калкы шайлаган ар кандай президент менен кызматташууга даярбыз”, – деди Россия президенти.

Путин Россиянын Иранга С-300 үлгүсүндөгү алыс аралыкка болжолдонгон абадан коргонуу комплекстерин тапшыра турган болсо, Израиль да Украинага курал-жарак жибериши туурасындагы суроого: “Бул алардын тандоосу. А бирок, андай кылат деп ойлобоймун. Биздин Иранга бере тургандарыбызга токтоло турган болсок, алар жалаӊ гана коргонуу куралдары. Бул болсо, Израилдин коргонушуна зыянын тийгизбейт”, – деп жооп берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here