Мечиттерге камера орнотуу – динге каршы күрөш түркүмүнөн

6476
0

Мечиттерге камера орнотуу – динге каршы күрөш түркүмүнөн

Бишкек шаарындагы мечиттерде адамды жүзүнөн таануучу видео камералар орнотулат. Бул тууралуу «Кимсанбай ажы» атындагы борбордук мечитте ИИМ кызматкерлери менен имамдардын жыйыны учурунда белгилүү болду. Жыйынга 10-башкармалыктын башчысы Аскат Муратканов, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Талантбек Чукубаев, ушул бөлүмдүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча опер кызматкери Мирлан Качкынбаев жана Бишкек шаардык казыятынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев баштаган 22 мечиттин имамдары катышты.

Буга чейин Кыргызстанда санитардык абал жана радикалдык-экстремисттик идеологияны жайылтышы шылтоо кылынып ондогон мечит жабылган.

Белгилей кетсек, Шанхай Кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттер буга чейин Бишкекте өткөн саммитте жогорку технологиялар жана этноконфессиялык саясат тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүгө келишишкен. Тактап айтканда, кытай тарап адамдын жүзүн аныктай алган системаларды орнотуу боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшкөн.

Көп өтпөй Ички иштер министрлиги адамды жүзүнөн тааныган 500дөн ашык видеокамералар орнотулуп, иштей баштаганын кабарлаган. 2019-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлиги менен кытайлык CEIEC компаниясынын кызматташуусу тууралуу буйрук чыгарган.

Белгилүү болгондой, CEIEC компаниясынын бул камералары адамдын бетин эле тааныбастан, ал тууралуу бардык маалыматты билип берүүгө ыңгайлашкан. Тагыраагы, адамдын аты-жөнүн, соттолгон-соттолбогонун, айып пулу барбы-жокпу, канча баласы бар, терс жана оң мүнөздөмөлөрүнө чейин маалыматтарды аныктап берет.

Маалым болгондой, Кытай Чыгыш Түркстанда адамдарды жүзүнөн тааный турган камераларды орнотуп, бүгүнкү күндө үч миллионго жакын уйгур бир туугандарыбыз Кытай абактарында зулумдук чегип келет. Анткени, кудайсыз кытай өкмөтү намаз окууну, орозо кармоону, эркектердин сакалы менен аялдардын хижабын да терроризм жана экстремизмдин белгиси деп эсептейт. Кыргыз өкмөтү менен боло турган кызматташтыкта да, ошол исламий баалуулуктар жайылышынын алдын алууну о.э. Кытайга каршы маанай жаратууда негизги орунду ээлеген исламий жамааттар менен активдүү мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылары анык. Булар экстремизм жана сепаратизм шылтоолору астында алып барылат.

Демек, бул текшерүү жана мечиттерге видео көзөмөл орнотуунун негизги максаты диний чөйрөдө көзөмөлдү күчөтүү. Ал эми, санитария, өрт коопсуздугу, уурулук сыяктуу нерселер болгону шылтоо гана. Бийлик ээлери бул долбоорлор аркылуу кытайлыктардын биздеги маалыматтарды алып чыгып кетишине жол ачып берүүдө. Бул болсо, учурунда Кытайдын баскынчылык саясатына кызмат кылат. Кытай бул долбоорлор аркылуу бүгүнкү Шинжаңдагы репрессиялык саясатын эртең Кыргызстанда да улантууну көздөшү талашсыз.

Кыргыз өкмөтүнүн Россия чеңгелинен кутулуу жолунда Кытай тарапка жүздөнүшү бул “жамгырдан качып, добулга тутулуу” сыяктуу иш болуп эсептелет. Бул нерсе мамлекеттин келечеги жана мусулман калктын  ыйман-ишеними үчүн олуттуу коркунуч. Бирок, расмий өкмөт Кытай бере турган грант жана карыздардын акысына кытайлык компанияларга мамлекеттин эшиктерин кеңири ачып берүүдө.

Ички саясаттан алганда, учурдагы бийлик оппозиция жетекчилеринин айрымдарын камакка алып, айрымдарына кызмат берип, айрымдары менен соодалашып алган соң, Исламга каршы күрөшкө кезек келди деп жаткандай. Буга диний баалуулуктар көп жайылган аймактардагы мечит, медреселердин жабылышы далалат кылып турат. Андыктан, кыргыз өкмөтүнө кайрылаарыбыз, айт намаздарда элге көрүнүп коюп, артынан кайра мечиттерди жабуу, көзөмөлдү күчөтүү менен мунафыктык белгиңерди көрсөтүп жатасыңарбы?! Алладан корккула жана Исламга жүздөнгүлө! Негизи силердин милдетиңер мечит, медреселерди жабуу эмес. Тескерисинче, мечиттерди куруп, ал жайларда шарт түзүү эле! Медреселерди ачып, мусулман жаштарына өз диндерин үйрөтүү эле! А бирок, өкүнүчтүүсү, силер Алланын алдындагы азиздикти эмес, колонизаторлорго малайлык кылуу менен кордукту тандап жатасыңар!

        Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here