Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге

300
0

 Хизбут-Тахрир саясий Хизб катары ишмердүүлүгүн баштаганына 60 жылдан ашуун убакыт өтүп, бүгүнкү күндө дүйнөнүн элүүдөн ашуун мамлекеттеринде ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Хизб өз ишмердүүлүгүнүн алгачкы мезгилинен баштап бүтүндөй адамзатты залалаттан нурга, куфрдан Ислам динине чакырып келе жатат. Өз ишмердүүлүгүндө Хизб жамааты Аллахтын Китеби жана пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллаху алайхи ва салламдын сүннөтүнөн кылдай да четке чыкпады жана бул жолдо залимдин зулуму, жаманатты кылуучунун жаманаттысына көӊүл бурбай аракет кылууда. Албетте, буга Аллахтын рахматы жана ырайымы себеп болууда.

Урматтуу президент, сиздин Араб жарым аралын бойлоп сапар уюштуруп жатканыӊыздан жана Сауд Арабиясына кылган сапардын алкагында Умра зыяратын аткарганыӊыздан кабардарбыз. Аллах Таала бардык кудурети жеткен мусулмандарды өмүрүндө бир жолу Ажылык жана Умра ибадатын өтөөгө буйруган. Ким калыстык менен бул ибадаттарды аткарса соопко ээ болот, аткарбаса күнөөкөр болот, эгерде четке какса кафир болот.

Сизден мурун да көптөгөн мамлекеттердин жетекчилери Саудияга сапар кылды. Алардын арасында Умра жана Ажылык ибадаттарын аткаргандары да, Умра же Ажылык ибадатын аткармак тургай, маӊдайын саждага койбостон кайтып келгендери да болду. Шек-күмөнсүз, ар бир адам өз амалы үчүн, же аткарышы важиб болгон абалда милдеттерин аткарбаганы үчүн Аллахтын алдында жооп берет.

Биз сиздин сапарлаштарыӊыз менен Умра ибадатын аткарганыӊызды көрдүк. Биз сизди Умра ибадатын аткарганыӊыз менен куттуктайбыз!

Ыйык Каабага жүздөнүп окуган намаздарыӊызды, жакшы ниеттер менен кылган дубаларыӊызды жана бардык жакшы амалдарыӊызды о.э. калыс ниеттериӊизди Аллах кабыл кылсын, Аамин.

Сизге дагы айта кетүүчү нерсе, мусулман адам Ажылык амалын өтөйбү, Умра амалын өтөйбү, же болбосо, ибадат кылабы айырмасыз, анын бул ибадаттары Аллахтын алдында кабыл болгону же кабыл болбогону ал адамдын кийинки амалдарынан билинет. Биз сизге жалаӊ гана жакшылыкты каалайбыз, себеби жакшылык бир гана Исламда.

Аллах Тааала айтат:

Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да нерсенишерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрони (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар [24:55]

 Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here