ОБАМА: АСАДДЫ КУЛАТУУГА КУДУРЕТТҮҮ МУЪТАДИЛ ОППОЗИЦИЯ ТАБЫЛБАЙ ЖАТАТ

262
0

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама бүгүн 22-июнь дүйшөмбү күнүндөгү чыгышында Сирия ичкерисинде Асадды кулатууга кудуреттүү муътадил (демократияны жактоочу) оппозиция таба албай  жаткандыгын билдирди.

Президент Барак Обама Американын “CBS” телеканалы менен өткөргөн маегинде “Ирак жана Шам Ислам мамлекети” уюму Сирияда күч топтоого мүмкүнчүлүк таба алгандыгын айтып өттү.

Обама: “Ирак жана Шам Ислам мамлекети” уюму курал-жарактарды топтоодо, материалдык ресурстарды ээлеп алууда жана өкүмдарлыгын кеӊейтүүдө Сирия өкмөтүндөгү боштуктан өнүмдүү пайдаланды, – деди.

Кабарчынын: “Эгерде Вашингтон Сириядагы муътадил  оппозициялык күчтөрдү колдоого алган болсо, анда бул боштук бар болот беле?” – деген суроосуна Обама: “Сирияда Асад режимин кулатууга кудуреттүү муътадил  оппозиция бар деген пикир таптакыр туура эмес. Ушуга ылайык, ар кандай абалда да боштук бар болуп кала берет”, – деп жооп берди.

Обама Сириядаги муътадил  оппозиция менен бирге иш-аракет алып барууда АКШ өкмөтү өтө көп убакытты бейпайда өткөргөндүгүн моюнга алды. Анын айтымында, Башар режимин жок кылууга кудуреттүү мындай муътадил оппозициялык күчтөрдү Сирияда бар деп ойлоо болгону бир куру кыял.

Президент Обама “NPR” радиосуна берген интервьюсунда да “муътадил оппозиция Сирияда чоӊ жамаатка айланганга чейин өтө көп убакыт керек болот” деп билдирген болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here