Кыргызстан 2023-жылы 20 тоннадан ашык алтын сатты

6727
0

Кыргызстан 2023-жылы 20 тоннадан ашык алтын сатты

Кыргызстан 2023-жылы чет өлкөгө 20 тонна 213,2 килограмм алтын сатты. Мунун жалпы баасы 1 миллиард 284,4 миллион доллар болду.  Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчётунда жарыяланды. Отчётто айтылышынча, алтындын көбү Швейцарияга кеткен. Калган бөлүгү болсо, Бириккен Араб Эмираттарына, Кытайга жана Түркияга сатылган.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, мамлекет 2018-жылы 16,5 тонна, 2019-жылы 18,7 тонна, 2020-жылы 17,7 тонна, 2021-жылы 24,8 тонна алтын экспорт кылган. 2022-жылы Кыргызстан сыртка болгону 290 кг алтын саткан. 2023-жылкы көрсөткүч мындан 69-70 эсеге көптүк кылат.

Комментарий: Мамлекет ушул сатылган алтындардын жана башка кен байлыктардын акчасы кайда жана эмнеге жумшалып жатканы жөнүндө элге отчёт бериши керек. Себеби нефть, уран, сурма жана алтын кендери сыяктуу кен байлыктар жалпы элдин мүлкү болуп, ушул элдин кызыкчылыгына жумшалышы керек. А бирок, бул кендерден казып алынган байлыктардын акчасы карапайым калкка жетип барбайт. Бюджеттеги дефицитти жабуу жана мамлекеттин тышкы карызын төлөө элден чогултулган салыктардын эсебинен болуп жатат жана ал үчүн салыктардын жаңы-жаңы түрлөрүн ойлоп табышууда. Бир кезде президент Садыр Жапаров “Эгер Кумтөр алтын кени Кыргызстанга өтсө, Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан карыз албай каларын” айткан эле. А бирок, Кыргызстан Кумтөр алтын кенин толук колго алганына карабастан, дагы деле эл аралык уюмдардан карыз алып жатат.

Эл да кен байлыктардын акчасы кайда жана эмнеге жумшалгандыгы боюнча жооптуулардан отчёт талап кылбайт, отчёт талап кылган күндө да, бул талап жоопсуз кала берет. Себеби, бул түзүмдө бийликтеги катмар элге тиешелүү болгон эсепсиз байлыктарды кайда жана кантип жумшап жатканы жөнүндө отчёт берүүнү милдет катары эсептебейт. Эгер бул маселеде алардын бирер кыңыр иши ачылып калса, бул да проблема эмес, себеби алардын кол тийбестик укугу бар. Эч ким аларды көзөмөлдөшү же суракка тартышы мүмкүн эмес. Ошондуктан да жыл сайын ондогон тонна алтын жана кен байлыктар сатылып жатканына карабастан, элдин басымдуу бөлүгү жакырчылыкта жашап келет. Негизи, бул нерсе үстүбүздө колдонулуп жаткан бул капиталисттик түзүмдүн жемиши. Себеби, капиталисттик түзүм – бул элдин байлыгы бир ууч кимсенин колуна өтүп калышына кеңири жол ачып бере турган түзүм.

Ал эми Исламий түзүмдө болсо, мунун тескериси. Исламий түзүмдө алгач ири кен байлыктарды бир адам же компания менчиктеп алышына, же болбосо, мындай кен байлыктар чет өлкөлүк компанияларга сатылып кетишине эч качан уруксат берилбейт. Себеби, бул кендер бардык мусулмандардын мүлкү болуп, алардан түшкөн киреше эркек-аял, жаш-кары дебестен, жарандар ортосунда тең бөлүштүрүлөт. Мамлекет бул байлыктарды мусулмандардын атынан өкүл катары казып алат. Андан соң, түшкөн кирешени – казып алуудагы жумушчу кызматкерлердин маянасы жана оор техникалар сыяктуу зарыл болгон жабдыктардын чыгымдарынан кийин – накталай акча же кызмат көрүнүшүндө элге тең бөлүштүрүп берет. Бул көлөмү чектелбеген кен байлыктарга тиешелүү Аллахтын өкүмү. Качан гана Аллахтын өкүмдөрү кудум мурунку мусулмандарга колдонулганы сыяктуу эле  бизге да колдонулса, мына ошондо жалпы элдик мүлктөн түшкөн кирешелер бардык жарандарга тең бөлүштүрүлөт. Ал үчүн бузуку капитализм түзүмүнөн баш тартып, бардык адамзатты кадыржамдыкка жана бакубат жашоого алып баруучу Ислам түзүмүн турмушка кайтаруу үчүн аракет кылышыбыз керек. Мына ошондо гана эл өзүнүн акы-укуктарына ээ болот.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here