ШКУ УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУ КУРУЛУШУНУН ТАРАПКЕЧИ

274
0

23-июнь күнү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында болуп өткөн ШКУнун экономикалык форумунун натыйжалары боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында ШКУнун  баш катчысы Дмитрий Мезенцевдин айтымында, Шанхай кызматташтык уюму Улуу жибек жолун кайрадан ачуу боюнча Кытайдын сунушун кабыл алат жана колдоп-кубаттайт.

Анын айтымында, “ушул сунуш келечектеги соода-экономикалык кызматташтык үчүн өтө маанилүү”.

“Ар бир тараптар үчүн кызматташтыктын анык жактарын белгилеп алуу зарыл. Экономикалык кызматташтык жаңы жумушчу орундарды түзүшү, улуттук инфраструктуранын өнүгүшүнө жардам бериши о.э. улуттук базарларды күчөтүшү зарыл. А бирок, ошону менен бирге атаандаштык чөйрөсүнүн бузулуу фактору болбошу керек. Улуу жибек жолунун экономикалык шакекчесин түзүү маселеси түрдүү даражаларда талкуу кылынышы алдыда турат”, – деди Мезенцев.

Комментарий: “Жибек жолу” стратегиясын иштеп чыгуу туурасындагы акт 1999-жылы АКШ конгреси тарабынан кабыл алынган болуп, анын негизги максаты, Россия менен Кытай ортосундагы геополитикалык кызыкчылыктар үстүндөгү келишпестиктерди күчөтүү менен бирге Борбор Азия жана Кавказ региондорундагы өзүнүн таасирин күчөтүү болот.

Кытайдын жетекчиси Си Цзипиндин 2013-жылы 10-октябрда Индия парламенти алдында сүйлөгөн сөзүнөн жана 7-сентябрда Астанада берген билдирүүсүнөн жыйынтык чыгарылса, Кытай да АКШнын кызыкчылыктары менен өз кызыкчылыктарын бириктирип, региондордогу өз кызыкчылык жана саясий катыштыгын күчөтүүгө катуу аракет кыла баштаган. Жогорудагы “Жибек жолу” долбоору менен кызматташуу шарттарына Россиянын ыраазылык бериши, анын Кытайга болгон муктаждыгы өтө бийик экендигинен жана жалпысынан алганда АКШнын бул долбооруна каршы иш алып барышы Евразия экономикалык шериктештиги долбоорунун жалпысынан ишке ашпай калуу коркунучу бар экендигинен. Бирок, ушул келишимдерге кол коюлушу проблемалар чечилгендигин билдирбейт. Россиянын Украина жана Сирия проблемаларынан позициясы алсырап бара жаткандыгы, ушундай кырдаалда Борбор Азия жана Кавказда проблемалар келип чыгышы мүмкүндүгү этибары менен, “Жибек жолу” аракети негизиндеги багыттарда катышып болсо да Россия Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык союзу долбоорлорун эптеп жүргүзүп алмакчы.

Кытай Россиянын позициялары алсырап бара жатканынан, ошону менен бирге АКШнын Россия менен геополитикалык карама-каршылыктары күчөп бара жатканынан өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланып калмакчы. Анын мындай абалы АКШ үчүн күтүүсүз эмес. Анткени, ал региондогу Россиянын кубатын алсыратууда эл аралык саясаттагы позицияны күчөтүүгө болгон Кытайдын умтулушунан пайдаланат.

Россия эми Кытайды мурункудай болуп эл аралык майданда башкара албастыгын о.э. мындан кийин аны менен теӊ ата мамилелерди куруу негизинде кызматташуунун жаңы стратегиясын түзүү керектигин түшүнүп жетти. Буга АКШнын Кытайды кудум Германия сыяктуу өз канаты астында дүйнөдө чыныгы жетекчи мамлекеттер сабында иш алып бара алышына ишендире алганы жана ошону менен бир катарда Россиянын эл аралык майданда кадыр баркы жоголуп бара жатканы себеп болду.

Бул дүйнөнүн геополитикасын өзгөртүп жибериши мүмкүн болуп турган чоӊ долбоорлордон АКШнын күтүп жаткан дагы бир чоӊ максаты бар. Ал Россия, Кытай жана Индиянын ортосундагы учурдагы же күтүлүп жаткан ар кандай кызматташтык же жакындыкты бузуп жиберүүгө каратылган аракеттер болуп эсептелет. Россия жогорудагы аракеттеринде АКШнын ушул максатын да эсепке алган болушу мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, Россиянын “Жибек жолу” менен болуучу бул кызматташтыгы дээрлик эч нерсени өзгөртпөйт. Россиянын бул аракети анын Евразия экономикалык шериктештигин сактап калуу, жалпысынан региондо өзүнүн жасалма болсо да саясий салмагын сактап калуу негизине курулган.

Борбор Азия жана Кавказ региондору болсо,  жогорудагы чоӊ мамлекеттер арасындагы мамилелерди тартиптештирип алуу, аныгыраагы алардын ортосундагы жүргүзүлүүчү тынымсыз күрөштөрдөгү согуш майданы болуп тура берет. Бул күрөш алардын саясий, стратегиялык, экономикалык жана башка геополитикалык кызыкчылыктарына негизделген болушу мүмкүн.

Чечим:Бул системада бул проблемалардын чечими жок. Бул демократияга негизделген капиталисттик система негизинде бул проблеманын чечими жок. Ошондуктан, куфр дүйнөсү өзүнө каршы каратылып жаткан ар кандай аракеттерди, ушул система негизинде аракеттениши үчүн, ал тургай, каражат менен камсыздап барат. Ал ушул система негизиндеги аракеттер (алар исламий болобу, саясий болобу же аскерий болобу, айырмасыз) куфр системасы негизинде жүрүп жаткан болсо кадыржам болушат. Анткени, бул системада аларды жер тиштетүү механизми жок. Куфр системасы деп айтылганда Ислам системасында болбогон т.а. исламий тарыйкатка (сүннөткө) негизделбеген аракеттердин бардыгы назарда тутулат.

Абдураззок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here