МИСИРГЕ 10 ДААНА “APACHE” ЖЕТКИРИП БЕРИЛЕТ

368
0

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча сапарын улантып, Мисир президенти Абдулфаттах ас-Сиси менен жолугушту. Жолугушуу маалында Жон Керри 10 даана бомбалоочу “Apache” вертолёту жакынкы күндөрдө Мисирге жеткирип берилишин убада кылды. Бул бомбалоочу вертолёттор Синай аралындагы “Террорист”терге каршы колдонуу үчүн берилет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Мисирдин тышкы иштер министри Самих Шукрий менен өткөргөн ортоктош маалымат жыйынында баса белгилешинче, Америка админстрациясы Мисир мамлекеттине бере турган жардамдарын толугу менен жеткирип берет.

1979-жылы Мисир жана Израиль ортосунда келишим түзүлгөн күндөн бери АКШдан ар жылы аскерий жардам алып туруучу Мисир өкмөтү аскерий төӊкөрүштөн кийин ал жардамдан айрылган эле. Керринин Мисир режимине кушкабар беришинче, тоӊдуруп коюлган 1,3 миллиард доллардын 575 миллиону акыркы 10 күндүн ичинде Мисирге жеткирилет. Калганы болсо Мисир өкмөтү демократияны колдонуп  жаткандыгына Обама админстрациясы канаатангандан кийин гана конгресстин ыраазылыгы менен берилет.

О.э. Жон Керри Каирден туруп араб мамлекеттерине да кайрылуу жолдоду. Ал Батышка көз каранды болгон бардык араб мамлекеттеринен Сириядагы оппозициялык күчтөргө жардам бербестикти, ал тургай, муътадил (демократия тарапкечи болгон) оппозицияга да жардам бербестикти талап кылды. Керринин баса белгилешинче, бул жардамдар “экстримисттик” жолдордо (т.а. куфр түзүмүн кулатып, анын ордуна Исламий шариятты тикелөөдө) колдонулушу мүмкүн деген коркунуч бар. Керри ас-Сисиге да ушул талапты койгондугун о.э. бир нече Араб мамлекеттеринин жетекчилери менен жолугушканда аларга да жеке өзү жеткире тургандыгын билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here