ТАЖИКСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ ПРЕЗИДЕНТТИН КИЧИ АЙКЕЛДЕРИ БОЛУШУ ШАРТ

321
0

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун өздүгүн улуулоочу жаңы мыйзам кабыл алынды. Жаңы мыйзамга ылайык, Тажикстан президентинин айкели мамлекеттик мекемелердеги жана бардык мамлекет ишканалардагы жумуш столунун үстүндө турушу мажбурий кылып белгиленди.

Президент Рахмондун айкели ар дайым мамлекеттик мекемелердеги жумуш столунун үстүндө туруу пикири Тажикстан сүрөтчүлөр бирикмеси жана Көркөм фонд тарабынан көтөрүп чыгылды. Мунун артынан президенттин айкелинин үлгүсү Кытайга жиберилип, түрдүү көрүнүштө иштеп чыгуу үчүн буйрутма берилди.

Чоӊдугу отуз сантиметр болгон Рахмондун айкели мындан кийин бардык мамлекеттик уюмдар жана мекемелердин жумуш столу үстүндө турат.

Бийликке келген убакта өзүн карапайым калктын бир өкүлү катары тааныштырган Эмомали Рахмонов мезгил өтүшү менен тактысын бекемдөө максатында тажиктер арасындагы эӊ жогорку катмардагы үй-бүлөдөн экендигин дааба кыла баштады. Рахмондун жакындарынан жана табакташтарынан турган чиновниктер болсо президентке “Улуу урматтуу ” деп кайрылышат.

Орто Азия диктаторлорунун дагы бири, Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурад Ниязовдун да арзыбаган токтомдорду кабыл алуу жана жеке адамга сыйынуу көрүнүштөрүн жүзөгө чыгаруу менен атагы чыккан эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here