БАШАР АСАД АНТ БЕРДИ

299
0

Agence France-Presse” агенттигинин кабар беришинче, 16-июль күнү Башар Асад Сирия президенти катары ант берди.

 Сириянын борбору Дамаск шаарынын Касюн тоосунда жайгашкан Каср аш-Шааб сарайында болуп өткөн салтанаттуу ырасымда Сирия элдик кеӊешинин (парламент) мүчөлөрү катышкан жогорудагы ырасымда өз калкын тынымсыз кырып жаткан канкор Асад ыйык Куран китебине колун койгон абалда өзүнүн милдетин аткарып жаткан убакта, “мамлекеттин конституциясы, анын мыйзамдары жана түзүлүшүн урматтоого, элдин кызыкчылыктары о.э. анын эркиндиктерин сактоого” ант берди.

 2014-жылдын 3-июнунда болуп өткөн президенттик шайлоодо Башар Асад “жеӊип” чыккан болчу. Расмий маалыматтарга ылайык, шайлоодо Асадга 88,7 пайыз (10,3 миллиондон ашык) шайлоочу добуш берген.

 Бул президенттик мөөнөт Асад үчүн үчүнчү мөөнөт болуп эсептелет. 2000-жылы атасы Хофиз Асад өлгөндөн кийин Асад биринчи жолу президенттик кызматка келген эле. Арадан жети жыл өткөндөн кийин, 2007-жылдын май айында Сирияда Асадга ишеним көрсөтүү туурасында референдум болуп өткөн жана расмий маалыматка ылайык, жогорудагы референдумда 97 пайыздан көбүрөөк шайлоочу Асадды колдоп добуш берген эле.

 Ошондон кийин 2011-жылы өзүнүн бийлигине каршы башталган козголоӊду бастыруу үчүн “өз калкын сүйгөн” Башар Асад 250 миӊден ашуун элди кырып таштады жана бул кыргынды улантууда.

 АКШ жана Батыш мамлекеттери 3-июнда болуп өткөн шайлоонун натыйжаларын тааныбастыктарын билдиришкен болсо да, түпкүлүгүндө бул канкор үчүн мусулмандарды дагы да көбүрөөк кыргын кылуу үчүн жаӊы-жаӊы мүмкүнчүлүк жана убакыт берип келе жатышат.

Туркистон:

Куфр системасы АКШ баш болуп, айласыз болгон абалда бийликти Асаддын атында болсо да кармап турууга ыктыяр кылышты. Аны кудум Россия жана Ирандын колу менен кармап калгандай көрсөтүшкөнү менен, түпкүлүгүнүдө андай эмес. Бул алар үчүн мезгилдин талабы, же айласыз абал.

Бирок, бул шайлоонун аларга мынчалык маанилүү экендиги эмнеде деген суроо пайда болот. Сирия дүйнө жүзү тан алган мамлекет. Анда эл тарабынан өз салтанатын берген жаман болсо да бийлик бар. Анын жок болуп калышы менен салтанат дагы кайрадан элге кайтат. Бул болсо, элге өз салтанатын каалаган адамына берүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Сирия калкы өз салтанатын Исламий Халифалык бийлигине тапшырышы анык экендигин куфр дүйнөсү жакшы билет. Ошондуктан, куфр дүйнөсү мамлекет чачыранды болуп, эл качкын абалда турганда салтанатты өзү каалаган адамына алып берди жана айла-амал менен бийликти Асадга кайрадан алып берип мыйзамдаштырып алды. Максаты, салтанатты көзөмөл астында кармап туруу. Ооба куфр дүйнөсү саясатты жакшы түшүнөт. Алар менен күрөшүү үчүн мусулмандар да сасясий жараяндарга олуттуу көӊүл бурушубуз керек. Бирок, чечимдерди жалаӊ гана Исламий, саясий, шаръий чечимдер менен Исламий идеология негизинде кабыл алышыбыз важиб. Мындан башка жолдор ийгиликсиздикке алып бара берүүдөн тышкары, эки дүйнөбүзгө теӊ катуу зыян жеткирет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here