بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Cуроо-жооп
Литвада болуп өткөн НАТО саммити жана анын натыйжалары
Суроо:
Түндүк Атлантика Келишими Уюмуна (НАТО) мүчө мамлекеттер Россия чегарасында жайгашкан Балтика деңизинин жээгиндеги мамлекеттердин бири Литвада 2023-жылы 12-июль күнү саммит өткөрдү. Суроо: бул саммит эмнелерге алып келди? Украинанын НАТОго мүчө болуу талабы эмне үчүн четке кагылды? Украина согушу кайда алып барат?
Жооп:
Бул суроолордун жообу ачык-айкын болушу үчүн ушуларды карап чыгабыз:
1 – НАТОнун корутунду билдирүүсүндө кээ бирлери Украина-Россия согушуна байланыштуу, дагы кээ бирлери башка маселелерге байланыштуу 90га жакын пункт белгиленди. Бул корутунду билдирүү өзгөчө Американын, жалпысынан алганда Батыштын дүйнөдөгү гегемондугуна жана таасирине байланыштуу бардык эл аралык маселелердин толук баяны болду. О.э. анда Россия, Украинадагы согуш, Кытай, Индия жана Тынч океаны региондору жана ал жердеги мамлекеттерге тиешелүү о.э. Европа Союзу, Жакынчы Чыгыш, Иран, Ирак, Иордания жана Африка менен боло турган мамилелерге тиешелүү пункттар белгиленди. Билдирүүдө Батыштын текебердиги, дүйнөлүк өкүмдарлыгы, бүткүл дүйнөгө өз лидерлигин өткөрүп жатканы о.э. башкаларды коркутуп, өз гегемондугун орнотууга урунуп жатканы көрүнүп турат. Муну менен бирге, Америка жетекчилигиндеги Батыш гегемондугун, аныгы, НАТОнун аты менен Америка гегемондугун камсыздоо үчүн пландар иштелип чыккан. Америка НАТОдо чоң ийгиликке жетишкендиктен, туурасы, өз гегемондугун НАТО мамлекеттерине, б.а. Европа Союзунун мамлекеттерине орноткондуктан башы асманга жетүүдө. Ал Финляндия жана Швецияны өз ичине камтыган аймактарга чейин кеңейтүү менен НАТОну бекемдөөгө аракет кылып жатат. Бул, албетте, Эрдаган жетектеген Түркия Финляндия менен Швециянын мүчөлүгүн макулдагандан кийин ишке ашууда. Бул окуялар Франция башчылыгындагы Европанын АКШнын гегемондугунан чыгуу о.э. АКШга итааткөй болуп калган Европа Союзунун кубатын бекемдеген көз карандысыз Европа армиясын куруу аракеттерине катуу сокку болду. Бул нерселер Франция президенти Макрон 2019-жылы ноябрь айында НАТОну «клиникалык жактан өлгөн» деп сүрөттөп, Европаны өзүнүн көз карандысыз армиясын түзүүгө чакыргандан кийин болуп жатат… Бул нерсе Американы ачуулантып, жан үрөп НАТОну күчөтүүгө үндөгөн эле. Андан кийин Украина согушу башталып, Европанын АКШнын канатынан, гегемондугунан жана текебердигинен чыгып кетишин алдын алууда Америка үчүн алтын учур жүзөгө келди.
2 – Украинага келсек, Америка анын НАТОго мүчө болушун азырынча кабыл алган жок. Саммиттин акырында АКШ президенти Байден: «НАТО жетекчилери Украинанын согуштан кийин мүчө болушуна келишип алышты», – деди. (Би-Би-Си, 2023-жыл, 12-июль). Ал эми, АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Элизабет Стикни: «Украинанын НАТОго мүчө болушу учурда мүмкүн эмес. Бул маселе согуш маалында талкууланбайт. Вашингтондун НАТО саммитиндеги үстөм багыты Украинага колдоо көрсөтүүнү улантууну өз ичине алат», – деди. (Скай-Ньюс жана Ал-Жазира, 2023-жыл, 11-июль). НАТО жетекчилери тарабынан макулданган корутунду билдирүүдө мындай делет: «Украинанын келечеги НАТОдо… Украинанын Евроатлантикага кошулушу “мүчөлүк аракет планы” деген талап-шарттан да өтүп кетти…». Билдирүүдө дагы мындай делет: «Союздаштар келишишкенде жана шарттар аткарылганда Украинага НАТОго мүчө болууну сунуштайбыз». (Ал-Жазира нет, 2023-жыл, 11-июль)…
НАТО жетекчилери Украинага НАТОго мүчө болууну сунушташпады же НАТОго мүчө болуу графигин да жарыялашпады. НАТОго мүчө болуу үчүн мамлекеттер аткарууга тийиш “мүчөлүк аракет планы” деп аталган талаптын Украинага кереги жоктугун айтышып, НАТОго кошулушу алдындагы тоскоолдукту алып салышты. Башкача айтканда, Украина согуш бүтөрү менен НАТОго мүчө болот. Ыктымал, кырдаал өзгөрүп, НАТО мамлекеттери Украинаны мүчө кылууга мажбур болушу, туурасы, НАТОдогу токтом ээси болгон Американын позициясы өзгөрүп, Украинанын НАТОго мүчө болгонун жарыя кылышы да мүмкүн. Ошентип, Россия Украинага согуш жарыялоо менен түзгөн бардык эсеп-кысаптары текке кеткен болот.
3 – Американын позициясы Украина президенти Зеленскийди ачуулантты. Ошондуктан, ал корутунду билдирүү менен таанышып чыккандан кийин конференцияга катышуудан мурун Твиттерде мындай деди: «Украинанын НАТОго мүчө болуу мөөнөтүн белгилебөө – болуп көрбөгөндөй акылсыздык. Ачык-айкындуулуктун жоктугу күчсүздүк болуп эсептелет. Анткени, анык бир келишилген убакытты белгилебөө мамлекеттин мүчөлүгү акыбетте соодалашуу каражатына айланышы мүмкүндүгүн түшүндүрөт». Корутунду билдирүүлөр алгач токтом ээси тарабынан даярдалат. Андан кийин саммит жана конференцияларда талкууланып, керектүү өзгөртүүлөр киргизилет же ошондой тастыкталат. Зеленскийдин импульстуу аракеттерине ачууланган АКШ делегациясынын мүчөлөрү аны өзүн басууга, убада кылынган коопсуздук жардамдарын кабыл алууга үндөштү. Ошондон соң, Украина президенти Зеленский тынчтанып: «НАТО Украинанын коопсуздугун камсыздайт, Украина болсо НАТОну дагы да күчтүү кылат», – деп билдирүүсүн өзгөрттү. (Би-Би-Си, 2023-жыл, 12-июль). Белгилүү болгондой, НАТО 2008-жылы келечекте Украинаны НАТОго мүчө кылууга аракет кылуу милдетин жарыялаган. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг: «НАТО союздаштары Украинаны мүчө кылуунун мөөнөтүн белгилебегендиги Украина президенти Зеленскийди тынчсыздандырды», – деди. Бирок, ал «НАТО Украинаны колдоп-кубаттоону улантарын баса белгилеп», «НАТО мүчөлөрү Россияга каршы туруу жана Киевди аскерий жактан колдоп-кубаттоо үчүн кеңири көлөмдүү коргоо планы жөнүндө келишишкенин» билдирди. (Ал-Жазира, 2023-жыл, 11-июль).
Америка Украинаны НАТОго мүчө кылуудан азырынча баш тартты. Себеби, ал түздөн-түз согушка кирүүнү жана ал жерге өз аскерлерин жиберүүнү каалабай жатат. НАТО 1949-жылы 4-апрелда түзүлгөндө Вашингтон документинин 5-пунктунда НАТОнун ар кандай мүчөсүнө жасалган кол салуу бардык мүчөлөргө жасалган кол салуу экени айтылган. Ошентип, Америка орус жана украиндер өлтүрүлүшү үчүн Украинага аскерий жабдык жана курал-жарактарды жөнөтүп, Россияны жеңүүнү, андан кийин Украинаны НАТОго мүчө кылып, АКШ кошуундарын ал жерге алып кирүүнү, андан кийин болсо Россия борбору Москванын жанында өзүнүн аскерий базаларын курууну каалап жатат.
4 – Көптөгөн массалык маалымат каражаттары жарыялаган, кээ бири деталдарын жана пункттарын да кошо жарыялаган бул билдирүүдө «Союздаштар Россия тарабынан болгон кооп-коркунучтарды жоюу үчүн жакындан кызматташууну улантышы, Россия НАТО союздаштарынын коопсуздугу жана Евро-Атлантика регионундагы тынчтык үчүн эң чоң коркунуч экендиги» баса белгиленди. Анын 34-пунктунда мындай делет: «Коопсуздук абалынын түптөн өзгөргөндүгүнө жооп катары, биз альянстын бардык багыттагы кооп-коркунучтарга каршы жамааттык коргоосун күчөтүп жатабыз. 2014-жылдан (Россия Крымды аннексия кылып, Украинанын чыгышында өз таасирин бекемдеген) учурдан бери, айрыкча, «Мадрид-2022» саммитинде биз өз позициябызды бекемдөө жана ыкчам аскерий координациянын жолун белгилөө боюнча чечимдерди кабыл алдык. Бүгүн биз НАТОнун тизгиндөө жана коргоо позициясын бардык тармактарда дагы да бекемдөө боюнча, биринчи линиядагы коргоону бекемдөө жана Альянстын кооп-коркунучка учураган ар кандай союздашын бат күчөтүү жөндөмүн бекемдөө боюнча маанилүү иш-чараларды ишке ашырууга келишиштик. Биз бул иш-чараларды толук ишке ашырабыз жана ар кандай ыктымалдуу атаандашты баскынчылык мүмкүнчүлүктөрүнөн кур жалак калтырабыз». 2022-жылы июнь айында Мадридде болуп өткөн НАТО саммитинде НАТОнун жаңы стратегиялык концепциясы жарыяланган. Анда Россия союздаштардын коопсуздугуна эң чоң жана түздөн-түз кооп-коркунуч катары каралган. Ал эми, Кытай андай эсептелбеген болсо да, бирок, Альянстын кызыкчылыктарына жана баалуулуктарына кооп-коркунуч деп каралган. Корутунду билдирүүдө «Россия Украинада болуп жаткан бардык окуяларга о.э. Европа жана дүйнөнүн башка жерлеринде коопсуздук жана тынчтыкка зыян жеткирип жаткан кооп-коркунучка жооптуу» делген. О.э. анда «Россия түрдүү тармактарда сапарбарлыгын жана Балтика деңизи, Кара деңиз жана Ак деңиздеги сапарбарлыгын күчөтүп, түндүк уюлда чоң аскерий таасирин сактап калууда» деп баса белгиленет. Андан кийин Россия «НАТО чегаралары жанында провокациялык иш-аракеттерди жасоодо, Альянстагы мамлекеттерди эскертпестен кеңири көлөмдүү манёврларды өткөрүүдө жана НАТОнун түштүк кошунасы, Жакынчы Чыгыш, Түндүк Африка жана Жээк регионунда кескиндикти курчутууда» деп айыпталды. Муну менен бирге, билдирүүдө «НАТО Россия менен кагылышууга умтулбай жатат», «НАТО Россияга коркунуч салбайт. Бирок, Россиянын душманчыл саясаты жана иш-аракеттери аны биздин шериктешибизге айлантпайт» деген сөздөр келет. (Ал-Жазира, 2023-жыл, 11-июль).
Бул – Россияны чалгытууга, Россияда Батыштын ырайымы жана аны менен мунасага келүү мүмкүндүгү жөнүндө пикир пайда кылууга урунуу. Муну менен Россияны үмүт менен үмүтсүздүк ортосунда абдыратып коюшууда. Т.а. бир тараптан, Россия Украинага аралашып, максаттарына жете албаган жана жетүү кыйын болуп калган соң, мунасага барууну жана Украина туңгуюгунан аброюн сактап чыгып алууну үмүт кылып жаткан болсо, экинчи тараптан, мунасадан үмүтүн үзүп, натыйжалары кепилденбеген Украина баткагында узак убакыт калышы мүмкүндүгүн баамдап жатат… Бул туңгуюк абал жана согуш созулуп жатканда АКШ жетектеген Батыш өз максаттарына жетүү үчүн согушту созууга аракет кылууда. Көрүнүп тургандай, учурда бардык Батыш мамлекеттери, алардын катарында, Япония да Американын көз карашын т.а. Россияны жеңүү жана ал жердеги абалды, айрыкча, саясий жетекчиликти өзгөртүү назариясын кабыл алышкан. Конференция учурунда G7 жетекчилери билдирүү берип, «Канча узакка созулбасын, Россиянын кол салуусунан өзүн коргоп жаткан Украинаны колдоп-кубаттоолорун» билдиришти. (Би-Би-Си, 2023-жыл, 12-июль).
5 – НАТО мүчөлөрү өздөрүнүн ядролук мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап, 44-пунктта белгиленгендей, аларды өнүктүрүү үстүндө иштөөнү баса белгилешти. «НАТОнун стратегиялык ядролук күчтөрү, айрыкча, АКШнын ядролук күчтөрү – коопсуздукту камсыздоо жана кол салууну алдын алуу кепилдиги. Союз ядролук басаңдатуу жөндөмүнүн ишенимдүүлүгүн жана майнаптуулугун камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Бул ийкемдүүлүктү жана эл аралык өзгөрүүлөргө ылайыкташууну күчөтүү үчүн Альянстын ядролук кубатын модернизация кылууну улантууну да өз ичине алат». О.э. саммиттин катышуучулары Украина согушунда Россия ядролук куралынан пайдаланган учурда буга карата тызымын коркутууларды билдиришип: «Альянска каршы ар кандай ядролук куралды пайдалануу (Украинадагы) жаңжалдын маңызын түп-тамырынан өзгөртөт», – дешти. НАТО мамлекеттери акыркы жолугушууда билдирүүнүн 28-пунктунда «технологиялык үстөмдүктү сактап калуу жана НАТО күчтөрүн модернизациялоону жана реформалоону улантуу максатында ички дүң продукциянын кеминде 2 пайызын аскерий каражаттарга сарптоону» баса белгилешти. Бул болсо жаңы куралдануу жарышы башталганын түшүндүрөт. Корутунду билдирүүнүн пункттарында НАТО мамлекеттери «Жамааттык коргонуунун жаңы доору үчүн НАТОну модернизациялоо үстүндө иштөө керектигин» айтышты. О.э. «ар кандай кол салуучуну жеңүү, Альянстагы мамлекеттер аркылуу жерде, абада жана деңизде союздаштардын бардык жерин коргоо жаатында бекемдиги жана милдеттери тилектеш» экени айтылды.
Өзүнүн ядролук потенциалын өнүктүрүү үстүндө иштеп жаткан АКШ башчылыгындагы Батыш ядролук куралдан пайдалануу жана бардык тармакта аскерий мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү менен коркутууда. Ошол эле учурда, ядролук куралга ээ болууга, же өнүктүрүүгө, же өзүнүн аскерий кубатын өнүктүрүүгө умтулуп жаткан ар кандай мамлекетке согуш ачууда. Билдирүүнүн 56, 57 жана 84-пункттарында айтылгандай, алар Иран жана Түндүк Кореянын ракета потенциалын өнүктүрүү жаатындагы тажрыйбаларын каралашты.
6 – Кытайга келсек, ал жөнүндө 6, 23, 24, 25 жана 55-пункттарда айтылган. Алар «Кытайдын амбициялары жана ачыктан-ачык зомбулук саясаты алардын кызыкчылыктарына, коопсуздугуна жана баалуулуктарына кооп-коркунуч» деп каралашты… О.э. «Кытайды өз стратегиясы, ниеттери жана аскерий сапарбалыгы туурасында ачык-айкын эмес» деп билдиришти. Алар эсептешинче, Кытайдын «гибрид жана зыяндуу кибер операциялары, карама-каршы риторика жана дезинформациялары НАТО мамлекеттерин бутага алып, анын коопсуздугуна зыян жеткирүүдө». «Кытай стратегиялык көз карандылыкты жаратуу жана өз таасирин күчөтүү үчүн өзүнүн экономикалык таасиринен пайдаланууда о.э. принциптерге негизделген эл аралык тартипти, космос, кибер жана деңиз тармактарында бузууга умтулуп жатат. О.э. негизги технологиялык жана өнөр жай тармактарын, маанилүү инфраструктуларды, стратегиялык материалдарды жана камсыздоо чынжырларын көзөмөлдөөгө урунууда». О.э. алар Кытайды «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү катары конструктивдүү роль ойноого, Россиянын Украинага каршы согушун каралоого, Россиянын согуштук аракеттерин эч бир көрүнүштө колдоп-кубаттабоого о.э. Россиянын Украинага каршы согушта Украина жана НАТОну айыптаган жалган жомокторду көбүртүүнү токтотууга» чакырышты. Ошол эле учурда, «Кытай менен конструктивдүү кызматташтыктын тарапкери экендиктерин, стратегиялык кызыкчылыктарды коргоо максатында өз ара ачык-айкындуулукту жактоолорун» дагы бир ирет баса белгилешти. Алар алардын кызыкчылыктарына жана дүйнөлүк гегемондугуна т.а. Америка башчылыгындагы Батыштын дүйнөдөгү гегемондугуна коркунуч салган Кытайдын амбицияларын каралашкан болсо да, бирок, аны Батыш жана НАТО үчүн коркунуч деп жарыялашкан жок. Болгону анын аскерий стратегиясы жана ниеттери ачык-айкын эместигин айтышты. Биз 2023-жылы 3-июнда жарыялаган «Блинкендин Кытайга сапары» деген суроо-жоопто бул маселеге токтолуп, мындай дегенбиз: «Блинкендин сапарында ишке ашпай калган маанилүү максаттардын бири – Кытай менен Америка аскерлеринин ортосунда байланыш каналын ачууну каалаган Американын тыңчылык каалоосу! Кытай муну түшүнгөндөй, ошондуктан, ал каналдарды жандантууну таптакыр четке какты». 85-пунктта айтылгандай, алар регионалдык компанияларга этибар берип, «Индия-Тынч океаны регионундагы Кытай кооп-коркунучтары» жөнүндө айтышты. Алар «ал жердеги өзгөрүүлөр Европа жана Атлантика коопсуздугуна түздөн-түз таасир кылышы мүмкүн» деп эсептеп, «Япония, Австралия, Жаңы Зеландия жана Түштүк Кореядан турган шериктештердин катышуусун о.э. Алянс менен сүйлөшүү жана кызматташтыкты бекемдөө жолундагы аракеттерин алкышташты. Демек, Америка Кытайга бардык түрдөгү басымдарды өткөрүүгө аракет кылып, НАТОдон бул басымдарды күчөтүүдө пайдаланууда.
7 – Билдирүүнүн 82, 83-беренелеринде Батыштын Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы өкүмдарлыгы жөнүндө мындай делген: «Жакынчы Чыгыш жана Африка стратегиялык мааниге ээ региондор болуп, биз Жер ортолук деңизи сүйлөшүүсү жана Стамбул кызматташтык демилгесиндеги эски шериктештерибиз менен саясий аракетибизди, дүйнөлүк дипломатиядагы алакаларыбызды тереңдетебиз. О.э. тиешелү регионалдык уюмдар, Африка Союзу жана Фарс булуңу кызматташтык кеңеши менен мамилелерибизди күчөтөбүз. Альянс Ирак, Иордания, Мавритания жана Тунис үчүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү пакеттерин кабыл алууда о.э. Амманда НАТОнун байланыш кеңсесин ачуу мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүү үчүн Иордания өкмөтү менен мамиле орнотот». Негизги этибар «Иракты колдоп-кубаттоо жана турукташтыруу, Мамлекет уюмуна каршы күрөшүүгө каратылып мындай делет: «Ирак өкмөтүнүн суранычына ылайык, Биз Ирак ички иштер министрлигине федералдык полиция боюнча кеңештерди берүү үчүн НАТОнун Ирактагы миссиясын кеңейтүүнү карап жатабыз».
Т.а. НАТО бул регионду толук Батыштын таасириндеги регион деп эсептейт. Америка бул региондо өз таасирин бекемдөөгө аракет кылат. Кошмо Штаттар Жакынкы Чыгыш жана Африка регионунда союздун кызыкчылыктары үчүн аракет кылып жатканын айтып, НАТОну ишендирүүгө аракет кылууда. Негизи, бул эки регион НАТО мамлекеттери ортосунда, өзгөчө, АКШ, Британия жана Франция ортосунда таасир орнотуу күрөшүнө сахна болуп келүүдө.
8 – «Хизб-ут-Тахрирдин саясий түшүнүктөрү» деген китебибизде баса белгилегенибиздей, блок-лагерлерлер идеясы дүйнө үчүн эң кооптуу идеялардын бири болуп эсептелет. Бул, тарыхта дүйнөлүк согуштар менен бирге Афганистан, Ирак жана Ливиядагы баскынчылыктарга себеп болгон. НАТОго атаандаш болгон жана Батышка коркунуч салган Варшава келишими бүткөн соң, НАТО да таратылышы керек эле. Бирок, Америка Батыш мамлекеттери, өзгөчө, Европа Союзу үстүндөгү гегемондугун сактап калуу, башка мамлекеттерге каршы пайдалануу максатында НАТОнун улануусун каалады. Ушул себептен улам, бул союз тарыхта мындай көлөм жана кубаттагы блокту көрбөгөн адамзаттын тагдыры үчүн эң кооптуу блок болуп эсептелет. НАТО массалык кыргын куралдарына о.э. өнөр жай жана технологиялык мүмкүнчүлүктөргө ээ мамлекеттерди өз ичине алып, ага Японияда ядролук куралдан пайдаланган, эң чоң жана эң кооптуу колонизатор мамлекет болгон Америка жетекчилик кылууда. Америка дүйнөдө кырсыктуу согуштардын коркунучун күчөтүү, бардык жерде өз таасирин жаюу о.э. дүйнөнүн бардык мамлекеттери үстүнөн өз гегемондугун орнотуу үчүн ушул блокту кеңейтүү жана бекемдөөнү талап кылып жатат. НАТОну күчөтүү жана кеңейтүү үчүн жасалган аракеттер адамзатка каршы кылмыш болуп, кырсыктуу баскынчылык согуштарын келтирип чыгарат. Ага мүчө мамлекеттер да – алардын артында колдоп-кубаттай турган көптөгөн мамлекеттер тургандыктан – башкаларга чабуул кылууга батынышат. Муну менен адамдык жана материалдык жоготуулар бир нече эсеге көбөйөт. Бул проблемалардын блоктор жана НАТО идеясына каршы күрөшүүдөн башка чечими жок. НАТОнун болушун эч бир нерсе менен актап болбойт. Себеби, ал – кол салуучу блок. Блоктор жана НАТО идеясына каршы дүйнөлүк коомдук пикирди жүзөгө келтирүү аркылуу күрөшүү мүмкүн. Демек, бүткүл дүйнө аны бул абалдан куткара турган мамлекетке муктаж болуп турат. Адамзат үчүн ниъмат, бүткүл дүйнөгө рахмат болгон бул вазыйпаны Исламий Халифалык мамлекетинен башкасы ишке ашыра албайт.
﴿وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِّـلْعَالَمِينَ﴾
«(Эй Мухаммад), чындыгында Биз сени бардык ааламдарга рахмат кылып жибердик» [21:107]
30-зулхижжа, 1444-х.
18-июль, 2023-м.