КЫРГЫЗСТАН КЕЛЕРКИ ЖЫЛЫ БАЖЫ БИРИМДИГИНЕ МҮЧӨ БОЛОТ

339
0

Кыргызстандын  Экономика министри Темир Сариев парламенттин жыйынында Кыргызстан 2015-жылдын май айына чейин Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык аймагына толук мүчө боло тургандыгын билдирди.

Сариевдин билдиришинче, бул абал Кыргызстанда баанын көтөрүлүшүнө себеп болушу мүмкүн.

Темир Сариев: “Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болгондон кийин мамлекетте айыл-чарба прдукцияларынын баасы көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок, Кыргызстан үчүн 170 миллион кишиси бар чоӊ базар ачылат”, – деди.

Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында Москвада Евразия экономикалык аймагы комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өтөт. 23-декабрга чейин Кыргызстан “Жол картасындагы” көрсөтмөлөрдү аткарып ошол жыйында аталган биримдиктерге 2015-жылдын 1-январында кошулуу туурасындагы келишимге кол коёт. Бирок, андан кийин бул келишимди парламент ратификациялашы керек.

Көптөгөн талаш-тартыштар жана карама-каршылыктарга карабастан, Кыргызстандын Бажы биримдигине мүчө болушу анык болуп калды. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан үчүн бул биримдикке мүчө болуу өтө зарыл экендигин билдирди.

Алмазбек Атамбаев: “Биз бул биримдикке өзүбүз койгон шарттар менен мүчө болуп жатабыз. Кошуналарыбыз биз койгон шарттарды кабыл алгандыгы үчүн аларга рахмат айтабыз. Бул биримдикке мүчө болуу өзүбүзгө керек. Кээ бирөөлөр Бажы биримдигине мүчө болсок реэкспорт токтоп калат деп айтууда. Бажы биримдигине мүчө болбосок да реэкспорт ишке ашпай кала берет. Бул кадам жети өлчөп, бир кескен кадам. Бул биримдик биз үчүн экономикалык жактан суудай зарыл”, – деди.

Адистердин айтымында, эгерде Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык аймагына мүчө болсо, бул нерсе мамлекеттин тышкы алакаларына терс таасирин тийгизет. Мисалы, чет өлкөлөр менен болуп жаткан ссоода алакаларында кыйынчылыктар жүз бериши мүмкүн. Бажы төлөмдөрүнүн көтөрүлүшү жана чет мамлекеттерден келип жаткан кээ бир товарлардын баасы көтөрүлүшү айтылууда.

Туркистон:

Бажы биримдигине кошулуу Кыргызстандын ички проблемалары менен анчалык кооптуу эмес. Себеби,Россияда күтүлүп жаткан экономикалык бороондуннатыйжасында жарандарынын жашоо деӊгээли төмөндөп, алар Кыргызстандын деӊгээлине түшүп калышы мүмкүн. Проблема, ошол экономикалыктөмөндөө Россия үчүн жарга кулоо менен барабар болгон кырсыктарды алып келиши мүмкүн экендигинде. Ал Кыргызстанды да өзү менен тартып кетиши мүмкүн. Кыргызстан геосаясий жактан чоӊ мамлекеттер ортосунда стратегиялык мааниге ээ болуп турат. Ар бир ката кымбатка түшүшү мүмкүн. Кыргызстандын саясий элитасы өтө алсырап кетти. Алардын дээрлик бардыгы Сариев сыяктуу – эл аралык деӊгээлде пикирлей албай турган, бутунун астындагы кызыкчылыктарды гана көрө ала турган, жеке кызыкчылыктарын мамлекеттин кызыкчылыгынан алдыга коё турган саясатчылар болуп калышты. Ошондуктан, булардан соо-саламат чечимдерди күтүү мүмкүн болбой калды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here