АРАБ МАМЛЕКЕТТЕРИ ЛИГАСЫНЫН ГАЗАГА ЖОГОРКУ ДАРАЖАЛУУ ЖАРДАМДАРЫ

378
0

 Араб мамлекеттери лигасынын тышкы иштер министрлери Газа регионуна жардам колун сунуу үчүн Мисирдин борбору Каирде кезексиз жыйын уюштурду.

Кувейттин премьер-министринин биринчи жардамчысы жана тышкы иштер министри шейх Сабах Холид ал-Хамад сөз сүйлөп, Кувейт мамлекети Палестинанын саламаттыкты сактоо бөлүмүнө 10 миллион доллар жардам бере тургандыгын билдирди. Газага жардам берүүнү уланта тургандыгына басым жасаган Сабах: “Газа көз карандысыздыгына жетишип, борбору Куддус болгон Палестина мамлекети тикеленгенге чейин жардам берүүнү уланта беребиз”, – деди.

Израиль өкмөтү Палестина жетекчилери менен түзүлгөн келишимдерди бузуу үчүн эч кандай негизге ээ болбой туруп Газага чабуул кылгандыгын айтып өткөн Сабах Холид эл аралык коомчулукту өз жоопкерчилигин аткарууга чакырды.

Катардын тышкы иштер министри Холид бин Мухаммад ал-Атийя болсо Газадагы проблемаларды жеңилдетүү үчүн Газа ??бўлгасига соода портун куруу пикирин көтөрүп чыкты. Атийянын айтымында, бул порт эл аралык көзөмөл астында убактылуу чечим катары курулат.

 Саудиянын тышкы иштер министринин жардамчысы ханзада Абдулазиз бин Абдуллах да Палестина калкынын саламаттыгы үчүн жана тамак-ашка болгон муктаждыктары үчүн 53 миллион долларлык гуманитардык жардам бере тургандыгын билдирди.

Ханзада Абдулазиз Израилдин Газага кылган чабуулуна ишара кылып “Бүгүнкү күндө Газада болуп жаткан окуялар адамзаттын жана эл аралык күчтөрдүн маӊдайындагы кара так болуп эсептелет”, – деди.

Араб мамлекеттери лигасынын башкы катчысы Набил Арабий болсо Палестина президенти Махмуд Аббас Палестина топурактарын жана калкын коргоо талабы менен БУУга кайрылышы керектигин баса белгиледи. Арабийдин айтымында, Араб мамлекеттери лигасынын тышкы иштер министрлери БУУга кайрылуу пикирин колдоп кубаттайт.

Бириккен Араб Амирлигинин президенти Абдуллах бин Мухаммад Хаббаш да Израилдин палестиналыктарга карата чабуулдарын текшерүү үчүн бир комитет түзүүнү талап кылды.

Туркистон:

Араб мамлекеттери лигасынын өзү да, анын жыйындары да бүгүнкү күнгө чейин Үммөткө бир да пайдасын тийгизбеди. Тескерисинче, бул Лига түзүлгөн күндөн бери Үммөттү душмандын алдында кор болуу жана ага моюн сунууга көндүрүү үчүн иштеп келе жатат. Бул жыйында да Араб мамлекеттери лигасы Газа маселесин БУУга тапшыруу пикирин көтөрүп чыкты, акыйкатта болсо Израилдин баскынчылыгына мыйзамдуу түс берген да жана анын эл аралык мыйзамдар менен чүмбөттөп коргогон да мына ошол БУУнун өзү.

Араб мамлекеттери лигасынын кезектеги жыйынында катышкан Ислам өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн бири да Израилге карата “Газадан колуӊду тарт” деп айтууга батына албады. Батына да албайт. Анткени, алардын өздөрү АКШ жана Батыш мамлекеттери тарабынан Израилди коргоо үчүн орнотуп коюлган жетекчилер болуп эсептелишет. Ошондуктан, алар чабуулда жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүүгө жана башка экономикалык жардамдар менен Газа калкын жубатууга гана аракеттеништи.

Ислам өлкөлөрүндөгү малай акимдердин кафирлерге итааткөйлүгү жөөт мамлекетин мусулмандарга карата кутуруп чабуул кылууга батындырууда. Анткени, бул малай акимдер Ислам аскерлерин таптакыр аракетке келтирбестигин яхудийлер жакшы билишет. Бул режимдер армияларды болгону «терроризмге каршы күрөш» деген ураан астында Үммөт перзенттерин өлтүрүү үчүн гана жана өз тактыларын коргоо үчүн гана аракетке келтиришет.

Дилинде кыпындай ыйманы болгон адам Газадагы мусулмандардын абалына ачынбай коё албайт. А бирок, жалаӊ гана ачынуу, көз жаш төгүү жана ызы-чуу салуу менен иш бүтпөйт. Тескерисинче, жөөт мамлекетин түп-тамыры менен курутуп, аны жер бетинен шыпырып таштоо керек. Бул болсо, рошид Халифалык мамлекети көлөкөсүндө гана ишке ашат. Халифалык мусулмандарды бириктирет, Ислам аскерин бутка тургузуп, чыккынчылар менен кылмышкерлерден өч алат. Ушундай болгон соӊ, акыретке жарык жүз менен барууну каалаган ар бир мусулман Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн салым кошуусу керек

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here