ХАЛИФАЛЫКТЫН ЖАРЫЯЛАНЫШЫ ДҮЙНӨЛҮК ТҮЗҮМДҮ ӨЗГӨРТӨТ

361
0

ИШИМдин Халифалыкты жарыялаганы туурасында: Халифалыктын жарыяланышы дүйнөлүк түзүмдү өзгөртөт

«ИШИМ» (Ирак жана Шам Ислам Мамлекети) уюму Иракта Халифалыкты жарыялагандан соң бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарда чынында эле Халифалык жарыяландыбы же бул курулай сөзбү деген суроолор жаралды. Ошондуктан, мусулмандар билип алышы зарыл, ар кандай уюм бирер жайда Халифалык жарыяламакчы болсо, ал албетте Расулуллах Aдын бул жааттагы тарыйкатына ээрчүүсү шарт. Андыктан, бул уюмдун ошол жайда акчы-айкын өкүмдарлыгы (бийлиги) болушу, бул өкүмдарлык анын ички жана тышкы жактан коопсуздугун коргошу о.э. Халифалык жарыялана турган региондо мамлекеттүүлүк көрүнүшү бар болушу зарыл. Расулуллах A Мадинаи Мунавварада Ислам мамлекетин тикелегенде ушул нерселер болгон: Мадинадагы бийлик Расулуллах Aдын колунда болгон, ички жана тышкы коопсуздук Ислам бийлигинин коопсуздугу астында болгон, региондогу мамлекеттүүлүк көрүнүшү Мадинада болгон.

Бирок, Халифалыкты жарыялаган ИШИМ уюму Сирияда да, Иракта да салтанатка (бийликке) ээ эмес. Бул уюм ичкериде да, тышта да коопсуздук жана амандыкты жүзөгө чыгара алган эмес. Жада калса, алар халифа деп байъат кылган Абу Бакр Багдадий ал жерде ачык көрүнө албайт, тескерисинче, мамлекет жарыяланышынан мурун кандай жашыруун абалда жүргөн болсо, ошондой боюнча калган! Бул болсо Расулуллах Aдын абалына тескери. Ал зат Ислам мамлекетинен мурун Савр үңкүрүндө жашынууга туура келген. Бирок, мамлекет тикеленген соң, иштерди башкарган, армияга командачылык кылган, адамдар ортосундагы келишпестиктерди ажырым кылган, элчилерди жиберген, жашынбай ачык абалда элчилерди кабыл алган, мамлекеттен мурунку абал кийинки абалдан айырмаланган. ИШИМдин Халифалыктын жарыялашы маанисиз нерсе. Ал мындан мурунку Халифалыкты жарыялаган адамдарга окшойт, алардын реалдуулукта акыйкаты да, таянычы да болбогон. Алар өздөрүнүн ички туйгуларын гана кандырышкан. Бири өзүн «халифа» деп жарыялаган болсо, башкасы «махдий» деп жарыялаган. Алармамлекеттүүлүккө да, салтанатка да ээ болушпаган, коопсуздукту да, амандыкты да жүзөгө чыгара алышпаган!

Шек-күмөнсүз, Халифалык чоң мааниге ээ мамлекет. Шарият Халифалыкты тикелөө тарыйкатын, башкаруу, саясат, экономика жана тышкы мамилелер… сыяктуу бардык тармактарда өкүмдөрдү кандай истинбат кылуу керектигин акчы-айкын баяндаган. Халифалык электрондук сайттарда, телевидениеде, радиодо, басма сөз сыяктуу маалымат каражаттарында ачыктала турган курулай жарыя эмес. Тескерисинче, ал дүйнөнүн силкинте турган улуу окуя болуп, ошол жерде бекем тамыр жаят, салтанаты ички жана тышкы жактан коопсуздукту сактап турат, ичкериде Исламды колдонот, тышкарыда Исламды даъват жана жихад аркылуу бүткүл дүйнөгө жекирет.

Бирок, бул жерде токтолуп, талкуулоо шарт болгон башка нерсе т.а. коркунуч бар. ИШИМ уюмунун бул жарыясы баёо пикирлеген кишилердин Халифалык туурасындагы пикирлерине терс таасир көрсөтүп, бул пикир өзүнүн улуу макамынан төмөндөп кетиши жана мусулмандар назарындагы чоң маанисин жоготуп, абдан күчсүз пикир болуп калышы мүмкүн. Натыйжада, бирер шаардан, майдан же айылдан ар кандай кимсе чыгып, өзүн халифа деп жарыялашы, адамдар ага жакшы күмөндө болуп, тегерегине биригиши мүмкүн. Мына ошондо Халифалыктын баёо кишилердин жүрөгүндөгү мааниси, улуулугу жоголот, анын ар кандай киши эч бир мазмунусуз сүйлөй бере турган чырайлуу аты гана калат. Абдан ойлонуп көрүү шарт болгон нерсе мына ушул. Өзгөчө, анын шарттыгы ушунда, бүгүн мурункуга караганда Халифалыктын тикеленишине аз калды, мусулмандар анын тикеленишин сабырдуулук менен күтүшүүдө. Алар Хизб-ут-Тахрирди бул жолдо Расулуллах Aдын Мадинаи Мунавварада мамлекетти тикелөөдөгү тарыйкатын бекем кармаган Хизб деп билишүүдө. Ошону менен бирге, алар Хизб менен Хизбди кучагына алган Үммөттүн ортосундагы жандуу таасирдүү алака жүзөгө келгенин да көрүп турушат. Мусулмандар ушул таасирдүү алакадан исламий боордоштукту аңдап жетишүүдө жана Хизб Халифалыкты тикелейт, иштерди жакшы башкарат, албетте Пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык болот деп жакшы үмүттө турушат. Мына ушундай учурда бул жарыя чыгып, ушул баёо адамдардын зээниндеги Халифалыкты чаташтырып көрсөтүүдө, ал абалды каралап көрсөтүп жатышы да мүмкүн деп айтууга болот.

Ошондуктан, бардык исламий кыймылдар Мухаммад Aдын тарыйкатына ээрчип Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылуусу важиб. Себеби, Пайгамбар \дын тарыйкатына ээрчүү аркылуу гана Халифалыкты тикелөө мүмкүн.

Хизб-ут-Тахрирдин Пакистандагы басма сөз бөлүмү

Twitter:https://twitter.com/htmediapak

Facebook: https://www.facebook.com/pages/Naveed-

Butt-Media-Office-HT/116266191744214

e-mail:htmediapak@gmail.com

Webpage: www.hizb-pakistan.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here